Пресс-релиз

ЮНИСЕФ: COVID-19дун жайылышын болтурбоо үчүн ортодогу аралыкты сактоо зарылдыгын Кыргызстан калкынын 40% гана баамдайт

01 март 2021

БИШКЕК, 2021-жылдын 1-марты – “Кыргызстан калкынын COVID-19га байланыштуу тажрыйбасын жана илдетти кабыл алуусун баалоо” аттуу базалык изилдөө #САКТА Улуттук байланыш өнөктүгүнүн алкагында жүргүзүлдү. COVID-19дун жайылышын алдын алуу максатын көздөгөн бул изилдөөнү жүргүзүү демилгесин былтыр сентябрда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү көтөрүп чыгып, БУУ системасынын жана өнүгүү боюнча башка өнөктөштөрүнүн колдоосу алдында ишке ашырылган.

ЮНИСЕФтин колдоосу менен жүргүзүлгөн бул изилдөө COVID-19га каршы жооп чараларды жакшыртуу үчүн маалыматтарды анализдөөгө багытталган. Изилдөөгө COVID-19 эл ичинде канчалык деңгээлде олуттуу кабыл алынгандыгы; COVID-19ду жуктуруп алуу коркунучунун деңгээли; COVID-19дун жайылуусунун алдын алуу чаралары жөнүндө маалымдуулук; жана COVID-19дун белгилери жөнүндө кабардар болуу даражасы тууралуу анализ камтылган. Изилдөө COVID-19 менен байланышкан, мисалы, тобокелдикти кабылдоо, алдын-алуу чараларын көрүү өңдүү, мамилелерге жана жүрүм-турумдарга аң-сезимдүү же сокур сезим менен таасир этүүчү факторлорду аныктоого багытталган.

Маалыматтар 2020-жылдын ноябрь айында телефон аркылуу сурамжылоо жолу менен чогултулган. Кыргызстандын жети облусунан жана эки негизги шаардан – Бишкектен жана Оштон 1000 адам суралды.

Сурамжылоо калктын COVID-19ду жуктуруп алуунун олуттуулугун бир кыйла жогорку деңгээлде кабылдай турганын көрсөттү. Респонденттердин 72% инфекция жуккан учурда оорунун олуттуулугун оор деп баалашат (31% - орто деңгээлде, 41% - өтө оор). Бирок жаш курагына жараша оорунун олуттуулугун кабыл алуу деңгээлинде бир кыйла айырмачылыктар байкалууда. Илдетти оор деп баалаган 18-29 жаштагы жаштардын үлүшү 65 пайызды түздү, ал эми улуу курактагы топтордо (50 жаш жана андан жогору) бул көрсөткүч 82 пайызга чейин болгон.

Кыргызстанда COVID-19ду жуктуруп алуунун кабыл алынган тобокелдиги тууралуу айтсак, калктын 57% жугуу мүмкүнчүлүгүн жогору деп баалашат. Бул маселеде маанилүү географиялык айырмачылыктар аныкталды: Ош шаарынын калкынын 74% илдетти жуктуруп алышы мүмкүн деп эсептесе, Баткендин калкынын 43% гана ушундай ойдо.

Ошондой эле сурамжылоодо COVID-19 жайылуусунун алдын алуу боюнча көрүлө турган чаралар тууралуу билимде бир кыйла боштуктар болгону аныкталды. 82% колду тез-тез жууп туруу маанилүү коргоочу чара экенин билишет, 77% беткапты тагынуу зарыл экенинен кабардар, 40% гана адамдардын ортосунда аралыкты сактоо керектигин айтышкан. 

“Изилдөө көрсөткөндөй, калктын көпчүлүгү COVID-19 канчалык деңгээлде олуттуу экендигин билишет, бирок бул ошондой эле вирустун жайылышына жол бербөө чаралары жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу зарылдыгын да көрсөтүүдө. Мисалы, көптөгөн адамдар ортодогу аралыкты сактоо зарылдыгын дагы деле баамдай албай жатышат. ЮНИСЕФ калк арасында COVID-19 жөнүндө ишенимдүү маалыматтарды жайылтуу жана коопсуздук чараларын сактоого үндөө максатында #САКТА өнөктүгүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн колдоону мындан ары да улантат”, - деди ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм. 

Оорунун белгилери тууралуу адамдардын маалымдуулугуна токтоло турган болсок, респонденттердин 98% COVID-19 менен байланышкан жок дегенде бир симптомду билишет. Адамдар негизинен дене табынын көтөрүлүшү тууралуу билишет. Бирок элдин жарымы кургак жөтөл жөнүндө билсе, оорунун калган белгилерин билгендердин саны өтө аз. Аймактарга жараша маанилүү айырмачылыктар да келип чыкты. Бишкекте калктын 73% даам жана жыт сезбей калуу өңдүү белгилерди айтса, Таласта бул белгилерди 18% гана билишет.

ЮНИСЕФ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө COVID-19 пандемиясына каршы туруу ишинде мындан ары да колдоо көрсөтө бермекчи. Бул үчүн ЮНИСЕФ илдет менен күрөштө алдыңкы катарда тургандарга өтө зарыл каражаттарды берип, ошондой эле ар бир аялдын, баланын жана үй-бүлөнүн жалпы бакубатчылыгына колдоо көрсөтөт. Мындан тышкары ЮНИСЕФ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн COVID-19га жооп чараларын глобалдык COVAX демилгеси аркылуу да колдойт. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана ВЭКА (Вакциналар жана эмдөө боюнча глобалдык альянс) менен биргеликте ЮНИСЕФ вакциналарды жеткирүү чынжырынын өлчөмүн аныктоочу аспаптын жана вакцинага болгон суроо-талапты түзүү боюнча жумушчу пландын үстүнөн иштеп жатат. Бул иштер COVID-19га каршы алдын-ала квалификацияланган вакциналарды жана чукул пайдалануу үчүн ДССУ жактырган COVID-19 вакциналарын алып, өлкөнүн эмдөөгө даярдыгын камсыз кылат. 

Изилдөөнүн толук версиясын бул жерден окуй аласыз. 

ЮНИСЕФ тууралуу

ЮНИСЕФ ар бир баланын укуктарын жана бакубат турмушун камсыз кылуу максатында иш алып барууда. Өзүнүн өнөктөштөрү менен бирге ЮНИСЕФ 190дон ашык өлкөдө жана аймактарда, өзгөчө камкордукка муктаж балдарга жетүү үчүн өтө алыс жайгашкан, жетүү оңой болбогон райондордо иштейт. ЮНИСЕФ дүйнөнүн булуң-бурчунда жашаган ар бир баланын бакубатчылыгы үчүн иш алып барууда. 

ЮНИСЕФтин иши тууралуу толук маалымат алуу үчүн сайтыбызга баш багыңыз: www.unicef.org/kyrgyzstan

Биздин Facebook жана Twitter тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.

Мавлюда Джапарова

Мавлюда Джапарова

ЮНИСЕФ
Коомчулук менен байланыш боюнча кызматкер

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ЮНИСЕФ
Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду
ДССУ
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар