Кыргызстан жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү аркылуу коомдук биримдикти бекемдейт
15 апрель 2026
Бишкек, 2026-жылдын 15-апрели — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргызстандагы Бириккен Улуттар Уюму коомдук биримдикти бекемдөө жана өлкө боюнча туруктуу тынчтыкты илгерилетүү максатында Тынчтык куруу фонду (PBF) тарабынан каржыланган «Коомдук биримдик үчүн жаштардын өз ара байланыштарын өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» аттуу жаңы долбоорду ишке киргизишти.
Долбоор UNICEF, UNFPA жана UNESCO тарабынан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен өнөктөштүктө биргелешип ишке ашырылат.
Бул демилге өспүрүмдөргө жана жаштарга тынчтык куруу, сынчыл ой жүгүртүү, ошондой эле медиа жана маалыматтык сабаттуулук көндүмдөрүн өнүктүрүүгө колдоо көрсөтөт. Ошондой эле жаштардын демилгелерин илгерилетүүгө, муундар аралык диалогду өнүктүрүүгө жана коомчулуктун деңгээлинде иш-аракеттерди күчөтүү аркылуу ишенимди жана инклюзияны бекемдөөгө багытталат.
Долбоордун ачылыш иш-чарасына мамлекеттик органдардын, Бириккен Улуттар Уюмунун, жарандык коомдун, жаштар уюмдарынын жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышты. Талкууларда коомдук биримдикке таасир эткен негизги чакырыктар, анын ичинде дезинформация, жек көрүү тили жана жаштардын чечим кабыл алуу процесстерине чектелген катышуусу белгиленди.
«Бул долбоор Кыргызстандагы улуттук өнүгүү артыкчылыктарына түздөн-түз жооп берет, анткени ал коомчулук деңгээлинде туруктуулукту бекемдеген мүмкүнчүлүктөргө жана өз ара байланыштарга инвестиция салат», — деди Антье Граве айым, Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Туруктуу координатору. «Ошондой эле бул демилге Бириккен Улуттар Уюмунун биргелешкен аракеттеринин күчүн көрсөтүп, UNESCO, UNFPA жана UNICEF уюмдарынын өз ара толуктоочу тажрыйбасын бириктирүү аркылуу улуттук жана жергиликтүү өнөктөштөргө ишенимди, катышууну жана коомдук биримдикти бекемдөөдө колдоо көрсөтөт».
«Медиа жана маалыматтык сабаттуулукту, ошондой эле тынчтык куруу боюнча компетенцияларды өнүктүрүү жаштар арасында маалыматты сынчыл талдоо, дезинформацияга туруктуулук жана санариптик чөйрөдө жоопкерчиликтүү жүрүм-турум көндүмдөрүн түздөн-түз калыптандырат. Бул жек көрүү тилинин жайылышын алдын алуу жана тынч диалог маданиятын калыптандыруу үчүн маанилүү негиз болуп саналат», — деп белгиледи Надира Жусупбекова айым, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары.
Долбоор 36 ай аралыгында Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош жана Чүй облустарында ишке ашырылат.