Пресс-релиз

Кыргызстанда «Доорду өзгөрткөн аял лидерлиги» аттуу Экинчи Улуттук форуму өттү

24 август 2022

21-22-августта өлкөнүн бардык аймактарынан келген лидер жана саясатчы аялдардын, ошондой эле мамлекеттик кызматкерлердин катышуусунда «Доорду өзгөрткөн аял лидерлиги» аттуу Экинчи Улуттук форуму өттү. Форум аялдардын коомдун өнүгүүсүнө кошкон салымы, лидерликке байланыштуу факторлорду кайра карап чыгуу жана Кыргызстанды өнүктүрүүнүн биргелешкен стратегиясын түзүү боюнча аянтча болду.

DJI_0062

Форумга Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары, райондук, облустук администрациялардын өкүлдөрү, Кыргызстандын министрлер кабинетинде иштеген аялдар, «Эне-балага тирек» коомдук фондунун директору жана биринчи айым Айгүл Жапарова, экс-президент Роза Отунбаева, Кыргызстандагы БУУнун тутумунун туруктуу координатору Антье Граве, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана башка саясий лидерлер катышты.

Форумдун алкагында катышуучулар аялдардын лидерлигин жана анын көп түрдүүлүгүн илгерилетүү, ошондой эле жаңы чакырыктар, региондогу туруксуздук шарты менен реформалардын контекстинде өлкөнүн өнүгүүсүнө аялдардын кошкон зор салымын таануу маселелерин талкуулашты. Форумдун жүрүшүндө чечимдерди кабыл алуунун ар кандай деңгээлдеринде аялдардын лидерлигин илгерилетүү, аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулукту токтотуу, аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, аялдардын экологияга жана тынчтыкка кошкон салымын жогорулатуу боюнча биргелешкен иш-аракеттер планы иштелип чыкты.

UNW (630)

Биринчи айым Айгүл Жапарова аялдардын лидерлик форумдарын жыл сайын өткөрүү зарылдыгын белгилеп, «Ушундай жогорку деңгээлде уюшулган улуттук форумду жыл сайын өткөрүп турсак, өз жемишин берет деген ишеничим чоң», - деп кошумчалады.      

W (113)

Ошондой эле катышуучулар кыргыз илимин, өнөр жай, транспорт, электр инфраструктура, опера жана балет, билим берүү, тышкы саясат, маданият жана спорт тармагын түптөгөн лидер аялдардын жана заманбап Кыргызстанды түзүүгө салым кошкон аялдардын ролун белгилешти. Форумдун алкагында быйыл 100 жылдык мааракеси белгиленип жаткан Батыш Салиеванын урматына фото көргөзмө уюштурулуп, тасма көрсөтүлдү. Алсак, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев форумдун катышуучуларынын алдында сүйлөп, Кыргызстандагы мамлекеттүүлүктү түптөөгө аялдардын орду чоң экенин белгиледи. «Өткөндүн улуу инсандары Курманжан Датка, Уркуя Салиева, Батыш Салиева, Күлүйпа Кундучалова, Сакин Бегматова жана башкалар биздин республикабыздын азыркы ийгиликтеринин пайдубалын түптөп, жол ачышты», - деди министр.

_MGM4715

БУУнун Туруктуу координатору Антье Граве, өз сөзүндө Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдөгү прогрессти тездетүү үчүн аялдардын жана кыздардын лидерлигин жана коомдук турмушка катышуусун илгерилетүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Граве: «Аялдардын жана кыздардын коомдук турмушка катышуусу адамдын негизги укугу гана эмес, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн, ошондой эле коомдук биримдиктин зарылчылыгы», - деп айтты. Ал ошондой эле аялдардын жана кыздардын толук потенциалы үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн, анын ичинде зарыл болгон мыйзамдык базаны, күчтүү мамлекеттик колдоону жана аялдардын коомчулугун өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Иш-чара Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан Кыргызстандагы «БУУ-Аялдар» түзүмү жана Айгүл Жапарованын «Эне-балага тирек» коомдук фонду менен биргеликте БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын, Швейцария өкмөтүнүн жана Европа Биримдиги менен БУУнун «Теңдик Нуру» биргелешкен демилгесинин колдоосу менен уюштурулду. 

UNW (594)

W (260)

Калган сүрөттөрдү бул жерде көрсөңүз болот. 

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУ ТКК
БУУнун Туруктуу координаторунун кеңсеси
БУУнун Аялдар түзүмү
Бириккен Улуттар Уюмунун гендердик теңчилик жана аялдар укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү түзүмү
ДАТП
Дүйнөлүк азык-түлүк программасы

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар