Пресс-релиз

БУУнун Кыргызстандагы Туруктуу координатору Өкмөттүн Антикризистик чаралар планында калктын аярлуу топторун колдоого артыкчылык берүүгө чакырды

31 март 2022

2022-жылдын 31-мартында БУУнун Туруктуу координатору Озонниа Ожиело Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Президенттик Аппараттын ТӨМ жана Эл аралык жардамды координациялоо бөлүмүнүн башчысы Динара Дүйшөнкүл кызы менен жолугушту.

624575395edc1

Министрлер Кабинетинин Төрагасы БУУга көп жылдык жана ишенимдүү өнөктөштүк үчүн ыраазычылык билдирди жана жаңы реалдуулуктар Министрлер Кабинетинин стратегиялык орто мөөнөттүү өнүгүү пландарын жана Өкмөттүн Кыргызстандын элинин алдында кабыл алган милдеттенмелерин кайра карап чыгууна шарттап жатканын айтты.

6245753988db9

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Өкмөт тарабынан экономиканы турукташтырууга жана калктын аялуу катмарын коргоого багытталган кризиске каршы чаралардын комплекси кабыл алынганын, жана жалпы бюджети 126 миллиард сомду түзгөнүн билдирди. Тактап айтканда, аз айлык алган топтордун эмгек акысын жогорулатуу үчүн Өкмөт бюджеттик кошумча каражаттарды бөлдү: мугалимдердин, өзгөчө илим, математика жана тил мугалимдеринин эмгек акысы 30-50%га көтөрүлөт. 500 000 майда фермерлерди арзан (6%) кредиттер менен колдоо үчүн бюджеттен 26 млн сом өлчөмүндө кошумча каражат бөлүндү. Ал ошондой эле калктын аялуу катмарына ай сайын берилүүчү жөлөкпулдардын өлчөмүн 800 сомдон 1200 сомго чейин көтөрүү боюнча Министрлер Кабинетинин пландары менен бөлүштү.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кумтөр алтын кени боюнча жаңы макулдашуу ийгиликтүү жетишилгенин жана жакынкы арада кол коюла турганын, ошондой эле кенден түшкөн кирешеден түшкөн олуттуу каражаттар 112 миң аялуу үй-бүлөнү колдоо үчүн каралаары мүмкүн экенин билдирди. Колдоо чаралар киреше алып келүүчү иш-аракеттер, анын ичинде энергиянын альтернативдүү булактарын пайдаланууну камтыйт. Министрлер Кабинетинин Төрагасы БУУну өкмөттүн кризиске каршы чараларын колдоо үчүн 2022-жылга карата программаларын багыттоого үндөдү.

Ал ошондой эле БУУнун Туруктуу өнүгүү үчүн кызматташуу программасын өнүктүрүү процесси бүтүндөй Өкмөттү камтыган процесс болгонун белгиледи жана БУУнун уланып жаткан жана келечектеги колдоосу Өкмөткө кыйынчылыктарды жана терс таасирлерди жеңүүгө жардам берүү үчүн эффективдүү колдонулат деп ишендирди.

БУУнун Туруктуу координатору Озонниа Ожиело министрлер кабинетин Кумтөр кени боюнча сүйлөшүүлөрдүн олуттуу жылышы менен куттуктады жана өкмөттүн кризиске каршы планында социалдык коргоонун күчтүү чаралары аркылуу калктын аялуу катмарын колдоого артыкчылык берүүгө Өкмөттү чакырды. Озонниа Ожиело БУУ Кыргызстандын Өкмөтүнө жана элине колдоо көрсөтүүнү улантууга жана өлкөнүн туруктуу жолдо өнүгүү траекториясын сактап калууга жардам бере турган программалык варианттарды жана чечимдерди сунуштоо үчүн өнөктөштөр менен тыгыз кызматташууга даяр экендигине ишендирди. БУУнун Туруктуу координатору Орусияга карата киргизилген санкциялардын кыска жана узак мөөнөттүү таасирин Кыргызстанга карата жумшартуу боюнча өкмөткө бир катар сунуштамаларды берүүгө даярданып жатканын билдирди. Озонниа Ожиело айрым сунуштарга кыскача токтолду, анын ичинде даректүү социалдык жардам көрсөтүү, кайтып келген мигранттардын потенциалдуу агымынын кесепеттерин жумшартуу боюнча күчтүү чараларды көрүү, ошондой эле инновациялык башкарууга, жашыл экономикага жана адамдык капиталды курууга инвестицияларга, анын ичинде экономикалык трансформацияны камсыз кылуу жана улуттук ТӨМ прогрессин алдыга жылдыруу үчүн акселераторлор катары санариптик күн тартибине артыкчылык берүү.

62457539c2cf0

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУ ТКК
БУУнун Туруктуу координаторунун кеңсеси

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар