Пресс-релиз

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри БУУнун Туруктуу координатору менен БУУнун тынчтык орнотуу программаларын талкуулады

15 ноябрь 2021

Бишкек, 15-ноябрь – БУУнун Туруктуу координатору Озонниа Ожиело министр Кудайберген Базарбаев менен жолугушту. Жолугушуунун катышуучулары БУУнун Тынчтык куруу фонду менен өнөктөштүктө ишке ашырыла турган артыкчылыктуу программаларды талкуулашты.

Meeting of UNRC Ozonnia Ojielo with Minister of Labour, Social Welfare and Migration Kudaibergen Bazarbaev
Caption: Meeting of UNRC Ozonnia Ojielo with Minister of Labour, Social Welfare and Migration Kudaibergen Bazarbaev
Photo: © UN

Туруктуу координатор министрге жакынкы жылдарда БУУнун Тынчтык куруу фонду тарабынан каржылана турган долбоорлор тууралуу жаплы маалымат берди. БУУ жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү, ар кандай социалдык топтордун, жарандар менен мамлекеттин ортосундагы ишенимди арттыруу үчүн өкмөт менен иштешүүнү улантат. Жолугушуунун катышуучулары Кыргызстандын чек арага жакын аймактарындагы коомчулуктардын экономикалык жана социалдык бакубаттуулугун жогорулатуу боюнча пландаштырылган демилгелерди да талкуулашты. Министр Базарбаев Ожиело мырзага министрликтин иши, ошондой эле «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы» жөнүндө концепциясы боюнча иш-чаралардын планын даярдоо боюнча маалымат берди.

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУ ТКК
БУУнун Туруктуу координаторунун кеңсеси

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар