Пресс-релиз

БУУ дипломатиялык корпуска жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө 2025-жылдагы жыйынтыктар жана алдыдагы артыкчылыктар тууралуу маалымат берди

26 май 2026

Бишкек, 2026-жылдын 26-майы – Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы Өлкөлүк курамасы бүгүн дипломатиялык корпустун өкүлдөрүнө жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө улуттук мекемелер, жарандык коом, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, жергиликтүү жамааттар жана башка кызыкдар тараптар менен биргеликте 2025-жылы жетишилген жыйынтыктар, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун 2023–2027-жылдарга Туруктуу өнүгүү жаатындагы кызматташтык боюнча алкактык программасынын алкагындагы алдыдагы мезгилге карата артыкчылыктар тууралуу маалымат берди.

Брифингдин жүрүшүндө БУУнун 26 агенттикти, фонддорду жана программаларды бириктирген Өлкөлүк курамасы Улуттук өнүктүрүү программасы – 2030 менен шайкеш келген Кызматташтык боюнча алкактык программанын төрт артыкчылыктуу багыты боюнча биргелешип иш алып барып жатканы белгиленди. Алар: сапаттуу социалдык кызматтар, «жашыл» социалдык-экономикалык өнүгүү, климатты коргоо аракеттер жана табигый кырсыктардын тобокелдиктерин башкаруу, ошондой эле тынчтык, коомдук ынтымак жана адам укуктары үчүн жоопкерчиликтүү институттар.

Бул ишмердүүлүктүн барган сайын көбүрөөк бөлүгү биргелешкен негизде ишке ашырылууда, анын ичинде Тынчтыкты куруу фондунун долбоорлору, ТӨМ боюнча Биргелешкен фондунун программалары жана майыптыгы бар адамдарды инклюзиялоо боюнча өнөктөштүк аркылуу.

Брифингди ачып жатып, Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Граве айым туруктуу өнүгүү жаатындагы жыйынтыктарга жетишүүдө жана Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууда өнөктөштүктүн маанисин белгиледи.

«Кыргыз Республикасында жетишилген прогресс Өкмөт, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, эл аралык каржы институттары, жарандык коом жана өлкө боюнча жамааттар менен түзүлгөн өнөктөштүктүн күчүн чагылдырат», — деди ал. «Глобалдык туруксуздук жана өнүгүү үчүн ресурстар кыскарып жаткан шартта, көп тараптуу кызматташтыктын алкагында биргелешип иш алып баруу адамдардын жашоосунда реалдуу жыйынтыктарга жетишүү жана "эч кимди артта калтырбоо" принциби үчүн өзгөчө мааниге ээ».

Ошондой эле ал БУУнун социалдык өнүгүүнү, экономикалык өзгөрүүлөрдү, климаттык туруктуулукту, тынчтыкты бекемдөөнү жана адам укуктарын өз ара байланыштырган комплекстүү ыкмалар аркылуу улуттук артыкчылыктарды илгерилетүүгө жана колдоого болгон туруктуу умтулуусун баса белгиледи.

Катышуучулар ошондой эле кийинки Кызматташтык боюнча алкактык программаны даярдоонун инклюзивдүү процессин талкуулашты. Ал мамлекеттик өнөктөштөр, жарандык коом, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, жеке сектор, жаштар жана башка кызыкдар тараптар менен кеңири консультациялар аркылуу иштелип чыгып, 2027-жылы кол коюлуп, 2028-жылдан кийинки өнөктөштүктүн багытын аныктайт.

*** Дипломатиялык корпус жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр үчүн өткөрүлүүчү жыл сайынкы брифинг Бириккен Улуттар Уюму үчүн өнүгүү жаатындагы жыйынтыктарды тааныштыруу, артыкчылыктарды бөлүшүү жана өнөктөштүктү чыңдоо боюнча негизги аянтчалардын бири болуп саналат. Туруктуу өнүгүү жаатындагы кызматташтык боюнча алкактык программа (UNSDCF) өлкөнүн өнүгүү муктаждыктарын жана артыкчылыктарын, ошондой эле Туруктуу өнүгүү максаттарын колдоого багытталган БУУнун ишмердүүлүгүн жетектеген негизги инструмент болуп эсептелет.

  Chyngyz Zhanybekov

Чынгыз Жаныбеков

БУУ ТКК
Коомчулук менен байланыш боюнча адис

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

APCTT
Asian and Pacific Centre for Transfer of Technology
ФАО
БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму
МЭАУ
Миграция боюнча эл аралык уюму / БУУнун Миграция боюнча агенттиги
ЭАСБ
Эл аралык соода борбору
БУУ АУЖКБ
Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы
БУУ ТКК
БУУнун Туруктуу координаторунун кеңсеси
БУУнун Аялдар түзүмү
Бириккен Улуттар Уюмунун гендердик теңчилик жана аялдар укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү түзүмү
БУУӨП
Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы
ЮНФПА
Бириккен Улуттар Уюмунун Калк жайгаштыруу фонду
БУУ КЖКБ
Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы
ЮНИСЕФ
Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду
ЮНИДО
Бириккен Улуттар Уюмунун Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча департаменти
БУУ БКБ
Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы
ДАТП
Дүйнөлүк азык-түлүк программасы
ДССУ
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар