Пресс-релиз

Кыргызстан: аялдар менен кыздарга карата дискриминация боюнча БУУ эксперттеринин алгачкы иш сапары

28 март 2022

Аялдар менен кыздарга карата дискриминация боюнча БУУнун эксперттер тобу 2022-жылдын 4-апрелинен тартып 15-апрелине чейин Кыргызстанга өлкөдөгү гендердик теңчиликке жетүүдөгү жана аялдар менен кыздарга карата дискриминацияны жоюудагы жетишкендиктер менен көйгөйлөрдү баалоо үчүн алгачкы расмий иш сапары менен келишти.

 

"Жумушчу топ Кыргызстандагы аялдардын укуктарын жана гендердик теңчиликти иш жүзүндө илгерилетүү, ошондой эле түзүмдүк басмырлоо көйгөйлөрүн чечүү жаатында жүзөгө ашырылган мыйзамдык реформаларга жана саясатка өзгөчө кызыкдар”, - деп белгилешти эксперттер.



Эксперттер аялдардын жашоо-турмушунун бардык тараптарын, анын ичинде саясий жана коомдук, экономикалык жана социалдык, үй-бүлөлүк жана маданий аспектилерди, ден соолук жана коопсуздук чөйрөсүн, ошондой эле гендердик зомбулукту аялдар менен кыздарга карата дискриминациялоо көрүнүшү катары, ал эми сот адилеттүлүгүнө жетүүгө болгон бөгөттөрдү айкалышкан маселе катары карашмакчы. 



"Бизге конструктивдүү диалогдун негизинде жетишкендиктер жана үмүт эттирген тажрыйбалар тууралуу, ошондой эле жергиликтүү тарыхый жана маданий контекст, учурдагы кемчиликтер менен көйгөйлөр жөнүндө билүү маанилүү”, - деп билдиришти эксперттер.



Өкмөттүн чакыруусу менен келген эксперттер Бишкек шаарында, ошондой эле Ысык-Көл менен Ош облустарында жолугушууларды өткөрүшмөкчү.



Алар басмырлоонун көп сандаган жана айкалышкан формаларына дуушар болуп жаткан аялдар менен кыздарга, анын ичинде айыл жергесинде жашаган тургундарга, мигранттарга, качкындарга, диний жана этностук азчылыктарга, жаңжалдардан жабыркагандарга, ЛБТИ, майыптыгы бар аялдар менен кыздарга өзгөчө көңүл бурушмакчы.



Иш сапардын жүрүшүндө эксперттер мамлекеттин жогорку жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү, аялдар жана кыздар, жарандык коомдун уюмдары, окумуштуулар, журналисттер, шайланган лидер аялдар, БУУ түзүмдөрү жана башка эл аралык кызыкдар тараптар менен жолугушмакчы.

Келе турган делегациянын курамында Жумушчу топтун төрайымы Мелисса Упрети жана Жумушчу топтун мүчөсү Элизабет Бродерик бар.

Иш сапардын аягында эксперттер 2022-жылдын 15-апрелинде саат 15.00дө Бишкек шаары, Киев көчөсү, 148В дарегинде жайгашкан “Шератон” мейманканасынын конференц-залында өтө турган басма сөз жыйынында алдын-ала корутундулары тууралуу сөз кылышмакчы. Басма сөз жыйынына ага аккредитациядан өткөн гана журналисттер катыша алат.

Аккредитация алуу үчүн БУУнун Кыргызстандагы коомчулук менен байланыш кызматкери Нуршат Абабакиров менен байланышыңыз: 0770 979703 / nurshat.ababakirov1@un.org  

Жумушчу топ өзүнүн толук баяндамасын 2023-жылдын июнь айында БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине бермекчи.

###

БУУнун Аялдар менен кыздарга карата дискриминация боюнча Жумушчу тобу 2011-жылы Адам укуктары боюнча кеңеш тарабынан мамлекеттер жана башка субъектилер менен кеңешүү аркылуу аялдарды басмырлаган мыйзамдарды жокко чыгарууга байланышкан алдыңкы практиканы аныктоо, илгерилетүү жана ал тууралуу пикир алмашуу үчүн түзүлгөн. Жумушчу топко ошондой эле мамлекеттер жана башка субъектилер менен аялдарга карата басмырлоочу таасири бар мыйзамдар туурасында диалогду өнүктүрүү милдети да жүктөлгөн.

Жумушчу топ беш көз карандысыз эксперттен турат, алар: Мелисса Упрети (Непал), төрайым; Дороти Эстрада Танк (төрайымдын орун басары); Элизабет Бродерик (Австралия); Ивана Радачич (Хорватия) жана Мескерем Гесет Техане (Эфиопия).

Жумушчу топтор Адам укуктары боюнча кеңештин атайын жол-жоболорунун бир бөлүгү болуп саналат. Атайын жол-жоболор, БУУнун Адам укуктары боюнча тутумундагы көз карандысыз эксперттердин эң ири органы, - бул Кеңештин фактыларды аныктоо жана мониторинг боюнча көз карандысыз механизмдеринин жалпы аталышы болуп саналат. Атайын жол-жоболордун мандатарийлери – бул Адам укуктары боюнча кеңеш тарабынан өлкөлөрдөгү кайсы бир конкреттүү жагдайларды, же болбосо дүйнөнүн бардык булуң-бурчундагы тематикалык маселелерди кароо үчүн дайындалган адам укуктары боюнча көз карандысыз эксперттер болуп саналат. Алар БУУнун кызматкерлери эмес жана кайсы бир өкмөттөн же уюмдан көз карандысыз болгон ишмердик жүргүзүшөт. Алар жеке инсан катары иш алпарышат жана аткарган иштери үчүн айлык алышпайт.

Кошумча маалымат алуу жана ЖМК суроо-талаптары үчүн: wgdawprofessionalteam@ohchr.org кайрылсаңыздар болот.

ЖМКнын БУУнун башка көз карандысыз эксперттерине байланышкан суроолору боюнча Ренато Розарио де Соузага (renato.rosariodesouza@un.org) же Джереми Лоуренске (+ 41 79 444 7578 / jeremy.laurence@un.org) кайрылыңыздар.

БУУнун адам укуктары боюнча көз карандысыз эксперттерине байланышкан жаңылыктарга Твиттерде @UN_SPExperts көз салып турсаңыздар болот.

Биз жашап жаткан дүйнө жөнүндө тынчсызданасызбы?

Анда бүгүн кимдир-бирөөнүн укугун коргоп чыгыңыз.

#Standup4humanrights жана http://www.standup4humanrights.org дарегиндеги веб-баракчага кирип көрүңүз.

 

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУ АУЖКБ
Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар