Пресс-релиз

Өзгөчө кырдаалга жооп кайтаруу боюнча координация тобунун Кеңеши гуманитардык иш-чараларды талкуулады

21 сентябрь 2022

20-сентябрда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде (ӨКМ) Өзгөчө кырдаалга жооп кайтаруу боюнча координация тобунун (ӨКЖКТ) Кеңешинин жыйыны өттү. Анда жүргүзүлүп жаткан жана келечектеги гуманитардык иш-чаралар, анын ичинде жабыр тарткан коомчулуктардын гуманитардык муктаждыктарын ыкчам баалоо жараяны талкууланды.

 

ӨКЖКТнын өкмөт тарабынан теңтөрагасы, ӨКМдин биринчи орун басары Азамат Мамбетов учурдагы гуманитардык кырдаал тууралуу маалымат берип, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам иш алып барганы үчүн ӨКЖКТ мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирди.

ӨКЖКТнын БУУ тарабынан теңтөрагасы, БУУнун Туруктуу координатору Антье Граве каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтуу менен жабыркагандардын тезирээк сакайып кетүүсүн каалап, бардык жер которууга мажбур болгон адамдарга колдоо сөзүн айтты.

Ал жабыркаган коомчулуктар үчүн мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, анын ичинде балдар үчүн билим берүүнү кайра баштоо, ички жер которгондор үчүн лагерлерде гигиеналык жана санитардык чараларды уюштуруу жана психосоциалдык колдоо көрсөтүү жана башка маселелерди эске алуу менен гуманитардык аракеттердин деталдуу планын даярдоого жана калыбына келтирүү аракеттерине ар тараптуу катышуу үчүн муктаждыктарды баалоону жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

ӨКЖКТнын гуманитардык муктаждыктары ыкчам баалоо жараяны кийинки аптада жыйынтыкталат.

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУ ТКК
БУУнун Туруктуу координаторунун кеңсеси

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар