Пресс-релиз

Швейцария климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу жана табигый кырсык тобокелдигин кыскартууну колдоо үчүн 2,2 миллион АКШ долларын бөлөт

28 июнь 2022

Бүгүн, 28-июнда, Швейцариянын элчиси Оливье Бангертер менен Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ ДАТП) директору Кожиро Накай Швейцариянын БУУ ДАТПтын 2018-2022-жылдарга карата Өлкөнүн стратегиялык планын (ӨСП) ишке ашырууга болгон салымы боюнча келишимге кол коюшту.

Швейцариянын өкмөтү 2,2 миллион АКШ долларды БУУ ДАТПтын элет жериндеги аялуу кишилерди климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу жана табигый кырсык тобокелдигин кыскартууга багыттаган компонентине бөлөт. Бул компоненттеги аракеттерди БУУ ДАТП Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте ишке ашырат.

Долбоордун алкагындагы иш чаралар Ош, Баткен жана Нарын облустарын камтып, болжолу менен 50 миң аялуу үй-бүлөгө, максаттуу жергиликтүү бийликке жана улуттук деңгээлдеги мекемелерге кургакчылык, суу ташкын, жер көчкү ж.б.у.с. табигый тобокелдиктерди кыскартууга колдоо көрсөтүлөт. Бенефициарларга климат боюнча ишенимдүү жана өз убагында жеткен маалымат таратылып, табигый тобокелдикке каршы пландоо боюнча жардам жана инфраструктуралык колдоо көрсөтүлөт.

Климатка байланыштуу коркунучтарды алдын алуу, ошондой эле анын азык-түлүк жана тамактануу коопсуздугуна тийгизген таасирин азайтуу үчүн табигый кырсык тобокелдиктерин башкаруу боюнча иш-чаралар дагы күчөтүлөт. Калктын аялуу катмарына азык-түлүк таратылып жана азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө камсыздандыруу куралдары демилгеленип жана табигый кырсыктарга каршы даярдыкты жогорулатуу боюнча окутуулар уюштурулат.

Бул демилге бир жылдын ичинде ишке ашырылат.

Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жөнүндө толук маалымат алуу үчүн Алмаз Чороевге кайрылыңыз, 0550 577 597, almaz.tchoroev@wfp.org

Кыргыз Республикасындагы Швейцария элчилигинин ишмердүүлүгү боюнча көбүрөөк маалымат алуу үчүн Турсунай Чодурова менен байланышыңыз, тел: (0770) 710054, email. почта: tursunai.chodurova@eda.admin.ch

***

Швейцария өкмөтү Кыргыз Республикасын өнүктүрүүгө жардам көрсөтүүдө. 1994-жылдан бери Швейцария Кыргызстанга техникалык, каржылык жана гуманитардык колдоо иретинде 450 миллиондон ашуун швейцариялык франк бөлүп берген. Толук маалымат алуу үчүн https://www.eda.admin.ch/bishkek  интернет баракчасына кириңиз.

Бизге www.facebook.com/SwissEmbassyKyrgyzstan, www.instagram.com/swissembkyrgyz  сайтынан жазылыңыз.

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы өзгөчө кырдаалдарда өмүрлөрдү сактап, чыр-чатактардан, табигый кырсыктардан жана климаттын өзгөрүүсүнөн жабыркаган адамдарга туруктуу келечек курууга жардам берген дүйнөдөгү ири гуманитардык уюм.

Бизди https://www.facebook.com/WorldFoodProgrammeKyrgyzstan/, https://www.instagram.com/wfp_kyrgyzstan коомдук медиадан тапсаңыз болот.

 

Алмаз Чороев

Алмаз Чороев

ДАТП
Коом жана донорлор менен байланыш боюнча кызматкер

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ДАТП
Дүйнөлүк азык-түлүк программасы

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар