Пресс-релиз

Ош облусунда мектептер ысык тамак уюштурууда тажрыйба алмашты

26 сентябрь 2022

19-сентябрдан 23-сентябрга чейин Ош облусунун эки мектебинде БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП), Орусиянын Тармактык тамактануу институту менен биргеликте мектепте ысык тамак уюштуруу маселелери боюнча "Мектептерди өз ара окутуу" өнөктүгүнүн алкагында Кыргызстандын жети облусунун мектептеринин арасында тажрыйба алмашуу иш-сапар өткөздү.

Ысык тамакка өтүү - ар кандай себептерден улам мектептер үчүн оңой эмес, бирок маанилүү кадам. Мисалы, учурда зарыл талап кылынган шарттардын жоктугу (канализация, суу менен камсыздоо, ашкана бөлмөсү, тамак-аш блоктору, жабдуулар), каржылоонун жана тажрыйбалуу кадрлардын жетишсиздиги бир топ көйгөйлөрдү түзөт.

Орусия Федерациясы каржылык колдоосу менен, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан БУУ ДАТПнын жана СИФИнин техникалык жардамы менен ишке ашырылып жаткан Мектеп тамагын оптималдаштыруу программасы аркылуу, 850 мектеп ысык тамакка өттү. Алардын көпчүлүгү үлгү болуп, башка мектептерди ысык тамакка өтүүгө жана туура уюштурууга түрткү берүүдө.

Тажрыйба алмашуу иш-сапары мектептерге өсүп келе жаткан башталгыч класстын окуучуларына сапаттуу ысык тамак уюштурууга жардам берет. Өнөктүктүн алкагында мектептер ысык тамакка өтүү маселелеринде мыкты, чындыгында натыйжалуу уюштуруу жана башкаруу тажрыйбалары менен алмашты.

Иш-сапар Араван районундагы Сайдахматова атындагы орто мектептен башталды. Бул мектепте ар бир облустун делегациялары: мектеп директорлору, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, ата-энелер комитетинин же мектептердин камкорчулук кеңешинин өкүлдөрү, ошондой эле райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн мектеп тамагы боюнча адистери ысык тамак уюштуруу тажрыйбасы менен таанышып, күнөскананы жана мектептин ашканасын көрүштү. Ысык тамакка өтүү боюнча бир нече ишти өздөрү аныктап, ошондой эле мектеп тамагына азык-түлүк өндүрүү жана кошумча киреше алуу үчүн мектеп алдындагы участогун пайдалануу маселелери боюнча агро-тренингге катышышты.

Экинчи мектепте, Кара-Суу районундагы Парпиев атындагы мектептин ысык тамакка өтүү жана мектеп алдындагы күнөскананы пайдалануу тажрыйбасы менен таанышуудан тышкары, катышуучулар өз мектептеринде тамак-аштын сапатын жакшыртуу үчүн, эксперттердин жетекчилиги менен ар түрдүү жана пайдалуу меню түзүштү.

Тажрыйба алмашуу иш-сапары үчүн мектептерди тандоо бир нече этапта өттү. 2022-жылдын жаз айларында мектеп тамагын жакшыртууга кызыкдар жана учурдагы көйгөйлөрдү чечүүнү көздөгөн мектептер башка мектептердин ийгиликтүү тажрыйбаларын үйрөнүү өнөктүгүнө катышуу үчүн арыз жөнөтүштү. Уюштуруучулар жай мезгилинде ар бир облустан мыкты деп саналган бирден мектеп тандап алды.

Тажрыйба алмашуу иш-сапарынын жыйынтыгы боюнча, ар бир мектеп Ош облусундагы ийгиликтүү тажрыйбаны үйрөнүп, алган маалыматтарына ылайык мектеп тамагын жакшыртуу боюнча өз иш планын түздү. Келечекте мектептерге иштелип чыккан долбоорлорду ишке ашырууда консультациялык колдоо көрсөтүлөт.

Алмаз Чороев

Алмаз Чороев

ДАТП
Коом жана донорлор менен байланыш боюнча кызматкер

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ДАТП
Дүйнөлүк азык-түлүк программасы

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар