Пресс-релиз

БУУнун Туруктуу координатору менен Манас университетинин деканы Кыргызстандагы ТӨМгө жетүүдөгү университеттин салымын талкуулашты

24 ноябрь 2021

Постоянный координатор системы ООН в КР и декан Университета Манас обсудили вклад университетского сообщества в достижение ЦУР в стране

2021-жылдын 24-ноябрында Бириккен Улуттар Уюмунун Туруктуу координатору Озонниа Ожиело Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректорунун кеңешчиси, декан, профессор, профессор Серхат Бургмаоглу жана технология трансфери кеңсесинин координатору, доктор Азамат Максудунов менен жолугушту. Делегация университеттин Туруктуу өнүгүү максаттарын (ТӨМ) окуу программасына, изилдөөлөргө жана универистет ишмердигине интеграциялоо планы менен бөлүштү. Профессор Бургмаоглу Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдө кээ бир өнүгүү көйгөйлөрүнө инновациялык чечимдерди иштеп чыгуу, өзгөчө ТӨМ 6 (Таза суу жана санитария), ТӨМ 7 (Жеткиликтүү жана таза энергия), ТӨМ 12 (Жооптуу керектөө жана өндүрүш) жана ТӨМ боюнча маалымдуулукту жогорулатуу боюнча студенттер менен кызматкерлердин бир нече демилгелери тууралуу маалымат берди. Бул демилгелердин жалпы максаты – университет коомчулугуна Кыргызстандагы Туруктуу өнүгүүнү максаттарын конкреттүү аракеттер аркылуу ишке ашырууга жардам берүү. БУУнун Туруктуу координатору изилдөөлөрдүн жана аларды өлкөдөгү өнүгүү көйгөйлөрүнө колдонуунун маанилүүлүгүн, ошондой эле академиялык чөйрөнүн, өкмөттүн, жеке сектордун жана эл аралык уюмдардын ортосундагы көп тараптуу кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Тараптар келечекте өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн улуттук өнүгүүнүн эң орчундуу көйгөйлөрү боюнча БУУнун жана университеттин тажрыйбасын бириктирүү аркылуу кызматташууну улантууну макулдашышты.

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУ ТКК
БУУнун Туруктуу координаторунун кеңсеси

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар