Пресс-релиз

Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу гендердик облигациялар сатыкка чыкты

18 ноябрь 2022

1 (1)

 

 2022-жылдын 18-ноябрда Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу гендердик облигациялардын сатыгы башталды. Азия Банкы гендердик облигацияларды эмитент катары чыгарган биринчи банк. Аталган баалуу кагаздардын максаты ишкер аялдардын бизнесин өнүктүрүүгө, аялдардын бакубаттуулугун жана жашоосун жакшыртууга, гендердик теңчиликке жетишүүгө жана аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.

Бул демилгенин өнөктөштөрү – Кыргыз Республикасындагы «БУУ-Аялдар» түзүмү, Кыргыз Республикасынын Экономикалык саясатты изилдөө институту, AIFC Green Finance Center Ltd. Жашыл Каржы Борбору, «Кыргыз фондулук биржасы» жабык акционердик коому, «Сенти» Финансылык компаниясы жоопкерчилиги чектелген коому.

Гендердик облигациялар – төмөндөтүлгөн пайыздык чендер менен насыя берүү аркылуу ишкер аялдардын бизнесин өнүктүрүү боюнча фондулук рыноктук инструмент. Облигациялар аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн гана эмес, гендердик экономиканын өнүгүшүнө да оң таасирин тийгизет.

«БУУ-Аялдар» түзүмүнүн Кыргызстандагы өкүлү Улзийсурен Жамсран куттуктоо сөзүндө гендердик облигациялар, аялдардын ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программага жана 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук стратегияга он таасирин береерин баса белгиледи. «Бул демилгенин алкагында коомчулукка чоң дивиденддерди алып келе турган шаар четинен, айыл аймактардан жана Кыргызстандын ар кыл булуң-бурчунан келген ишкер аялдарга өзгөчө көңүл бурулат. Анткени аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана туруктуу экономикалык өсүшү бири-бирин толуктап турган жараян», - деди уюмдун өкүлү.

Ачык сатыкка номиналдык баасы 1000 сом болгон 82 000 даана облигация коюлган. Алардын жүгүртүү мөөнөтү 3 жыл, эмиссиянын көлөмү 82 000 000 сомду түзөт. Жарым сааттык сатуу маалында облигациялардын 25%га (20,500,000 сом) сунуштар түштүп,

алардын негизинде жеке сектор тарабынан сатылып алынды. Биринчи кайрылгандардын катарында «Кыргызстан пенсиялык топтоо фонду» ААКсы, «Азия Банкынын» акционери Ли Джонг Бек, бизнесмен Жумабек Салымбеков, World Class компаниясынын башкы директору.

Маалымат үчүн:

Социалдык облигациялардын чыгарылышы классикалык облигациялардан айырмачылыктарынын бири, биринчилери максаттуу облигациялар болуп саналат, алардан тартылган каражаттар социалдык долбоорлорго багытталып, Капитал рынокторунун Эл аралык ассоциациялары (ICMA) тарабынан белгиленген Эл аралык принциптерге ылайык чыгарылат. Социалдык облигацияларды чыгаруу долбоорун текшерүүнү (верификацияны) ICMA жана Climate Bonds Initiative тарабынан аккредиттелген Борбордук Азиядагы жападан жалгыз компания болгон Астана Жашыл Каржы Борбору GFC жүргүзөт. Мисалы, Казакстандын рыногунда, GFC маалыматы боюнча, жашыл облигациялардын жана

кредиттердин 60% Жашыл Каржы Борбору тарабынан текшерилген жана Global Green Finance Index боюнча Чыгыш Европада жана Борбордук Азияда №1 эл аралык таанууга ээ болгон.



Облигацияларды сатып алуу үчүн арызды www.inet.kg сайтына калтырсаңыз болот.

Иш-чарадагы сүрөттөр

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУнун Аялдар түзүмү
Бириккен Улуттар Уюмунун гендердик теңчилик жана аялдар укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү түзүмү

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар