Пресс-релиз

«Манас» эл аралык аэропортунда коомдук саламаттык сактоо жаатында өзгөчө кырдаалдарга даярдык жана чара көрүү боюнча потенциалды андан ары жогорулатуу үчүн кезектеги имитациялык машыгууну (SimEx) өттү

10 июнь 2022

Бишкек, Кыргызстан – Кыргызстандагы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өлкөлүк кеңсеси «Манас» эл аралык аэропортунда толук масштабдуу талаа машыгууларын уюштурууда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнө Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен техникалык колдоо көрсөттү. Машыгуунун максаты коомдук саламаттык сактоо жаатында өзгөчө кырдаалга алып келген жугуштуу ооруларды аныктоодо жана ооруга шектенүү жаралган учурдагы оперативдүү планды иш жүзүндө баалоо болуп саналат. Машыгуунун сценарийи төрт этапты камтыган: конууга чейинки 30 мүнөттүк моделдөөчү мезгил, учакты кондуруу жана токтотуу, бейтаптарды башкаруу жана жүргүнчүлөрдү текшерүү. Машыгуунун жүрүшүндө катышуучулар бекитилген жол-жоболор боюнча стандарттуу иш-чараларды жана жугуштуу оорулар чыккан учурда чара көрүү үчүн зарыл болгон иш жүзүндөгү тапшырмаларды аткарышты.

«Кыргызстанда имитациялык машыгууларды өткөрүү салтка айланып баратканын канааттануу менен белгилейбиз. Мындай имитациялык машыгуулар өзгөчө кырдаалдарга даярдыктын маанилүү жана ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Алардын милдети – өрчүп бара жаткан өзгөчө кырдаалдын имитациясын түзүү аркылуу учурдагы мүмкүнчүлүктөргө мониторинг жана баалоо жүргүзүүнү иштеп чыгуу же жүргүзүү болуп эсептелет», - деп белгиледи өз сөзүндө Кыргызстандагы ДССУнун өлкөлүк кеңсесинин өкүлү жана башчысы Назира Артыкова. «Алар адамдарга өз ролдорун жана милдеттерин иш жүзүндө көрсөтүүгө жана имитацияланган өзгөчө кырдаал учурунда тажрыйба алууга мүмкүнчүлүк берүү менен, өзгөчө кырдаалдарга чейин чара көрүү мүмкүнчүлүктөрүндөгү кемтиктерди аныктоого жана алардын ордун толтурууга жардам берет. Бүгүнкү машыгуу кайсы жерде көйгөйлөр жаралышы мүмкүн экенин жана биздин өлкөнүн шартында кандай өркүндөтүүлөр жана жакшыртуулар зарыл экенин түшүнүүгө жардам берди».

 «COVID-19 илдети биздин чара көрүү системабыз алсыз экенин, биз келечектеги пандемияга жана коомдук саламаттык сактоо жаатындагы коркунучтарга даярданууну улантышыбыз керек экендигин көрсөттү. Биз бардыгынын коопсуздугун камсыз кылмайынча эч ким коопсуз боло албайт. Ал эми мындай имитациялык машыгуулар жалпы коопсуздукту камсыз кылуу максатында пландарды тестирлөөгө жана жакшыртууга багытталган», - деп билдирди өз сөзүндө Европа биримдигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Ханс Фарнхаммер мырза.

«Практикалык машыгууларды өткөрүү биринчиден, биздин операциялык жол-жоболорубузду сынап көрүүгө, экинчиден, реалдуу кырдаал түзүлгөнгө чейин аларды жакшыртууга, үчүнчүдөн, өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү жана келечектеги коркунучтарга даярдануу үчүн коомдук саламаттык сактоо системасынын потенциалын жогорулатууга мүмкүндүк берет. Бардык өнөктөштөргө масштабдуу практикалык машыгууларды уюштурууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдиргим келет», — деп билдирди Саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева.

Машыгууга көптөгөн кызыкдар тараптар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин транспортунда мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, Республикалык карантиндик жана өтө кооптуу инфекциялар боюнча республикалык борбордун, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бажы кызматынын, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык инспекциянын, КР Ички иштер министрлигинин, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, “Манас” эл аралык аэропортунун дирекциясынын өкүлдөрү жана Европа Союзунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү катышышты.

***

Маалымат үчүн: Бул имитацияциялык машыгуу өзгөчө кырдаалдарга даярдык жана чара көрүүнү камсыз кылууга көмөк көрсөтүү боюнча ДССУнун өлкөдөгү ишмердигинин алкагында уюштурулган төртүнчү иш-чара болуп эсептелет (2019-жылдан 2022-жылга чейин). Алар өлкөнүн коомдук саламаттык сактоо кызматынын даярдыгын камсыз кылуу максатында күчтүү жана координацияланган көп сектордук кызматташуунун үлгүсү болду.

ДССУ бул иш-чараны Европа Биримдиги (ЕБ) жана ДССУнун Европа  Регионалдык бюросу тарабынан каржылануучу “COVID-19 Борбордук Азия өлкөлөрүндө: Кризиске жооп кайтаруу чаралары” (CACCR) программасынын алкагында уюштурду. Бул долбоор Казакстан, Кыргызстан жана Түркмөнстанды камтыйт жана бул өлкөлөрдө COVID-19 пандемиясынын алдын алууга, аныктоого жана ага каршы чара көрүүгө багытталган.

Алмаз Жумалиев

Алмаз Жумалиев

ДССУ
Коомчулук менен байланыш боюнча кызматкер

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ДССУ
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар