Биздин Кыргыз Республикасындагы команда

Озонниа Ожиело

Озонниа Ожиело

БУУ
БУУнун Кыргыз Республикасындагы системасынын Туруктуу координатору
"Нигериянын жараны Озонниа Ожиело БУУнун Өнүктүрүү программасында 2004-жылдан баштап иштей баштаган. Кыргыз Республикасындагы БУУнун Өнүктүрүү программасында иштегенге чейин, 2014-жылдан 2017-жылга чейин Ожиело Африка, Аддис-Абебада башкаруу жана тынчтыкты куруу боюнча Аймактык директор болгон.

2011-2014-жж. ал БУУнун Өнүктүрүү программасынын Нью-Йорктогу кризистердин алдын алуу жана калыбына келтирүү боюнча Бюросунда чыр-чатактын алдын-алуу жана калыбына келтирүү боюнча Координатор болгон. Мурун БУУнун гуманитардык маселелер боюнча Туруктуу координаторунун/Координаторунун тынчтык жана өнүктүрүү боюнча Ага кеңешчиси; Кенияда БУУнун Өнүктүрүү программасынын тынчтык куруу боюнча программасынын жетекчиси (2008-2011-ж.); БУУ системасынын Туруктуу координаторунун башкаруу маселелери боюнча Ага кеңешчиси/ Ганада БУУнун Өнүктүрүү программасынын башкармалыгынын жетекчиси (2004-2008-жж.) болгон.

2002-жылдан 2004-жылга чейин Сьерра-Леондо чындыкты аныктоо жана ынтымакташтыруу боюнча Комиссияда операциялык жетекчи жана кеңсенин жетекчисинин милдетин аткаруучу болгон.

2002-жылдан 2002-жылга чейин ал юрист катары иштеген, университетте сабак берген, ошондой эле Нигериядагы «Африкада тынчтыкты колдоо борбору» адвокациясынын жана изилдөө институтунун аткаруучу директору болгон.

Озонниа Ожиело Анамбранын Илим жана технология мамлекеттик университетинин (Нигерия) укук боюнча бакалавр даражасына, Нигерия Университетинин тарых боюнча магистр даражасына, Париж менеджмент боюнча жогорку мектебинде стратегиялык башкаруу жана долбоорлорду башкаруу тармагында магистр даражасына ээ. Ал ошондой эле Ибадан Университетинде (Нигерия) тынчтыкты жана чыр-чатактарды изилдөө тармагында илимдин доктору даражасына ээ.
Аднан Кереши

Аднан Кереши

ФАО
Өкүлчүлүктүн жетекчиси
 
Аднан Кереши - Улуу Британиянын жараны, ал 2018-жылдан тарта ФАОнун штаб-квартирасындагы программаларга жетекчилик кылган.

Кереши ФАОго 1995-жылы Римдеги программалар жана бюджет боюнча адис катары кошулуп, ошол эле учурда ФАОнун Программалык Комитетинин катчы кызматын аркалап келген. 2009-2017-жылдар аралыгында ал Бангкоктогу Азия жана Тынч океан регионалдык уюмунун Азия-Тынч океан регионунун башкы администратор кызматын ээлеген. Кийинки жылы Куреши ФАОнун Монголиядагы Өкүлүнүн милдетин аткаруучу болуп иштеп, ал өзүнүн кеңсе ишин өркүндөтүп, алдыдагы ишине баалуу салым кошо турган тажрыйбанын. Аталган милдеттерден тышкары, ал ФАО түзүмдөрүнүн өлкө, регионалдык жана глобалдык деңгээлдеги башкаруу органдарынын жигердүү координатору болгон.

БУУга орношууга чейин Кереши жеке компанияларында жана финансы институттарында дээрлик 10 жыл аралыгында эмгектенип, аудит жана каржы жаатында чоң кесипкөй тажрыйбага ээ болгон. Ал бизнес жана экономика боюнча бакалавр (Түндүк Лондон Университети) жана бизнес башкаруу боюнча магистринин даражаларына ээ болгон (Дарем университетинин бизнес-мектеби). Ал Чартердик бухгалтердик эсеп жана Чартердик маркетинг институттарынын мүчөсү болгон. Курешинин эне тили - англис тили болуп саналат, ал ошондой эле французча сүйлөйт.
Азамат Баялинов

Азамат Баялинов

ЮНФПА
Өкүлчүлүктүн жетекчиси
Азамат Баялинов 2020-жылы БУУнун Калкты жайгаштыруу фондунун кеңсесинин башчысы болуп дайындалат. БУУга келгенге чейин Азамат Баялинов Кыргызстандагы Кызыл Жарым Ай коомунун президенти болуп иштеген. 1998-жылдан тарта ыктыярчылык, менеджмент жана гуманитардык жардам жана өнүктүрүү боюнча жетекчилик кызматтарды аркалаган. 2008-жылдан баштап Азамат БУУнун Калкты жайгаштыруу фондунун командасына кошулду жана уюмдун миссиясына өз салымын кошуп келет.
Айдай Курманова

Айдай Курманова

БУУ Айлана-чөйрө
Борбордук Азия боюнча субрегионалдык кеңсенин башчысы
 
Айдай Курманова 2019-жылдын 2-февралында Борбор Азиядагы Алматыдагы кеңсесинин башчысы болуп дайындалды. Анын туруктуу өнүгүү жаатында 21 жылдык тажрыйбасы бар. ЮНЕПке киргенге чейин, беш жыл бою Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы болуп иштеген. Анын негизги адистиги туруктуу экономикалык өнүгүү боюнча саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу болуп саналат. Жашыл экономика, электрондук башкаруу, чакан жана орто ишкердик боюнча стратегиялык документтерди иштеп чыккан.

Айдай Курманова Кыргыз Республикасында туруктуу өнүгүү максаттарын улутташтыруу процессин жетектеген. Кыргыз Республикасынын парламенти менен ишкердик чөйрөсүн жакшыртуу жаатында олуттуу практикалык иш тажрыйбасы бар жана экономикалык өсүш жөнүндө мыйзам долбоорлорун илгерилеткен. Япониянын Эл аралык университетинин Өнүгүү экономикасы жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу Академиясынын Мамлекеттик башкаруу боюнча магистр даражасына ээ.
Андреа Баньоли

Андреа Баньоли

ДАТП
Өкүлчүлүктүн жетекчиси
 
Андреа Баньоли өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча Мозамбик, Гаити, Зимбабве, Тажикстан жана БУУ ДАТПтын башкы бюросунан алган бай тажрыйбасы бар. Ал азык-түлүк программасынын өзгөчө кырдаалдарга даярдык жана пландаштыруу бөлүмүнүн башчысы, Гаитиде суб-офистин башчысы жана Мозамбикте программанын адиси болуп иштеген жана Тажикстандын директорунун орунбасары тажрыйбасы аркылуу Борбордук Азия региону менен тааныш.
Бермет Молдобаева

Бермет Молдобаева

МЭАУ
Өкүлчүлүктүн жетекчиси
 
Бермет Молдобаева Миграция боюнча эл аралык уюмда (МЭУ) эмгек жолун 2001-жылы консультант катары баштаган жана эмгек жолун МЭУда андан ары улаган. 2002-жылдан баштап ал Кыргыз Республикасындагы МЭУнун кеңсесинин башчысынын милдетин аткарат, ал эми 2010-жылдан баштап кошумча Борбор Азиядагы адамдарды сатууга каршы күрөшүү программасы боюнча аймактын координатордун милдетин аткарат.
Криста Пиккат

Криста Пиккат

ЮНЕСКО
Өкүлчүлүктүн жетекчиси
 
2012-жылдан 2017-жылга чейин Криста Пиккат Ташкенттеги ЮНЕСКО Бюросунун башчысы жана ЮНЕСКОнун Өзбекстандагы өкүлү болгон. 2017-жылдын апрель айынан баштап ЮНЕСКОнун Алматыдагы Бюросунун директору жана ЮНЕСКОнун Казакстандагы, Кыргызстандагы жана Тажикстандагы өкүлү болуп саналат. Криста Пиккат англис тили жана адабияты боюнча магистр даражасына жана өнүктүрүүнү башкаруу боюнча магистр даражасына ээ.
Кристин Жольм

Кристин Жольм

ЮНИСЕФ
Өкүлчүлүктүн жетекчиси
Кыргызстандагы ЮНИСЕФке келгенге чейин Кристин Жольм ЮНИСЕФте 18 жылдык иш тажрыйбасына ээ болгон. Ал ошондой эле Бангладеште, Нигерияда жана Чадда кызмат өтөгөн. Кристин Жольм Франциянын жараны. Ал эми анын кесиптик ишмердиги коммуникация менен байланыштуу.
Луиз Чемберлен

Луиз Чемберлен

БУУӨП
Өкүлчүлүктүн жетекчиси
Луиз Чемберлен Кыргыз Республикасындагы БУУнун Өнүктүрүү программасына 2019-жылдын май айында кошулган. Ал өзүнүн эмгек жолун 1994-жылы Инвестиция боюнча кеңешчи катары баштаган жана 1999-жылга чейин Стокгольмдо Newsec AB (JSC) компаниясында иштеген. 1999-жылы ал Палестинада долбоорлорду баалоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча ассистент катары иштеген. Ал эми 2000-жылы мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча адис катры Дүйнөлүк банкта иштеген.

2003-2008-жж. Луиза Чемберлен Коломбо, Шри-Ланкадагы БУУнун Өнүктүрүү программасынын бөлүмүндө (2003-ж. август айы жана 2005-ж.август айы) жана Найроби, Сомалидеги БУУнун Өнүктүрүү программасынын бөлүмүндө (2006-ж. март айы – 2008-ж. июль айы) өкүл-резиденттин жардамчысы катары иштеген. 2008-жылдан 2012-жылга чейин Луиза Чемберлен Танзанияда өлкө директорунун орун басары (программалар боюнча) болуп иштеген жана Танзаниядагы Дар-эс-Саламда БУУнун Өнүктүрүү программасынын бөлүмүнүн ишмердигин координациялаган.

2012-жылдан 2018-жылга чейин Луиза Чемберлен Вьетнамдагы Ха Ной шаарында (2012-ж. август айы – 2017-ж. июль айы) БУУнун Өнүктүрүү программасынын бөлүмүндө жана Эфиопияда Аддис-Абеба шаарында (2017-ж. июль айы – 2018-ж. ноябрь айы) БУУнун Өнүктүрүү программасынын бөлүмүндө өлкө директору катары иштеген. 2018-жылдын декабрь айынан 2019-жылдын май айына чейин Луиза Чемберлен Эфиопияда өкүл-резиденттин милдеттерин аткаруучу болуп иштеген жана Эфиопиядагы БУУнун Өнүктүрүү программасынын ишмердигин координациялаган. Луиза Чемберлен Швециядагы Стокгольм экономика мектебинин табигый илимдер боюнча (бизнес жана экономика) магистр даражасына ээ.
Марат Усупов

Марат Усупов

ЮНИДО
Өкүлчүлүктүн жетекчиси
 
Марат Усупов БУУнун Өнөр-жайды өнүктүрүү боюнча уюмунда 2009-жылдын январь айынан тарта Кыргыз Республикасындагы БУУнун Өнөр-жайды өнүктүрүү боюнча уюмунун Бюросунун жетекчиси катары иштей баштаган. 2018-жылдан баштап Өлкө өкүлү болуп саналат.

БУУнун Өнөр-жайды өнүктүрүү боюнча уюмуна келгенге чейин, 1981-жылдан 2009-жылга чейин М. Усупов Кыргыз ССРдин ТИМ, СССРдин ТИМ жана Кыргыз Республикасынын ТИМ системаларында иштеген. Борбордук аппаратта жана анын чет өлкөдөгү мекемелеринде, анын ичинде Йеменде, АКШда, БУУда жетекчилик кызматтарды аркалаган. Министрдин кеңешчиси, БУУ жана жана эл аралык коопсуздугунун Башкы башкармалыгынын башчысы, КР ТИМ Коллегиясынын мүчөсү катары БУУ менен кызматташуу тармагында тышкы саясаттын стратегиялык багыттарын координациялоо, мониторинг кылуу жана иштеп чыгуу үчүн жооп берген, бир катар БУУнун Башкы Ассамблеясынын иштерине катышкан. Анын активдүү катышуусу менен Кыргызстан бир катар эл арадык демилгелерди ийгиликтүү өткөрдү: Эл аралык тоолор жылы, Борбордук Азияда Ядролук куралы жок аймакты түзүү, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын өткөрүү ж.б.

1993-1995-жж. жеке сектордо КМШда Компаниялардын Тобунун кызыкчылыктарына өкүлчүлүк кылып, бизнести өнүктүрүү боюнча менеджер катары иштеген (Москва жана Алмата).

Атайын жана Ыйгарым укуктуу өкүлдүн дипломатиялык даражасына ээ. Кыргыз мамлекеттик университетинин филологиялык (1978-ж.) жана юридикалык факультетин (2003-ж.), ошондой эле СССРдин ТИМ Дипломатиялык Академиясын (1989) аяктаган.
Мээрим Сарыбаева

Мээрим Сарыбаева

ЮНЭЙДС
Өкүлчүлүктүн жетекчиси
Мээрим Сарыбаева 2014-жылы БУУнун ВИЧ/СПИД боюнча бириккен программасынын өлкө директору катары милдетин аткарууга киришти. БУУнун ВИЧ/СПИД боюнча бириккен программасына келгенге чейин БУУнун Өнүктүрүү программасынын социалдык өнүктүрүү боюнча кластеринде иштеген жана ВИЧтин алдын алуу маселелерин тескеген. 2002-жылдан 2010-жылга чейин Мээрим Сарыбаева БУУнун Өнүктүрүү программасынын ВИЧ/СПИД боюнча программасында иштеген жана адам укуктары жана мыйзам чыгаруу тармагында ишмердигин координациялаган.
ДССУнун өкүлү жана Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы

Назира Артыкова

ДССУ
Өкүлчүлүктүн жетекчиси
Д-р Назира Артыкова 11-февралда 2019-жылы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) өкүлү жана Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы болуп дайындалган. 2016-жылдын июнь айынан тартып, Назира Европа аймагына (ЕАБ) кирген Албания өлкөсүндө Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлү жана башчысы болгон. 2009-2015 жылдар аралыгында Түштүк-Чыгыш Азия аймагына кирген Түндүк Корея өлкөсүндө эненин жана баланын ден соолугун коргоо жана саламаттыгын сактоо боюнча кластердик координатору жана техникалык кызматкер болуп эмгектенген. 2015-жылы, Назира ДССУнун Түштүк-Чыгыш Азияга караштуу регионалдык бөлүмүндө жыныстык, тукум улоо, эне жана неонаталдык ден соолугун коргоо боюнча аймактык өкүлү болуп дайындалган. Назира Тажикстандагы ДССУ өкүлчүлүгүнүн башчысы катары 1997-жылы кошулган, ошондой эле ДССУнун өкүлүнүн орун басары катары болуп 2005-2008-жылдар аралыгында иштеген.
Ришард Коменда

Ришард Коменда

БУУ АУЖКБ
Өкүлчүлүктүн жетекчиси
Ришард Коменда мырза АУЖК БААБдын Аймактык өкүлү болуп 2016-жылдын май айынан тартып иштейт. Бул кызматка ал БУУнун Россия Федерациясында адам укуктары боюнча Улук Кеңешчиси катары өз ишин аяктагандан кийин шайланган.
Коменда адам укуктары боюнча адвокат, ал эл аралык адам укуктары боюнча магистрлик илимий даражага (Оттава университети, Канада) жана укук таануу боюнча магистрлик илимий даражасына (Гданьск университети, Польша) ээ. Акыркы жыйырма жылда Комеда мырза адам укуктары, адамдын коопсуздугу, о.э. гендердик теңдештик маселелерин алдыга жылдыруу менен алектенип келет. Анын адистиги адам укуктарын эл аралык коргоо, эл аралык өнүгүү, тынчтык жана коомсуздук маселелерин, гендердик жана тынчтыкты куруу маселелерин өзүнө камтыйт.
Ал Канаданын Кызыл Крест коому, БУУнун Аялдардын кызыкчылыгы үчүн өнүктүрүү фонду (ЮНИФЕМ), Канаданын Тышкы иштер федералдык департаменти, Балтика деңизинин мамлекеттер кеңеши, БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы (АУЖК) жана Тынчтыкты колдоо боюнча операциялар департамени (ТКОД) сыяктуу уюмдарда эмгектенген. Ошону менен катар, 2007-жылдын ноябрынан тартып Ришард Коменда мырза Абхазияда, Грузия Адам укуктары боюнча бюрону (БУУБГМ) жетектеген жана бул кызматта 2009-жылы уюмдун кеңсеси жабылганга чейин иштеген. Коменда 1957жылы Польшада төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, Соня жана Александр атуу эки баланын атасы.
Самир Беджауи

Самир Беджауи

Айыл чарба өнүктүрүү боюнча эл аралык фонддун өлкө директору (Кыргыз Республикасы жана Молдова Республикасы) Жакынкы Чыгыш, Түндүк Африка жана Европа бөлүмү
 
Самир Беджауи – Кыргыз Республикасындагы жана Молдова Республикасындагы Айыл-чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун аймактык директору. 2010-жылдан баштап Самир Беджауи туруксуз, чыр-чатактар орун алган жана кирешеси ортодон төмөн болгон өлкөлөрдө долбоорлорду башкаруу менен алектенген. Ал мамлекеттик сатып алуулар, өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын өнүктүрүү жана фермердик уюмдарга колдоо көрсөтүү чөйрөсүндө чоң тажрыйбага ээ.
Улзийсурен Жамсран

Улзийсурен Жамсран

БУУнун Аялдар түзүмү
Өкүлчүлүктүн жетекчиси
Улзийсурен Жамсран БУУнун Өнүктүрүү программасы, ЮНИФЕМ жана БУУ-Аялдар үчүн Молдовадагы, Украинадагы, Кыргызстандагы жана Казакстандагы гендердик жана аял маселелери боюнча эл аралык өнүктүрүү, стратегиялык жана башкаруу лидерлиги тармагында 20 жылдык кесиптик тажрыйбага ээ. Улзисурен Джамсран Молдовада жана Палестинада БУУ-Аялдардын Өкүлү болуп иштеген.
Ханс Фридрих Шоддер

Ханс Фридрих Шоддер

БУУ КЖКБ
Өкүлчүлүктүн жетекчиси
 
 
 
Буга чейин Ханс Фридрих Шоддер Сербиядагы БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын өкүлүнүн милдетин аткарган. Ал аралыкта бир жыл Сербиядагы БУУнун Туруктуу координаторунун убактылуу милдетин аткаруучу болуп иштеген. 2012-2015-жж. Шоддер Индиядагы БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын миссиясынын Башчысынын орун басары; Сириядагы кризис учурунда (2014-ж.) БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын өзгөчө абалдар боюнча Ага координатору жана Кыргызстандагы БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын Өкүлү (2008-2012-жж) болуп иштеген.

Шоддер БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгындагы эмгек жолун 1991-жылы Гонконгдо баштаган, андан кийин Вьетнамда түрдүү кызматтык милдеттерди, ОБСЕ менен БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын байланышы боюнча Бюронун тышкы байланыштар Ага кеңешчисинин милдетин, Украинадагы, Судандагы жана Шри-Ланкадагы (2001-2008-жж.) БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын укуктук маселелери боюнча Ага кеңешчисинин милдетин аткарган. Ханс Фридрих Шоддер үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.

“Социалдык антропология жана Вьетнамды таануу” адистиги боюнча SOAS Лондон университетин (Чыгыш жана африканы изилдөөлөр мектеби) артыкчылык менен бүтүргөн.