Пресс-релиз

БУУ Кыргыз Республикасын БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине шайланышы менен куттуктайт

14 октябрь 2022

Photo: © UN

11-октябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын 17-отурумунда Кыргыз Республикасы БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин мүчөлүгүнө шайланды. Ушуну менен Кыргызстан аталган кеңешке үчүнчү жолу үч жылдык мөөнөткө шайланууда.

БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине шайлануу – чоң жетишкендик жана башка мамлекеттерге үлгү болуу менен, адам укуктарын илгерилетүү боюнча ыкчам аракеттерди жасоого уникалдуу мүмкүнчүлүк түзөт.

Кыргыз Республикасындагы БУУ тутуму БУУнун Адам укуктары боюнча Кеңешине шайланаар алдында Кыргыз Республикасы тарабынан ыктыярдуу түрдө берилген убадаларды жана милдеттенмелерди кубаттайт, өзгөчө адам укуктарынын эл аралык механизмдери менен кызматташууну бекемдөө; саясатты иштеп чыгууга катышуу үчүн жарандык коомдун потенциалын жогорулатуу; адам укуктары боюнча калктын маалымдуулугун жогорулатуу; жаш балдардын укуктарын илгерлетүү жана коргоо; укук коргоо органдарынын кызматкерлерин окутуу; аялуу топторду коргоо; майыптуулугу бар адамдардын укуктарын колдоо; аялдардын жана кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.

Бул ыктыярдуу милдеттенмелер жана убадалар буга чейин Кыргыз Республикасындагы жетишилген прогрессти бекемдеп жана бардык адамдар үчүн адам укуктарын жана негизги эркиндиктерин урматтоону андан ары күчөтүп, тийиштүү саясатты, мыйзамдарды жана иш-аракеттерди ишке ашырууга негиз боло алат. БУУнун системасы өлкөдөгү адам укуктарын илгерилетүү боюнча өкмөт, жарандык коом жана бардык өнөктөштөр менен кызматташууга даяр.

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ФАО
БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму
ИФАД
Эл аралык айыл чарба өнүктүрүү фонду
ЭАЭУ
Эл аралык эмгек уюму
МЭАУ
Миграция боюнча эл аралык уюму / БУУнун Миграция боюнча агенттиги
ЭАСБ
Эл аралык соода борбору
БУУ АУЖКБ
Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы
БУУ ТКК
БУУнун Туруктуу координаторунун кеңсеси
БУУнун Аялдар түзүмү
Бириккен Улуттар Уюмунун гендердик теңчилик жана аялдар укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү түзүмү
ЮНЭЙДС
АИВ/ЖИКС боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун бириктирилген программасы
БУУӨП
Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы
БУУ Айлана-чөйрө
Бириккен Улуттар Уюмунун айлана-чөйрө боюнча программасы
ЮНЕСКО
Бириккен Улуттар Уюмунун Билим, илим жана маданият боюнча мекемеси
ЮНФПА
Бириккен Улуттар Уюмунун Калк жайгаштыруу фонду
БУУ КЖКБ
Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы
ЮНИСЕФ
Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду
ЮНИДО
Бириккен Улуттар Уюмунун Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча департаменти
БУУ БКБ
Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы
БУУ БАПДБ
Бириккен Улуттар Уюмунун Борбордук Азия үчүн Превентивдүү дипломатия боюнча аймактык борбор
ДАТП
Дүйнөлүк азык-түлүк программасы

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар