БУУнун Туруктуу координаторунун кеңсеси

Туруктуу Координатордун (ТК) институту өнүктүрүү максатында операционалдык ишмердик менен алектенген БУУ системасынын бардык уюмдарын, алардын өлкөдө формалдуу түрдө болушунан көз карандысыз камтыйт. ТК системасынын максаты - өлкө деңгээлинде операционалдык ишмердиктин натыйжалуугун жана жыйынтык берүүсүн жогорулатуу максатында Бириккен Улуттар Уюмунун түрдүү мекемелерин бириктирүү. 

Туруктуу Координаторлор дүйнөдөгү 130дан ашуун өлкөдө БУУ системасынын өлкө командаларын жетектейт жана БУУнун Башкы катчысынын өкүлдөрү болуп саналышат. Өкмөттөр менен тыгыз байланышта иштеп жана БУУнун бүтүндөй системасынын колдоосуна таянуу менен, Туруктуу Координаторлор жана өлкө командалары Бириккен Улуттар Уюмунун системасынын кызыкчылыктарын жана мандаттарын илгерлетет.

Өнүктүрүү тармагында ишмердикти координациялоо улуттук пландарды жана артыкчылыктарды стратегиялык түрдө колдоого өбөлгө түзөт, БУУнун ишмердигинин эффективдүүлүгүн арттырат жана өкмөттөр үчүн операциялык чыгымдарды төмөндөтөт. Бул БУУга өкмөттөр үчүн салыштырмалуу актуалдуу жана ишенимрдүү өнөктөш болууга жардам берет.

Кыргыз Республикасында БУУнун Туруктуу Координатору 

Озонниа Ожиело - БУУнун Кыргыз Республикасындагы системасынын Туруктуу координатору. 

Озонниа Ожиело 2018-жылдын 8-январында БУУнун Кыргыз Республикасындагы системасынын Туруктуу координаторунун милдеттерин аткарууга киришкен. Ички эрежелерге ылайык, Туруктуу координатор жок болгон учурда БУУнун өлкө командасынын башка мүчөсү убактылуу Туруктуу координатордун милдетин аткарат.

Нигериянын жараны Озонниа Ожиело БУУнун Өнүктүрүү программасында 2004-жылдан баштап иштей баштаган. Кыргыз Республикасындагы БУУнун Өнүктүрүү программасында иштегенге чейин, 2014-жылдан 2017-жылга чейин Озонниа Ожиело Африка, Аддис-Абебада башкаруу жана тынчтыкты куруу боюнча Аймактык директор болгон.

2011-2014-жж. ал БУУнун Өнүктүрүү программасынын Нью-Йорктогу кризистердин алдын алуу жана калыбына келтирүү боюнча Бюросунда чыр-чатактын алдын-алуу жана калыбына келтирүү боюнча Координатор болгон. Мурун БУУнун гуманитардык маселелер боюнча Туруктуу координаторунун/Координаторунун тынчтык жана өнүктүрүү боюнча Ага кеңешчиси; Кенияда БУУнун Өнүктүрүү программасынын тынчтык куруу боюнча программасынын жетекчиси (2008-2011-ж.); БУУ системасынын Туруктуу координаторунун башкаруу маселелери боюнча Ага кеңешчиси/ Ганада БУУнун Өнүктүрүү программасынын башкармалыгынын жетекчиси (2004-2008-жж.) болгон. 

2002-жылдан 2004-жылга чейин Сьерра-Леондо чындыкты аныктоо жана келиштирүү боюнча Комиссияда операциялык жетекчи жана кеңсенин жетекчисинин милдетин аткаруучу болгон.

Озонниа Ожиело Анамбранын Илим жана технология мамлекеттик университетинин (Нигерия) укук боюнча бакалавр даражасына, Нигерия Университетинин тарых боюнча магистр даражасына, Париж менеджмент боюнча жогорку мектебинде стратегиялык башкаруу жана долбоорлорду башкаруу тармагында магистр даражасына ээ. Ал ошондой эле Ибадан Университетинде (Нигерия) тынчтыкты жана чыр-чатактарды изилдөө тармагында илимдин доктору даражасына ээ.

БУУнун Туруктуу координаторунун кеңсеси

Mr. Ozonnia Ojielo

Mr. Ozonnia Ojielo

Resident Coordinator