Пресс-релиз

ДҮЙНӨЛҮК АЗЫК-ТҮЛҮК ПРОГРАММАСЫ ЖАНА WORLD SHARE АЙЫЛ ЖЕРГЕСИНДЕ ТАМАКТАНУУНУ ЖАНА АЗЫК-ТҮЛҮК КООПСУЗДУГУН ЖАКШЫРТУУ ҮЧҮН АРАКЕТТЕРИН БИРИКТИРДИ

22 февраль 2022

Бишкек – БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) жана Кыргыз Республикасындагы World Share эл аралык бейөкмөт уюму айыл жериндеги балдардын тамактануусун жакшыртууга багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда. Атап айтканда, өнөктөштүн негизги артыкчылыктары туура тамактанууну жайылтуу жана тамактануу боюнча билимди өркүндөтүү болот.

Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын техникалык колдоосу менен World Share мектептерди кесипкөй ашкана жабдуулары менен камсыз кылды, анын ичинде өнөр жайлык электр плиталар, көп секциялуу мештер, камыр жуургучтар, муздаткычтар, суу жылыткычтар, көп секциялуу раковиналар, жашылча кескичтер, стеллаждар жана кесүүчү столдор – пайдалуу жана ар түрдүү тамактарды уюштуруу үчүн зарыл болгон бардык жабдуулар.

Жалпысынан долбоордун алкагында Ысык-Көл, Талас жана Ош облустарындагы беш мектепке колдоо көрсөтүлүп, 1250дөн ашык башталгыч класстын окуучулары камтылат.

«Биз Кыргыз Республикасынын бардык башталгыч класстарынын окуучуларын, өзгөчө алыскы жана экономикалык жактан начар райондордо жогорку сапаттагы пайдалуу жана ар түрдүү тамак менен камсыз кылууга умтулабыз, - деди Рам Сараванамутту, Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргыз Республикасындагы директорунун милдеттүү укуктарын аткаруучусу. - World Share менен өнөктөштүк мектептеги тамактандыруу программасынын чөйрөсүн кеңейтет,  демек көбүрөөк балдар ден соолугун жана өнүгүүсүн жакшыртуу үчүн мектептерде аш болумдуу тамактарга ээ болушат».

«Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен күчтөрдү бириктирип айылдарда балдардын бакубат жашоосу үчүн аялуу аймактардын экономикалык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү – биз үчүн сыймык», - деди Ким Янг Су, World Share Кыргыз Республикасындагы директору.

2013-жылы башталган Мектеп тамак-аш улуттук программасы кызыкдар тараптар арасында кеңири таанылган демилге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, коомчулуктардан жана донорлордон колдоо алып келет. Учурда мектепте тамактанууну оптималдаштыруу улуттук программасы Кыргыз Республикасы боюнча 800дөн ашык мектептерде 220 000ге жакын башталгыч класстын окуучуларын сапаттуу, аш болумдуу ысык тамак менен камсыз кылат.

 

#                              #                                         #

 

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы 2020-жылдын Нобель тынчтык сыйлыгынын ээси. Биз өзгөчө кырдаалдарда өмүрлөрдү сактап, чыр-чатактардан, табигый кырсыктардан жана климаттын өзгөрүүлөрдөн буттарына туруп келе жаткан адамдарга туруктуу келечек курууга жардам берген дүйнөдөгү ири гуманитардык уюм.

 

"World Share" коомдук кайрымдуулук фонду - дүйнөнүн 30 өлкөдө өкүлчүлүктөрү бар бейөкмөт эл аралык уюм. Кыргыз Республикасында фонд 2017-жылдын 11-октябрында ачылган. World Share башкы кеңсеси Түштүк Кореяда жайгашкан жана 10 жылдан ашуун убакыттан бери көптөгөн өлкөлөрдө кайрымдуулук иштерин жүргүзүп келет. Кыргызстандагы "World Share" кайрымдуулук фонду аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына, майып балдарга, жетим балдарга жардам берет.

 

Алмаз Чороев

Алмаз Чороев

ДАТП
Коом жана донорлор менен байланыш боюнча кызматкер

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ДАТП
Дүйнөлүк азык-түлүк программасы

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар