Пресс-релиз

БУУнун Качкындар боюнча Агенттиги Кыргызстанда балдардын арасында жарансыздыкты кыскартууга жардам берүүдө

19 февраль 2021

Бишкек, Кыргызстан – 19-февралда БУУнун Качкындар боюнча агенттиги (БУУ КЖКБ) жергиликтүү деңгээлде туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү басып чыгаруу үчүн Мамлекеттик каттоо кызматына 40 даана матрица принтерин өткөрүп берди. Бул жардам Даниянын каржылоосу менен ишке ашып, Кыргызстанда туулган бардык балдарды каттоого алууну жакшыртуу аркылуу жарансыздыкты болтурбоо боюнча милдеттенмелерин аткаруу үчүн БУУ КЖКБнын Кыргызстандын өкмөтүнө туруктуу негизде көрсөтүп келе жаткан колдоосунун алкагында көрсөтүлдү.

«2019-жылы жарансыздыктын бардык белгилүү болгон учурларын жоюп, Кыргызстан жарансыздыктан арылуу мумкүн экенин көрсөттү. Жарансыздыктын себептерин жоюш үчүн жана анын кайрадан пайда болушун болтурбоо үчүн туулган ар бир баланы дароо каттоого алуу керек. Балдардын арасында жарансыздыкты болтурбоо – быйыл 60-жылдыгы белгиленип жаткан 1961-жылы кабыл алынган Жарансыздыкты кыскартуу боюнча конвенциянын негизги максаттарынын бири. Биз ошондой эле Кыргызстанга бул конвенция менен бирге 1954-жылкы Апатриддердин статусу жөнүндөгү конвенцияга кошулууга жана аларды аткарууга жардамыбызды сунуштап жатабыз», – деди Ханс Фридрих Шоддер, БУУ КЖКБнын Борбордук Азия боюнча өкүлчүлүгүнүн жетекчиси.

Техникалык жардамды берүү учурунда Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Акын Мамбеталиев берилип жаткан жардамдын маанилүүлүгү менен актуалдуулугун белгиледи. «Ар бир бала документтештирилиш керек. Ар бир жаран каттоого алынышы керек. 1 бала – 1 өмүр – 1 документ», – деди Каттоо кызматынын төрагасы.

Даниянын финансылык колдоосу БУУ КЖКБнын Мамлекеттик каттоо кызматы жана жергиликтүү башкаруу органдары менен Кыргызстандагы жарансыздыкты болтурбоо боюнча кызматташуусун кеңейтүүгө жардам берди. 2020-жылдын декабрында БУУнун Качкындар боюнча агенттиги өнөктөштөрү менен биргеликте Кыргызстандын бардык облустарында Жарандык абалдын актыларын жазуу бөлүмдөрүнүн 185 кызматкери үчүн туулган балдарды каттоо жана балдардын арасында жарансыздыкты болтурбоо маселелери боюнча окутууларды өткөрдү. Жарандык абалдын актыларын катоо жана балдардын арасындагы жарансыздыкты болтурбоо үчүн документтештирүү маселелери боюнча 800 маалымдама басылып чыгып, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жана Мамлекеттик каттоо кызматынын аймактык бөлүмдөрүндө таратылат.

2024-жылга карата жарансыздыкты жоюу боюнча #IBelong глобалдык кампаниясынын алкагында жарансыздыкты жоюу жана болтурбоо маселесинде БУУ КЖКБ Кыргызстан өкмөтү менен тыгыз кызматташууну улантууда.

КОШУМЧА МААЛЫМАТ АЛУУ ҮЧҮН:

Казыбаева Аяна, БУУ КЖКБнын Кыргыз Республикасындагы административдик маселелер боюнча улуттук кеңешчиси: kazybaev@unhcr.org, телефон номуру +996 775 98 73 73.

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУ КЖКБ
Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар