Пресс-релиз

Кыргыз Республикасында кырсык тобокелдиктерин алдын алуу багытын бекемдөө маанилүү

07 март 2022

Кырсык коркунучун башкаруу үчүн өлкөнүн системаларын кантип чыңдоо боюнча корутундулардын жана сунуштардын презентациясы боюнча пресс-релиз.

2022-жылдын 4-мартында Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов табигый кырсык коркунучун башкаруунун өлкө системаларынын диагностикасынын алдын ала корутундуларынын презентациясында жарандык коргонуудан табигый кырсык тобокелдиктерин башкарууга акырындык менен өтүү өкмөттүн артыкчылыктуу багыты экендигин белгиледи. Мамбетов мырза андан ары Кырсыктардын тобокелин азайтуу боюнча Улуттук платформаны бекемдөө жана Эл аралык издөө жана куткаруу боюнча консультативдик топко (INSARAG) кошулуу да өлкө үчүн маанилүү экенин белгиледи.

4N2A0034

Кырсык тобокелдиктерин башкаруу системасынын диагностикасы улуттук жана жергиликтүү деңгээлде ишке ашырылып, БУУнун тутуму жана CADRI өнөктөштүгү (Capacity for Catri Reduction Initiative) тарабынан колдоого алынган. CADRI - кырсыктардын тобокелдигин азайтуу потенциалын бекемдөө боюнча иш алып барган гуманитардык жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн альянсы.

Жыйынтыктар жана сунуштар 29 улуттук деңгээлдеги уюм, 13 жергиликтүү уюм, беш жеке сектор уюмдары жана өнүктүрүү багытындагы төрт өнөктөш менен болгон консультациялардын негизинде түзүлдү. Консультацияларга Айыл чарба министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги жана башкалар катышты. Ошондой эле Ош, Ысык-Көл облустарынын жана Аламүдүн районунда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жергиликтүү кырсыктардын коркунучун азайтуу боюнча потенциалдын деңгээлин баалоо боюнча кеңешүүлөр өткөрүлдү.

Бул диагностика иш-чарасы - өкмөт менен БУУнун өлкө тобунун биргелешкен аракети. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эки жума аралыгында ишке ашырылган диагностика процессин жетектөө жана колдоо көрсөтүү үчүн 12 өкүлдү дайындады. Диагностикага ПРООН, ЮНИСЕФ, ФАО, ЮНФПА, ЮНДАКтын мультидисциплинардык командасы (11 эл аралык эксперт) жана БУУнун Кыргыз Республикасындагы өлкөлүк тобу (15 эксперт), анын ичинде ФАО, OCHA, ПРООН, ЮНИСЕФ, ВПП, ЮНФПА, ВОЗ катышты.

4N2A0069

Миссияны жетектеген Станислав Ким (ПРООН) "парадигманы коркунучтардан тобокелдиктерге өзгөртүү жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен айрым милдеттерди тармактык министрликтерге өткөрүп берүүнүн" маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал ошондой эле "эффективдүүлүктү жогорулатуу үчүн бардык деңгээлдеги кырсык тобокелдиктерин башкаруу боюнча аракеттерди координациялоону күчөтүү" зарылдыгын баса белгиледи.

4N2A0005

Миссиянын алдын ала корутундулары жана сунуштары 2022-жылдын апрелинде өкмөткө сунушталат, жана макулдашылган сунуштар улуттук программалык документтерге жана БУУ менен өкмөттүн беш жылдык кызматташтык боюнча документинде эске алынышы күтүлүүдө. Бириккен Улуттар Уюмунун Туруктуу координатордун кеңсесинин жетекчиси Мунаввар Алам мырза, миссиянын корутундулары жана сунуштары БУУнун агенттиктеринин колдоосуна багыт берерин жана өкмөттүн өлкөдөгү табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күн тартибинде алдыга жылдыруу аракеттерин колдой турганын баса белгиледи.

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

АТОТКМБӨ
Азия жана Тынч океанындагы табигый кырсыктар боюнча маалыматты башкарууну өнүктүрүү
ФАО
БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму
ГИКК
Гуманитардык иштер боюнча координациялык кеңсе
БУУ ТКК
БУУнун Туруктуу координаторунун кеңсеси
БУУӨП
Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы
ЮНФПА
Бириккен Улуттар Уюмунун Калк жайгаштыруу фонду
ЮНИСЕФ
Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду
ДАТП
Дүйнөлүк азык-түлүк программасы
ДССУ
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар