Пресс-релиз

БУУ КЖКБ качкындардын жана башпаанек издеген адамдардын укуктарын коргоону бекемдөө жолу менен Кыргыз Республикасында башпаанек системасын колдойт

23 декабрь 2021

БУУнун качкындар боюнча агенттиги (БУУ КЖКБ) 23-декабрда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин миграция боюнча башкармалыгына Кыргыз Республикасында качкындардын жана башпаанек издеген адамдардын укуктарын коргоону камсыздоо жана башпаанек системасын өркүндөтүү боюнча кызматташуу алкагында Ош жана Баткен облусунун аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн 1 560 832 сом суммасында компьютердик жабдууну өткөрүп берди.

UNHCR handed over computer and office equipment in the amount of KGS 1,560,832 to the Migration Department of the Ministry of Labor, Social Security and Migration of the Kyrgyz Republic
Caption: UNHCR handed over computer and office equipment in the amount of KGS 1,560,832 to the Migration Department of the Ministry of Labor, Social Security and Migration of the Kyrgyz Republic
Photo: © UNHCR

2021-жылы бул аймактык бөлүмдөргө качкындардын укуктарын коргоо маселелери боюнча кошумча ыйгарым укуктар ыйгарылган.

БУУнун КЖКБ Кыргыз Республикасындагы Улуттук кеңсесинин башчысы Асель Шаршеева билдирип кеткендей- «БУУ КЖКБ гуманитардык принциптерге ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен, коркунучтан качууга мажбур болгон адамдарды коргоо жана жардам берүү боюнча ишти улантат. Пандемияда алардын маанилүүлүгү баса белгиленди жана алар качкындар жөнүндө глобалдык келишимдин негизин түзөт: кызматташуу үчүн тилектештиктин руху, жоопкерчиликти бөлүштүрүү жана үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгондордун жардам көрсөтүүнүн улуттук пландарына киргизилишин камсыз кылуу. Биз дагы эле, биргелешип- кызматташуу жана конструктивдүү өнөктөштүк рухунда чечимдерди издөөгө даярбыз.».

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев белгилеп кеткендей «Биз БУУнун КЖКБ Министрликтин аймактык бөлүмдөрүнө көрсөткөн жардамды жогору баалайбыз жана Республикасындагы качкындардын көйгөйлөрүн чечүүдө эл аралык кызматташтыкты мындан ары чыңдоого дагы бир салым кошот деп белгилейбиз. БУУнун КЖКБ Министрликтин качкындардын укуктарын коргоону камсыз кылуу чөйрөсүндөгү стратегиялык өнөктөшү болуп келген жана кала берет.».

2020-жылы БУУ КЖКБ Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин миграциясынын маселелери боюнча башкармалыгына техникалык потенциалын күчөтүү үчүн 1 077 043 сом өлчөмүндөгү компьютердик жана кеңсе техникасы түрүндө техникалык жардам көрсөттү.

2021-жылдын 2021-жыл ноябрына карата Кыргыз Республикасында 633 качкын жана башпаанек издеген адам жашайт. БУУ КЖКБ Кыргыз Республикасында качкындардын жана башпаанек издеген адамдардын укуктарын коргоону камсыздоодо мамлекеттик жана башка өнөктөштөрдү колдой берүүгө даяр.

КОШУМЧА МААЛЫМАТ АЛУУ ҮЧҮН КонтактТАР: (0312) 621315

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУ КЖКБ
Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар