Пресс-релиз

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана БУУ туруктуу өнүгүү боюнча жетишилген жыйынтыктарды талкуулашты

14 май 2026

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Бириккен Улуттар Уюму бүгүн Ынтымак Ордодо өткөн Стратегиялык координациялык комитеттин төртүнчү жыйынында Бириккен Улуттар Уюмунун Туруктуу өнүгүү боюнча кызматташтык алкактык программасын (UNSDCF) 2023–2027-жылдарга ишке ашыруунун жүрүшүн карап чыгып, анын акыркы этабы үчүн стратегиялык артыкчылыктарды жактырышты.

Жыйын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев мырзанын жана Кыргыз Республикасындагы БУУнун Туруктуу координатору Антье Граве айымдын тең төрагалыгы алдында өтүп, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн жана БУУнун Өлкөлүк курамасын бириктирди.

Катышуучулар 2030 жылга карата Улуттук өнүктүрүү программасы жана Туруктуу өнүгүү максаттарына ылайык экономикалык өсүштү, элдин жашоо деңгээлин жогорулатууга, жакырчылыкты жана теңсиздикти кыскартууга, ошондой эле аялдар, жаштар, майыптыгы бар адамдар жана башка аялуу топтор сыяктуу артта калуу коркунучунда турган адамдар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган прогрессти белгилешти.

«Стратегиялык координациялык комитет биргелешкен ишибизди Кыргызстандын өнүгүү муктаждыктарына шайкеш келтирип, жалпы артыкчылыктарды аныктоого көмөктөшкөн маанилүү аянтча болуп саналат. Бүгүн Биргелешкен иш пландарынын жана кийинки Кызматташтык алкактык программасынын жол картасынын жактырылышы адамдар үчүн конкреттүү натыйжаларга багытталган өнөктөштүктүн айкын мисалы болду», - деди Кыргыз Республикасындагы БУУнун Туруктуу координатору Антье Граве айым.

Жактырылган стратегиялык артыкчылыктар адам капиталын өнүктүрүүгө, климаттык туруктуулукту жогорулатууга, инклюзивдүү башкарууга жана комплекстүү ишке ашырууга, анын ичинде бир катар флагмандык демилгелер аркылуу дагы көбүрөөк көңүл бурууну карайт.
Комитет ошондой эле Кыргызстандын Туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүсүн колдоо үчүн кеңири талдоо жана ар тараптуу консультациялардын негизинде иштелип чыга турган кийинки Кызматташтык алкактык программасынын жол картасын талкуулады.
___________________________________________________________________

БУУнун Туруктуу өнүгүү боюнча кызматташтык алкактык программасы Туруктуу өнүгүү боюнча 2030-жылга чейинки күн тартибин ишке ашырууну колдоо максатында өлкөдөгү БУУнун өнүгүү жаатындагы ишмердүүлүгүн багыттаган негизги инструмент болуп саналат. Ал ар беш жыл сайын кабыл алуучу Өкмөт менен тыгыз өнөктөштүктө иштелип чыгып, БУУ системасы улуттук артыкчылыктарды кандайча колдой турганын жана Туруктуу өнүгүү максаттарына кандай салым кошорун аныктайт.

  Chyngyz Zhanybekov

Чынгыз Жаныбеков

БУУ ТКК
Коомчулук менен байланыш боюнча адис

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ФАО
БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму
БУУ АУЖКБ
Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы
БУУ ТКК
БУУнун Туруктуу координаторунун кеңсеси
БУУнун Аялдар түзүмү
Бириккен Улуттар Уюмунун гендердик теңчилик жана аялдар укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү түзүмү
БУУӨП
Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы
ЮНФПА
Бириккен Улуттар Уюмунун Калк жайгаштыруу фонду
БУУ КЖКБ
Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы
ЮНИСЕФ
Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду
ЮНИДО
Бириккен Улуттар Уюмунун Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча департаменти
БУУ БКБ
Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы
ДАТП
Дүйнөлүк азык-түлүк программасы
ДССУ
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар