Пресс-релиз

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Жапония жана БУУ ДАТП 4,5 млн. долларлык долбоорун ишке киргизди

19 февраль 2026

Бишкек – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) менен өнөктөштүктө кол коюу аземин өткөрүп, жаңы долбоордун башталышын белгилешти. Айыл чарбасында климаттын өзгөрүшүнө туруктуу кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү долбоору Жапония өкмөтүнүн каржылоосу менен ишке ашырылууда.

Айыл чарбасы өлкөдөгү айылдык жамааттар үчүн негизги каражат булагы бойдон калууда. Бирок, бул сектор барган сайын климаттын өзгөрүшүнөн, суу тартыштыгынан, ошондой эле заманбап айыл чарба ыкмаларынын жетишсиздигинен жабыр тартып жатат.

"Бул демилге биздин айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана айыл чарба кооперативдерин чыңдоо боюнча улуттук өнүгүү багыттырын толуктайт. Натыйжада фермерлердин туруктуулугу жогорулайт", - деди Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-министр, Бакыт Төрөбаев мырза. "Бул өнөктөштүк чакан фермерлерди колдоо жана өлкө боюнча элет өндүрүүчүлөрдү бириктирүү боюнча биргелешкен аракеттердин зарылдыгын көрсөтүүдө".

Жапония өкмөтүнүн 4,5 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү каржылоосу менен Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы 17 000 чакан фермерге колдоо көрсөтүлмөкчү. Долбоор климаттын өзгөрүшүнө эң аялуу аймактарда азык-түлүк коопсуздугун, тамактанууну жана жашоо каражаттарын жакшыртууга багытталат. Чакан фермерлердин, өзгөчө аялдардын мүмкүнчүлүктөрү өз ара жардам берүү топтору/айыл чарба кооперативдери аркылуу кеңейтилип, бул демилге өндүрүмдүүлүктү жана кирешени жогорулатат. Ошондой эле суу жана жерди туруктуу башкаруусу жакшырып, тоолуу жамааттарда рыноктук байланыштар бекемделмекчи.

"Жапония Кыргыз Республикасындагы айыл аймактарын туруктуу өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн демилгени маанилүү деп эсептейт", - деди Улуу урматтуу Хирано Рюити Мырза, Жапониянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси. " Узак мөөнөттүү азык-түлүк коопсуздугу менен экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу максатында долбоор аркылуу азык-түлүк тутумдарын бекемдеп, чакан фермерлердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө умтулабыз".

Долбоор Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) техникалык колдоосу менен ишке ашырылып, кластерлердин негизинде мөмө-жемиштердин жана жашылчалардын кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү боюнча Министрликтин башкы планына өз салымын кошмокчу.

«Бул демилге мурунку жетишкендиктерге таянып, нарк чынжыры боюнча байланыштарды бекемдөөгө, дыйкандардын өндүрүмдүүлүгүн жана кирешесин жогорулатууга, ошондой эле башкы пландын алкагында кластерлердин мындан аркы өнүгүшүнө көмөк көрсөтөт», — деди Нишигата мырза, Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Кыргыз Республикасындагы өкүлү.

 

Бул демилге дыйкандарды:

- жогорку сапаттагы көчөттөр;

- тамчылатып сугаруу системасы менен жабдылган климаттык шарттарга туруктуу күнөскана инфраструктурасы;

- суу резервуарлары;

- органикалык компостторду өндүрүүчү жайлары;

- түшүм жыйноодон кийинки жоготууларды азайтуу үчүн чакан сактоочу жайлары менен камсыз кылат.

Ошондой эле фермерлерге төмөнкү окуттулар өткөрүлөт:

- айыл чарбасын жүргүзүүдө климаттык шарттарды эске алуу;

- түшүм жыйноодон кийинки башкаруу;

- кооперативдерди жана финансыларды башкаруу.

"Жапония өкмөтү, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен өнөктөштүк Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасын, ошондой эле 2025-2030-жылдарга карата азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу программасын ишке ашырууну колдоо биздин жалпы милдеттенмебизди чагылдырат", - деди БУУ ДАТПнын Кыргыз Республикасындагы Өкүлү жана директору Кожиро Накай мырза. "Суунун тартыштыгын жана аба ырайынын өзгөрүүлөрүн эске алып, туруктуу чечимдерди колдоо аркылуу биз чакан фермерлерге туруктуу каражат булактарын түзүүгө жардам беребиз".

Жапония – Кыргыз Республикасындагы БУУ ДАТПнын көптөн берки стратегиялык өнөктөшү. Бул салым буга чейинки колдооорго негизделет. Анын ичинде Баткен кризиси учурундагы өзгөчө жардам, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, рынокко багытталган жана климаттык шарттарды эске алган айыл чарба ыкмаларын илгерилетүү да колдоого алынган. Бул

каржылоо элет жамааттардын туруктуулугун бекемдеп, өлкө боюнча адам капиталын өнүктүрүүнү колдойт.

# # #

 

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы өзгөчө кырдаалдарда өмүрлөрдү сактап, чыр-чатактардан, табигый кырсыктардан жана климаттын өзгөрүүсүнөн жабыркаган адамдарга туруктуу келечек курууга жардам берген дүйнөдөгү ири гуманитардык уюм.

 

Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жөнүндө толук маалымат алуу үчүн Алмаз Чороевге кайрылыңыз, 0550 577 597, almaz.tchoroev@wfp.org

Алмаз Чороев

Алмаз Чороев

ДАТП
Коом жана донорлор менен байланыш боюнча кызматкер

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ДАТП
Дүйнөлүк азык-түлүк программасы

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар