Пресс-релиз

Кыргызстан кайчылаш жолдо: “Аялдардын дараметин колдонуу үчүн зор мүмкүнчүлүк бар” – БУУнун эксперттери

15 апрель 2022

Кыргызстан 1991-жылы эгемендүүлүккө ээ болгондон бери аялдардын укуктарын жана гендердик теңчиликти камсыз кылуу багытында бир топ ийгиликке жетишти, бирок социалдык-экономикалык теңсиздик, тамырлаган патриархалдык мамилелер жана диний фундаментализмдин өсүшү сыяктуу олуттуу көйгөйлөр сакталууда – деп билдиришти БУУнун адам укуктары боюнча эксперттери.

«Кыргызстан азыр кайчылаш жолдо турат, бирок анда аялдардын дараметин колдонууга эбегейсиз мүмкүнчүлүк бар», - деп айтылат өлкөгө жасаган 12 күндүк иш сапарынын соңуна чыккан БУУнун аялдар менен кыздарды басмырлоо маселелери боюнча жумушчу тобунун жасаган билдирүүсүндө.

Эксперттер гендердик теңчиликке багытталган жаңы мыйзамдарды жана институционалдык чараларды, ошондой эле патриархалдык мамилелерге жана зыяндуу стереотиптерге каршы күрөшүүгө багытталган максаттуу программалардын жана демилгелердин бар экенин моюнга алышты. Бирок алар басмырлоо жана мыйзамдарды ишке ашыруудагы боштуктар сыяктуу негизги укуктук түшүнүктөрдүн концептуалдык жактан кууш түзүлүшүнө тынчсызданышты.

«Аялдардын укуктарын  жана гендердик теңчиликти алга жылдыруу боюнча өлкөдө формалдуу милдеттенмелер кабыл алынганы менен, Кыргызстандын контекстинде зыяндуу гендердик стереотиптерди, экономикалык мүмкүнчүлүктөрдүн жетишпестигин жана аялдар менен кыздардын коопсуздугунун камсыздалбашын камтыган гендердик басмырлоонун жана зомбулуктун негизги себептери жана кыймылдаткыч күчтөрүнө байланыштуу маселелерди чечүүдө жооптуу кызматкерлер системалуу ыкманы колдонбой жатышат».

 «Гендердик стереотиптерди жоюу аялдар менен кыздардын укуктарын эркектер жана балдар менен бирдей камсыз кылуунун өзөгү», - дешет эксперттер.

«Кыргызстан светтик мамлекет болгонуна карабай, диний экстремизмдин күчөшү аялдардын жана кыздардын өнүгүүсүн чектеп, ошол эле учурда аялдарга бала төрөөчү жана багуучу катары караган көз карашты күчөтүүдө жана салттуу нормаларга каршы келген маанилүү маселелер боюнча талкууларга тоскоол болууда».

 «Аялдарга карата зомбулукка, анын ичинде зордуктоого жана никедеги жыныстык зомбулукту аныктоого байланыштуу, мыйзамдык базада да боштуктар бар», - дешет эксперттер. «Гендердик зомбулуктун таралышы аялдардын активдерди жаратуу жана улуттук өнүгүүнүн бардык аспектилерине катышууларын андан ары чектеп, Кыргызстандагы аялдардын жаңы прогрессивдүү мыйзамдардан пайда алуу мүмкүнчүлүктөрүн жокко чыгарат».

«Биз убактылуу коргоо ордерлеринин чектелүү түрдө аткарылышына, жабырлануучуларга колдоо көрсөтүүнүн жетишсиздигине жана гендердик зомбулук боюнча аялдар менен кыздардын сот адилеттигине жетүүсүнө болгон тоскоолдуктарга тынчсызданабыз. Система аялдарды колдой албаса, анын жыйынтыгы эрте өлүмдөргө, өлтүрүүлөргө, жаракаттарга жана майыптыкка алып барган катастрофа болушу мүмкүн.

"Мындан тышкары, биз бийликти дени сак демократияны жана адам укуктарынын аткарылышын камсыз кылууда чечүүчү ролду ойногон бардык аялдар жана кыздар уюмдары үчүн коопсуз жана жагымдуу чөйрөнү камсыз кылууга чакырабыз."

Жумушчу топ жынысы жактан бөлүштүрүлгөн маалыматтарды чогултуу жана бардык программалардын бюджеттерин гендер маселелерин эске алуу менен түзүү, о.э. мыйзамдар менен жарлыктардын ишке ашырылуусун камсыз кылуу сыяктуу бир катар рекомендацияларды иштеп чыкты. "Маалыматты туура чогултуу жана талдоо саясаттын өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет", - дешет эксперттер.

Жумушчу топ улуттук жана жергиликтүү деңгээлдеги бийлик органдары, аялдар жана кыздар, жарандык коом уюмдары, окумуштуулар, журналисттер, шайлануучу кызматтарды ээлеген лидер аялдар, БУУнун түзүмдөрү жана башка эл аралык кызыкдар тараптар менен Бишкек шаарында жана Ысык-Көл менен Ош облустарында жолугушууларды өткөрдү.

Жумушчу топ жыйынтыктоочу отчетун Адам укуктары боюнча кеңешке 2023-жылдын июнь айында тапшырат.

АЯГЫ

Аялдарга жана кыздарга карата басмырлоо маселелери боюнча БУУнун Жумушчу тобу 2011-жылы Адам укуктары боюнча Кеңеш тарабынан мамлекеттер жана башка кызыкдар тараптар менен консультациялар аркылуу аялдарды басмырлаган мыйзамдарды жоюуга байланыштуу алдыңкы тажрыйбаларды аныктоо, илгерилетүү жана пикир алмашуу максатында түзүлгөн. Топко ошондой эле мамлекеттер жана башка тараптар менен аялдарга басмырлоочу таасир тийгизген мыйзамдар боюнча диалогду өнүктүрүү милдети жүктөлгөн.

Жумушчу топ беш көз карандысыз эксперттен турат: Мелисса Упрети айым (Непал), Төрага; Дороти Эстрада Тэнк айым (төраганын орун басары); Элизабет Бродерик айым (Австралия); Ивана Радачич айым (Хорватия); жана Мескерем Гесет Течане айым (Эфиопия).

Бул сыяктуу жумушчу топтор Адам укуктары боюнча кеңештин Атайын процедура деп аталган аспабынын бир бөлүгү болуп саналат. Атайын процедуралар - БУУнун Адам укуктары системасындагы көз карандысыз эксперттердин эң ири органы болгон Кеңештин фактыларды көз карандысыз аныктоо жана көзөмөлдөө механизмдеринин жалпы аталышы.  Атайын процедураларды ишке ашыруучу мандат ээлери –дүйнөнүн бардык бөлүктөрүндөгү тематикалык маселелерди же конкреттүү өлкөдөгү кырдаалды чечүү үчүн Адам укуктары боюнча кеңеш тарабынан дайындалган адам укуктары боюнча көз карандысыз эксперттер. Алар БУУнун кызматкерлери эмес жана бир да өкмөттөн же уюмдан көз каранды эмес. Алар жеке инсан катары кызмат кылышат жана аткарган иштери үчүн айлык маяна алышпайт.

Кошумча суроолор жана ММК суроо-талаптары боюнча төмөнкү даректерге кайрылыңыз: wgdawprofessionalteam@ohchr.org

БУУнун башка көз карандысыз эксперттерине байланыштуу суроолор менен ММКлар Ренато Росарио Де Соузага (renato.rosariodesouza@un.org) же Жереми Лоренске  (+ 41 79 444 7578 / jeremy.laurence@un.org)  кайрыла алышат.

БУУнун адам укуктары боюнча көз карандысыз эксперттери менен байланышкан жаңылыктарды @UN SPExperts Твиттер баракчасынан көрүңүз.

Биздин кандай дүйнөдө жашаганыбызга кайдыгер эмессизби?

Анда бүгүн бирөөнүн укугу үчүн ТИК ТУРУҢУЗ.

#Standup4humanrights жана http://www.standup4humanrights.org дареги

боюнча веб-баракчабызга баш багыңыз

 

 

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУ АУЖКБ
Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар