Пресс-релиз

БУУ ДАТП ЖАНА ГУД НЕЙБОРС ИНТЕРНЕШНЛ БАЛДАРДЫ ЖАКШЫ ТАМАКТАНДЫРУУДА МЕКТЕПТЕРГЕ КОЛДО КӨРСӨТҮҮДӨ

13 апрель 2022

Токтогул - Бүгүн Жалал-Абад обласынын Үч-Терек айылындагы М.Нургазиев атындагы мектебинде мектеп ашканасын жашылчалар менен камсыз кылууга багытталган пилоттук демилге менен мектептин күнөсканасы иштей баштады. Программа башталгыч мектептеринин бүткүл боюнча аш болумдуу тамактарды даярдоо боюнча потенциалын бекемдөөгө багытталган.

Бул демилге Үч-Терек айыл өкмөтүнүн, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ ДАТП) жана Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс Интернешнлдин өнөктөштүгүнүн аркасында мүмкүн болду жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы мектептердеги тамактандырууну оптималдаштыруу боюнча улуттук программанын бир бөлүгү болуп саналат.

Мектеп күнөскананы балдарды органикалык түрдө өстүрүлгөн жашылча-жемиштер менен суук мезгилдерде дагы камсыздоо үчүн колдонот. Мектептин кызматкерлери жана ашпозчулары туура тамактануу, мектеп менюсун түзүү, өстүрүлгөн жаңы түшүмдү туура пайдалануу сыяктуу кулинардык чеберчиликтерин өркүндөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

«Айыл чарба демилгелери мектепте тамактандыруунун маанилүү компоненти болуп саналат, - деди Кожиро Накай, Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын директору. - Мындай ыкма менен мектептер жыл бою, анын ичинде суук айларда дагы пайдалуу мөмө-жемиштерге жана жашылчалар менен камсыз болушат. Мектеп күнөсканалары балдар жашылча-жемиш өстүрүүнү үйрөнө турган билим берүү борборлору болуп саналат».

Жаңы үнөскана күндүн энергиясын максималдуу пайдаланган заманбап технологияларды колдонуу менен курулган. Энергияны үнөмдөөчү долбоорлор каржылык жактан гана натыйжалуу болбостон, экологиялык туруктуулук үчүн да маанилүү. Бул демилгенин тажрыйбасы өлкөнүн башка мектептеринде дагы ушундай күнөсканаларды ишке киргизүү үчүн колдонулат.

Бүгүнкү күндө Дүйнөлүк азык-түлүк программасы өнөктөштөрдүн колдоосу менен мектепте тамактандыруу программасын толуктоо максатында өлкө боюнча тогуз күнөскана орнотту жана мектептерге киреше алып келүүгө мүмкүнчүлүк берди. Мектеп бакчалары дисциплиналар аралык жана көп секторлуу мүнөзү учүн, туура тамактанууну жана экологиялык билим берүүнү жайылтуу менен дүйнө жүзү боюнча популярдуу ыкма болуп саналат.

Кыргыз Республикасындагы мектепте тамактанууну оптималдаштыруу – улуттук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомчулуктар жана донорлор тарабынан колдоого алынган кеңири таанылган демилге. Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен 800дөн ашык мектепте 220 миңге жакын башталгыч класстын окуучулары ысык тамак менен камсыз болушат.

 

***

 

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы өзгөчө кырдаалдарда өмүрлөрдү сактап, чыр-чатактардан, табигый кырсыктардан жана климаттын өзгөрүүлөрдөн буттарына туруп келе жаткан адамдарга туруктуу келечек курууга жардам берген дүйнөдөгү ири гуманитардык уюм.

 

Гуд Нейборс Интернешнл – Бириккен Улуттар Уюмунун Экономикалык жана Социалдык Кеңешинде (ЭКОСОС) жалпы консультациялык статустагы эл аралык гуманитардык бейөкмөт уюм. 1991-жылы негизделген уюм дүйнөнүн 35 өлкөсүндө социалдык өнүгүү долбоорлорун ишке ашырат жана демилгелейт, анын максаты жашоонун сапатын жакшыртуу жана билимге жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу.

 

 

 

Алмаз Чороев

Алмаз Чороев

ДАТП
Коом жана донорлор менен байланыш боюнча кызматкер

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ДАТП
Дүйнөлүк азык-түлүк программасы

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар