Пресс-релиз

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы электрондук капчыкты ишке киргизип, санариптик ыкма аркылуу COVID-19 учурунда жабыркагандарга көмөк көрсөтүүдө

23 ноябрь 2021

Бишкек - БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) Кыргыз Республикасындагы шаарларда жашаган аялуу үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү боюнча “Эмгек жана окутуу үчүн акчалай жардам” долбоорунун алкагында электрондук капчык ыкманы ишке киргизди. Бул демилге Швейцария өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен мүмкүн болду.

Пилоттук долбоор Кыргызстандын төрт шаарында: Токмок, Кара-Балта, Ош жана Жалал-Абадда ишке ашырылат, жана өлкөнүн 23 шаарына кеңейтүү пландалууда. Жалпысынан 146,000 АКШ доллары 1,460 аялуу үй-бүлөгө (ар бир үй-бүлөгө 100 АКШ доллары) жамаатка маанилүү болгон инфраструктураны калыбына келтирүү же жумуш мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртууга жол ачуу үчүн окуу сыяктуу долбоорлорго катышканы үчүн берилет. Долбоордо улуттук жакырчылыктын чегинен төмөн жашаган, жалгыз бой эне башкарган, көп балалуу үй-бүлөлөргө жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдар бар үй-бүлөлөргө артыкчылык берилет.

Электрондук капчык сыяктуу санариптик чечимдер коопсуздукту, көзөмөлдү, натыйжалуулукту, ачыктыкты жана жоопкерчиликти камсыз кылат. Электрондук капчык адамдарга тандоо мүмкүнчүлүгүн берип, бир катар санариптик кызматтарга жол ачып жана алган жардамын каалагандай сарптоого мүмкүнчүлүк берет. Андан сырткары, бул демилге Дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан колдоого алынган адамдардын каржылык сабаттуулугун жогорулатат, анткени алар жаңы санариптик аспаптарды жана төлөм ыкмаларын колдонууга үйрөтүлөт.

«Швейцария өкмөтүнүн колдоосу менен Дүйнөлүк азык-түлүк программасы аялуу үй-бүлөлөргө санариптик капчык же уюлдук кызматтар аркылуу жардам көрсөтүүдө. Каражаттарды кассадан алуу жолдоруна салыштырганда, электрондук капчык үй-бүлөлөргө заманбап кызматтарды көрсөтүү менен гана чектелбестен, алар алынган акчаны кантип коротуу боюнча тандоого ээ болот», - дейт Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын директорунун убактылуу милдетин аткаруучусу Майкл Хаггинс.

Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын акчалай жардам долбоору өзгөчө кырдаалдар учурунда жакыр жашагандардын социалдык коопсуздугун жакшыртуу аркылуу азык-түлүк коопсуздугун жана начар тамактануунун негизги себептерин жоюуга багытталган. 2020-жылы Швейцария өкмөтү БУУ ДАТПнын COVID-19 кризисинин терс кесепеттерин жоюу долбооруна 2,5 миллион АКШ долларын бөлүп берген. Долбоор жакырчылыкка жана жумушсуздукка дуушар кылган социалдык-экономикалык соккулардан жапа чеккен үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүүгө багытталган. Акчалай жардам ар бир катышуучуга берилет жана 150 кг буудай унун жана 15 литр өсүмдүк майынын наркына барабар.

***

Швейцария өкмөтү Кыргыз Республикасын өнүктүрүүгө жардам көрсөтүүдө. 1994-жылдан бери Швейцария Кыргызстанга техникалык, каржылык жана гуманитардык колдоо иретинде 400 миллиондон ашуун швейцариялык франк (28 миллиарддан ашуун сом) бөлүп берген.

Көбүрөөк маалымат алуу үчүн https://www.eda.admin.ch/bishkek  сайтына кириңиз.

Бизге www.facebook.com/SwissEmbassyKyrgyzstan  сайтынан жазылыңыз.

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы 2020-жылдын Нобель тынчтык сыйлыгынын ээси. Биз өзгөчө кырдаалдарда өмүрлөрдү сактап, чыр-чатактардан, табигый кырсыктардан жана климаттын өзгөрүүлөрдөн буттарына туруп келе жаткан адамдарга туруктуу келечек курууга жардам берген дүйнөдөгү ири гуманитардык уюм.

Бизди Instagran жана Twitter коомдук медиадан тапсаңыз болот: @wfp_kyrgyzstan жана @WFPinKG

Алмаз Чороев

Алмаз Чороев

ДАТП
Коом жана донорлор менен байланыш боюнча кызматкер

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ДАТП
Дүйнөлүк азык-түлүк программасы

Бул демилгеге катышкан башка түзүмдөр

SDC
Swiss Agency for Development and Cooperation

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар