Пресс-релиз

Пайдалуу жана даамдуу: Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен мектеп ашпозчулары өз өнөрлөрүн көрсөттү

11 ноябрь 2021

Бишкек – 2021-жылдын мыкты мектеп ашпозчусу бейшемби күнү Бишкекте өтө турган мелдештин финалында аныкталды. Ал жерде сегиз айга жакын күч сынашкандан кийин эң мыкты мектеп ашпозчулары өнөрүн көрсөтүштү.

The Best Cook of School Meals
Caption: The Best Cook of School Meals
Photo: © WFP

Алгач 57 мектептин ашпозчулары биринчи баскыяка катышкан катышып, бир нече айлампадан кийин беш ашпозчу финалга өттү. Мелдеш Бириккен улуттар уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП), Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Индустриалдык тамактануу институту (SIFI) тарабынан колдоого алынды.

Өлкөнүн булуң бурчунан мелдешке катышууну каалаган ашпозчулар алгач кантип бул кесипти тандаганы тууралуу баяндарын жөнөтүшкөн. Экинчи баскычта калыстар тобу ашпозчулардын бул кесипти кантип тандап алганы тууралуу мыкты аңгемелерин аныктаган. 35 мыкты ашпозчу тандалып, мектеп менюсуна жаңы рецепти иштеп чыгышкан. Эң чыгармачыл беш рецептти түзгөн ашпозчулар 11-ноябрда финалда өз өнөрүн көрсөтөт.

Бул мелдеш мектеп окуучуларынын ысык тамагын даярдоодо жана тейлөөдө өз өнөрлөрүн көрсөтүп келген мектеп ашпозчуларынын эмгегин даңазалоо, ошондой эле өлкөнүн келечеги болгон балдардын туура тамактануусунун маанилүүлүгүнө коомчулуктун көңүлүн буруу максатында уюштурулууда.

Мектеп ашканаларында даярдалган даамдуу тамак-аш коомчулукта тамактануу маданиятын тарбиялайт. Айталы, Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Улуттук статистика комитети менен бирге жүргүзгөн акыркы изилдөөсүнө ылайык, туура эмес тамактануу Кыргыз Республикасындагы ден соолукка кедергисин тийгизген негизги фактору бойдон калууда.

“Мектеп бул жөн гана билим ала турган жай эмес, бул келечектеги коомчулуктун тиреги болгон жарандарды тарбиялаган жай жана мектептерде балдарды ар түрдүү азыктар менен камсыз кылуу - дени сак жарандарды калыптандырууга мүмкүнчүлүк берет,- дейт Кыргыз Республикасындагы БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Директорунун убактылуу милдетин аткаруучусу Майкл Хаггинс. - Демек, мектеп ашпозчуларынын чыгармачылыгы, талыкпаган эмгеги балдардын жаркын келечегине өбөлгө түзөт”.

Мектеп ашпозчуларынын мелдеши Улуттук мектеп тамак-аш программасынын маанилүү бөлүгү болуп саналат. Программа өлкө боюнча 800дөн ашуун мектептеги 220 миңден ашуун баштапкы мектеп окуучуларын сапаттуу тамак менен камсыз кылууда.

“Мектепте тамактандыруу балдардын окуусуна көмөктөшөт жана алардын ден соолугун чыңдайт. Улуттук программанын пайдасын мектептен тышкары да байкалат. Биз бүгүн ашпозчуларга ыраазычылык билдирүү жана алардын эмгегин белгилөө үчүн чогулуп жатабыз”, - деди Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү.

2013-жылдан бери Орусия Федерациясынын каржылык колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Дүйнөлүк азык-түлүк программасы, Индустриалдык тамактануу институту менен биргеликте Мектепте тамактанууну жакшыртуу программасын ишке ашырып келет. Бул программа улуттук жана жергиликтүү бийликтин, коомчулуктун жана донорлордун колдоосу менен кеңири таанылган демилге.



********

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы 2020-жылдын Нобель тынчтык сыйлыгынын ээси. Биз өзгөчө кырдаалдарда өмүрлөрдү сактап, чыр-чатактардан, табигый кырсыктардан жана климаттын өзгөрүүлөрдөн буттарына туруп келе жаткан адамдарга туруктуу келечек курууга жардам берген дүйнөдөгү ири гуманитардык уюм.

Биздин социалдык тармактар Facebook @WorldFoodProgrammeKyrgyzstan/ жана Instagram @wfp_kyrgyzstan

Толугураак маллымат үчүн Алмаз Чороевге кайрылсаңыз болот, тел.: 0550 577 597 же эл. почта: almaz.tchoroev@wfp.org

Алмаз Чороев

Алмаз Чороев

ДАТП
Коом жана донорлор менен байланыш боюнча кызматкер

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ДАТП
Дүйнөлүк азык-түлүк программасы

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар