Пресс-релиз

Жапония чек ара кагылышуусунан жапа чеккен Баткен жана Ош облустарындагы аялуу топторду колдоо үчүн 1 миллион АКШ долларын бөлдү

02 ноябрь 2022

Бишкек – БУУнун Качкындар иштери боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгына (БУУ КЖКБ) жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасына (БУУ ДАТП) кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуулардан жабыркаган миңдеген адамдарды колдоо үчүн Жапония Өкмөтү 1 миллион АКШ долларын бөлдү.

БУУ ДАТП кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуулардын натыйжасында жабыркаган аялуу калктын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн 500 000 АКШ долларын алат. Жапониянын көмөгү менен жана Кыргыз Өкмөтү менен макулдашылган ыкма аркылуу БУУ ДАТП эвакуацияланган кишилерге жана кабыл алуучу үй-бүлөлөргө, ошондой эле туруктуу жашаган жерлерине кайтып келген кишилерге байытылган буудай унун жана өсүмдүк майын таратат.

БУУ КЖКБ чыр-чатактан улам эвакуацияланган жана туруктуу жашаган жерлерине кайтып келген кишилерди коргоо үчүн 500 000 АКШ долларын алат. Колдоо, анын ичинде укуктук маселелерге байланышкан тобокелдиктерди аныктоо жана ага жооп берүү, ошондой эле документтерди калыбына келтирүү үчүн юридикалык жардам көрсөтүү аркылуу ишке ашырылат. Жапониянын колдоосу менен БУУ КЖКБ тарабынан убактылуу эвакуацияланган жана өз үйлөрүнө кайтып келген кишилерге жана кабыл алуучу жамааттарга Кыргызстандагы суук кыш мезгилинде күнүмдүк керектелүүчү буюмдар жана убактылуу турак жайлар сунушталат.

БУУнун эки агенттиги Баткен жана Ош облустарында үч айдын ичинде 55 000ден ашуун аялуу кишилерге жардам көрсөтөт.

"Жапония Өкмөтү бул салым Кыргыз Республикасынын элине кыйынчылыктарды жеңүүгө жана Кыргыз Республикасы менен Тажикстандын чек арасындагы кагылышуулардан улам келип чыккан гуманитардык кырдаалга жооп кайтарууга жардам берет деп үмүттөнөт", - деди Улуу урматтуу Года Хидэки, Жапониянын Кыргыз Республикасындагы элчиси. "Гранттык жардам БУУнун агенттиктерине азык-түлүк, турак-жай, адамдарды коргоо жана азык-түлүк эмес гуманитардык колдоо көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет". 

"Жапония өкмөтүнүн салымы дүйнөлүк азык-түлүк кризиси бүтүндөй Жер шарына болуп көрбөгөндөй көйгөйлөрдү жараткан оор мезгилде келди. Кыш жакындаган сайын биз чек арага жакын райондордогу аялуу адамдарга азык-түлүк жардамын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берген грант үчүн ыраазыбыз", - деди БУУ ДАТПнын өкүлү жана өлкөлүк директору Кожиро Накай. - "БУУнун башка агенттиктери жана өнөктөштөрү менен биргеликте биз келечекте жамааттын инфратүзүмдөрүн жакшыртуу менен тез арада колдоо көрсөтөбүз деп үмүттөнөбүз".

"Эвакуацияланган жана кайтып келген кишилердин көптүгүнөн, ошондой эле мамлекеттик кызматтардын жана колдоо тармактарынын үзгүлтүккө учурашынан улам, аялуу топтор көбүрөөк коргоого муктаж", — деди БУУ КЖКБнын Борбордук Азиядагы өкүлү Ханс Фридрих Шоддер. - "Жапониянын салымы менен БУУ КЖКБ эвакуацияланган жана өз үйлөрүнө кайтып келген кишилерди, ошондой эле алардын үй-бүлөлөрүнүн актуалдуу муктаждыктарын канааттандыра алат. Анын ичинде социалдык жана медициналык кызматтарды жана башка укуктарды камсыз кылуу үчүн аты-жөнүн тастыктаган документтерди калыбына келтирүүгө жардам берүү. Кыштын жакындап кела жатканы кошумча кыйынчылыктарды алып келет.  Эвакуацияланган жана аларды кабыл алган жамааттар, ошондой эле туруктуу жашаган жерлерине кайтып келгендер коопсуз, жылуу жана татыктуу турак жайга муктаж".

2022-жылдын сентябрь айында орун алган Кыргыз Республикасынын түштүгүндөгү Тажикстан менен чек арадагы зомбулук 140 000ден ашуун адамдын эвакуациялануусуна алып келди. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен БУУнун өлкөлүк тобу Кыргыз Республикасында Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүнү координациялоо боюнча тобун (ӨКЧККТ), БУУ агенттиктеринин, Кызыл Крест, Кызыл Жарым Ай кыймылынын жана өкмөттүк эмес уюмдардын катышуусу менен мекемелер аралык координациялык механизмди ишке киргизди. Бул топто БУУ КЖКБ коргоо секторун жетектейт жана авариялык турак жай/азык-түлүк эмес товарлардын ишине өз салымын кошот, ал эми БУУ ДАТП болсо мекемелер аралык топто азык-түлүк коопсуздугу жана логистика тармактарын жетектейт.

21-октябрда Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүнү координациялоо боюнча тобу атайын планын ишке киргизди, анын максаты жабыр тарткан адамдардын арасында 77 700ден ашуун аялуу кишилерди камтуу болуп саналат. План боюнча, ушул жылдын аягына чейин гуманитардык муктаждыктарды канааттандыруу үчүн 14,7 миллион АКШ доллар талап кылынат.

Өкмөттүн кайрылуусу боюнча БУУнун агенттиктери кырсыктарга/өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүнү координациялоо боюнча топ тарабынан жүргүзүлгөн өзгөчө кырдаалдарда иш-аракеттерди ыкчам баалоо жана координациялоо тобунун миссиясынын бир бөлүгү болгон. Бул топ жабыр тарткан райондордогу сурамжыланган калктын 38 пайызы жетиштүү азык-түлүк сатып алууда кыйынчылыктарга туш болуп жаткандыгы, ал эми базарлардын чектелген ишмердүүлүгү Баткен жана Лейлек райондорунда жана Ош облусунун эки районунда байкалган. Андан тышкары жабыркаган тарап чукул кырдаал учурунда баш калкалоочу жай жана адамдык жоготуулар менен талкаланган мүлк үчүн кенемте маселесин көтөрүшкөн.

Толук маалымат алуу үчүн:

Марико Холлго, БУУ КЖКБ, Тышкы байланыштар бөлүмү| Тел.: +7 727 258 4598, моб. +7 701 098 6650, эл. почта: hallma@unhcr.org

Алмаз Чороевге, Коомчулук менен байланыш бөлүмү, БУУ ДАТП| Тел.: +996312660033, моб.: +996 550 577 597, электронная почта: almaz.tchoroev@wfp.org кайрылыңыз.

 

#             #             #

 

БУУнун качкындар боюнча агенттиги (БУУ КЖКБ) чыр-чатактардан жана куугунтуктоолордон жер которууга аргасыз болгон кишилерди коргоп, маанилүү колдоо көрсөтүү, адамдын негизги укуктарын коргоо жана жаркын келечек курууга жардам берет. БУУ КЖКБ 1995-жылы Кыргызстанда өз өкүлчүлүгүн ачып, аргасыз жер которгон жана жарандыгы жок кишилер үчүн чечимдерди издөөдө жана аларды коргоодо, ошондой эле өзгөчө гуманитардык кырдаалдарга чара көрүүдө өкмөткө колдоо көрсөтүп келет.

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы өзгөчө кырдаалдарда өмүрлөрдү сактап, чыр-чатактардан, табигый кырсыктардан жана климаттын өзгөрүүсүнөн жабыркаган адамдарга туруктуу келечек курууга жардам берген дүйнөдөгү ири гуманитардык уюм.

Алмаз Чороев

Алмаз Чороев

ДАТП
Коом жана донорлор менен байланыш боюнча кызматкер

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУ КЖКБ
Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы
ДАТП
Дүйнөлүк азык-түлүк программасы

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар