Пресс-релиз

Жапония Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы зомбулуктун чыңалуусунан жабыркаган 25 000ден ашуун кишиге колдоо көрсөтөт

20 январь 2023

Баткен – Жапониянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Хидеки Года Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Исаков Жаныбек мырзага азык-түлүк жана азык-түлүк эмес жардамды расмий түрдө өткөрүп берди. Символикалык салтанат Баткен шаарында Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри К. Базарбаев мырзанын жана Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары А. Мамбетов мырзанын катышуусу менен өттү. Жапония Өкмөтү тарабынан колдоо Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар иштери боюнча агенттиги (БУУ КЖКБ) жана БУУнун Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) аркылуу көрсөтүлөт.

БУУ ДАТПга кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуулардын натыйжасында жабыркаган аялуу калктын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн 500 000 АКШ доллары берилди. Жапониянын көмөгү менен жана Кыргыз Өкмөтү менен макулдашылган ыкма аркылуу БУУ ДАТП жабыркаган аймактардагы коомдук иш-чараларга катышкан 25 000 эвакуацияланган кишилерди, кабыл алуучу үй-бүлөлөрдү жана туруктуу жашаган жерлерине кайтып келген кишилерди 496 тонна байытылган буудай уну жана өсүмдүк майы менен камсыз кылды. Бул иш-чаралар жамааттын инфратүзүмдөрүн калыбына келтирүүнү, сугат түтүктөрүн, дренажды жана каналдарды тазалоону камтыйт. Керектүү иш-чаралар боюнча маалымат жабыр тарткан жамааттардан жергиликтүү бийлик органдары жана тиешелүү министрликтери менен тыгыз кызматташтыкта аныкталган.

БУУ КЖКБга эвакуацияланган жана туруктуу жашаган жерлерине кайтып келген кишилерге коргоо көрсөтүүгө, өзгөчө кырдаалдарда турак жай менен камсыз кылууга жана кышка даярданууга жардам берүү үчүн 500 000 АКШ доллары бөлүнгөн. Долбоордун алкагында БУУ КЖКБ Кыргызстандагы Кызыл Жарым Ай коому аркылуу эвакуацияланган жана туруктуу жашаган жерлерине кайтып келген кишилерге, ошондой эле кабыл алуучу жамааттарга үйлөрү калыбына келтирилгенге чейин суук кыштан коргоо үчүн зарыл болгон буюмдарды, жылытуу үчүн көмүрдү жана убактылуу турак жайларды берет. Жапониянын салымы ошондой эле БУУ КЖКБга "Фергана өрөөнүнүн юристтери" бейөкмөт уюму менен биргеликте эвакуацияланган кишилерди негизги кызматтар, социалдык жөлөкпул жана гуманитардык жардам алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга, инсандыгын юридикалык жактан тастыктаган документин, мүлктөрдү жана жарандык документтерди, анын ичинде туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү калыбына келтирүүгө жардам берет.

 

Толук маалымат алуу үчүн:

Елена Симге, БУУ КЖКБ, Тышкы байланыштар бөлүмү| тел: +7 727 258 4598, моб. ++7 701 993 67 43, эл. почта: sim@unhcr.org

Алмаз Чороевге, Коомчулук менен байланыш бөлүмү, БУУ ДАТП| Тел.: +996312660033, моб.: +996 550 577 597, эл. почта: almaz.tchoroev@wfp.org кайрылыңыз.

#             #             #

БУУнун качкындар боюнча агенттиги (БУУ КЖКБ) чыр-чатактардан жана куугунтуктоолордон жер которууга аргасыз болгон кишилерди коргоп, маанилүү колдоо көрсөтүү, адамдын негизги укуктарын коргоо жана жаркын келечек курууга жардам берет. БУУ КЖКБ 1995-жылы Кыргызстанда өз өкүлчүлүгүн ачып, аргасыз жер которгон жана жарандыгы жок кишилер үчүн чечимдерди издөөдө жана аларды коргоодо, ошондой эле өзгөчө гуманитардык кырдаалдарга чара көрүүдө өкмөткө колдоо көрсөтүп келет.

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы өзгөчө кырдаалдарда өмүрлөрдү сактап, чыр-чатактардан, табигый кырсыктардан жана климаттын өзгөрүүсүнөн жабыркаган адамдарга туруктуу келечек курууга жардам берген дүйнөдөгү ири гуманитардык уюм.

 

 

Алмаз Чороев

Алмаз Чороев

ДАТП
Коом жана донорлор менен байланыш боюнча кызматкер

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУ КЖКБ
Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы
ДАТП
Дүйнөлүк азык-түлүк программасы

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар