Пресс-релиз

Бишкекте 10 – мартта “ДООР ӨЗГӨРТКӨН АЯЛ ЛИДЕРЛИГИ” аттуу форум өтөт

05 март 2021

Бишкекте 10 – мартта “ДООР ӨЗГӨРТКӨН АЯЛ ЛИДЕРЛИГИ” аттуу форум өтөт. Иш-чаранын максаты  жаңы чакырыктардын алдында аялдардын лидерлигинин көп түрдүүлүгүн жана Кыргызстандын өнүгүшүндөгү аялдардын кошкон салымын көрсөтүү.

Форум Кыргызстандагы аялдар кыймылынын 95 жылдыгына, 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө арналган глобалдык кампанияга, Аялдардын статусу боюнча Комиссиянын 65-сессиясына жана “Теңдик Мууну” глобалдык жаштар кампаниясына  карата уюштурулууда. 

Аталган форум Кыргызстандагы аялдар менен кыздардын кыйла адилеттүү келечекти калыптандыруу жана COVID-19 пандемиясынан чыгуу боюнча эбегейсиз зор аракеттерин белгилөө үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк берет. 

На форуме выступят представители Правительства, международных организаций, организаций гражданского общества, активисты, представители культуры и бизнес сообщества. Также женщины-лидеры со всех регионов Кыргызстана расскажут о своем опыте во время борьбы с пандемией и после нее. 

Мероприятие будет проходить в комбинированном режиме он-лайн/офф-лайн, объединяющий различных участников из всех регионов страны. Всего будет четыре панельные дискуссии: взаимосвязь между поколениями; выборы и политическое участие женщин; женщины на передовой в борьбе с COVID-19 и советы по лидерству.

Форумда Өкмөттүн, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун мүчөлөрү, активисттер, маданият жана бизнес өкүлдөрү сөз сүйлөшөт.  Ошондой эле Кыргызстандын бардык аймагынан катышкан лидер-айымдар өзүлөрүнүн пандемия убагындагы күрөштөгү жана андан кийинки тажрыйбалары менен бөлүшүшөт. 

Иш-чара бардык региондон катышуучулар менен он-лайн/офф-лайн түрүндө өтөт. Бардыгы болуп төрт панелдик дискуссия өтүлөт: муундар ортосундагы байланыш; шайлоо жана аялдардын саясатка катышуусу; COVID-19 менен күрөшүүдө аялдардын орду жана лидерлик боюнча кеңештер. 

Иш-чара БУУӨПтүн "Кыргызстанда 2020-2021 жылдары шайлоолорго көмөктөшүү" долбоорунун алкагында, Швейцария өлкөсүнүн колдоосу, БУУ аялдар жана Япония Өкмөтүнүн, Европа Биримдигини жана БУУ “Тендик нуру” колдоосу менен өткөрүлүп жатат.

Медиа контакт:

БУУнун Аялдар Бирикмесинин коммуникация боюнча адиси  

Наргиз Кошойбекова

Nargiz.koshoibekova@unwomen.org

 

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУнун Аялдар түзүмү
Бириккен Улуттар Уюмунун гендердик теңчилик жана аялдар укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү түзүмү

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар