Пресс-релиз

Бишкекте Азык-түлүк тутумдары боюнча экинчи улуттук диалог өтүүдө

17 июнь 2021

Бишкекте 2021-жылдын 17-июнунда азык-түлүк системаларын өркүндөтүү маселелерин талкуулоо үчүн Экинчи улуттук диалог атту иш-чарасы өтүүдө. Ага агробизнестин, мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Улуттук диалогдор - бул кызыкдар тараптардын жардамы менен азык-түлүк өндүрүшүндө жаңы ыкмаларды киргизүү, экономикалык, социалдык жана экологиялык технологияларды колдонуу менен Кыргыз Республикасынын бул системада өз ордун табуу үчүн иштелип чыккан аянтча. Жалпы жыйынтыктоочу иш чара ушул жылдын сентябрь айында Нью-Йоркто БУУнун азык-түлүк системалары боюнча саммитинде сунушталат.

_MGL5568

Жалпысынан Кыргызстанда алты улуттук диалог өткөрүлөт, алардын ичинен Ош жана Бишкек шаарларында регионалдык диалогдордо "Кыргыз Республикасынын туруктуу тутумдары: инновациялык чечимдерди, жашыл экономиканы жана климаттын өзгөрүшүнө адаптация киргизүү аркылуу" деген  маселелери талкууланат, ал эми  академиялык негизде - "Кыргыз Республикасында азык-түлүк жана биологиялык коопсуздугу: тышкы таасирлерге жана стресстерге туруктуулукту жогорулатуу көйгөйлөрү жана маселелери” каралат, ошондой эле бизнес жана жаштар ортосунда жана акыркы этабы жогорку деңгээлде диалогдор өтмөкчү.

Иш-чаралар Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин көзөмөл астында БУУнун Кыргыз Республикасындагы колдоосу менен өткөрүлөт.

             Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары, Кыргыз Республикасындагы диалогдордун улуттук координатору Азамат Мукашев: “Улуттук диалогдордун жардамы менен Кыргызстан агроөнөр жай комплексинин негизги аспектилерин баалоо, рыноктун катышуучуларынын идеяларын жана демилгелерин синтездөө ниетинде, жана азык-түлүк системасын өзгөртүү боюнча жалпы позицияны калыптандыруу. Албетте, азык-түлүк системаларынын жеткиликсиздигинен келип чыккан жашыруун жоготуулар өтө чоң чыгашаларга алып келип жана коомдун адилетсиз уюштурулушунун себеби болуп, айлана-чөйрөдө жана экономикада, анын ичинде азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда көптөгөн көйгөйлөрдү жаратат.

_MGL5552

Кыргыз агроөнөр жай комплекси өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга, климаттын өзгөрүшүнө ылайыкташууга жана жаңы технологияларды киргизүүгө көмөктөшүүгө даяр, ал эми мамлекеттен  ачык-айкын иштөөсүн, каржылоого жеткиликтүүлүктү, алдын-ала божомолдонгон эмгек шарттарын жана жеке менчик укугун коргоону күтөт".

Кыргызстанда 2019-2023-жылдарга карата Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу программасы кабыл алынып, анын негизги багыттары болуп калктын азык-түлүктүн жеткиликтүүлүгүн жана азык-түлүк статусун камсыздоо, азык-түлүк коопсуздугун жогорулатуу, программанын натыйжалуу башкаруу, мониторинг жана баалоо тутумун түзүү саналат.

Программаны ишке ашырууда биринчи иш-аракет болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдында Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча Көп тармактуу Платформа түзүлгөн. Бул Платформа мамлекеттик органдарды, өнүгүүнүн эл аралык өнөктөштөрүн, бизнес структураларын, илимий чөйрөлөрдү жана өкмөттүк эмес уюмдарды тартуу менен, азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу көйгөйлөрүн чечүү үчүн ички жана тышкы ресурстарды мобилизациялоого жардам берет жана бул жаатта бирдиктүү саясатты түзөт.

Кыргыз Республикасында тамак-аш системасынын мүнөздүү белгилеринин бири - тамак-аш өнөр жайынын өнүкпөгөндүгүнүн деңгээли: өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларынын 20% гана өлкө ичинде кайра иштетилет жана алардын көпчүлүгү башка өлкөлөргө чийки бойдон экспорттолот. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги азык-түлүк коопсуздугун жогорулатуучу үчун нарк чынжырчаларын түзүп, кайра иштетүүнүн үлүшүн 70% чейин көбөйтүү боюнча иш алып барууга ниеттенүүдө.

Социалдык фактор - калктын көпчүлүгү сатып алуу жөндөмүнүн начардыгынан сапаттуу тамак-аш сатып ала албай жаткандыгында. Учурда ошондой үй-бүлөнүн тамак-ашка кеткен чыгымдары белгиленген минималдуу стандарттардан төмөн деп бааланууда.

БУУнун азык-түлүк системалары боюнча саммитинин алдындагы өтүп жаткан улуттук диалогдор иш-чаралар глобалдык масштабдагы көйгөйлөрдү жана өлкөнүн алдында турган түйшүктөрдү тез арада чечүү жолдорун издөөнүн дагы бир кадамы болуп саналат.

Маалымдама:

Азык-түлүк системалар боюнча саммити БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриштин демилгеси менен өткөн жылы БУУнун үч агенттигинин - Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО), Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фондунун (IFAD) жана Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (ДАП) жетекчилиги менен болгон талкуудан кийин көтөрүлгөн, негизги - ачарчылык, климаттын өзгөрүшү жана жакырчылык сыяктуу глобалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн азык-түлүк тутумун өзгөртүү жана туруктуу өнүгүүнүн 17 максатына жетүү үчүн түзүлгөн.

Бул глобалдык иш-чара 2021-жылы сентябрда Нью-Йоркто БУУга мүчө мамлекеттердин катышуусунда өтөт жана дүйнө жүзү боюнча азык-түлүктү өндүрүү жана керектөө ыкмасын өзгөртүүгө багытталган жаңы иш-аракеттердин башталышын билдирет.

Толук маалымат алуу үчүн:

Искак Анарбеков, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин пресс-катчылыгынын кызматкери, 0 555 34 60 60, minselhozpress@mail.ru

Ирена Байтанаева, Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн байланыш адиси, 0701023659, ibaitanaeva@gmail.com

Нуршат Абабакиров, Кыргыз Республикасындагы БУУ Агенттиктеринин коммуникация жана коомчулук менен байланышуу координатору, 0770939399, nurshat.ababakirov1@un.org

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ФАО
БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму
ИФАД
Эл аралык айыл чарба өнүктүрүү фонду
ДАТП
Дүйнөлүк азык-түлүк программасы

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар