Пресс-релиз

Кыргызстан “Бирдиктүү ден-соолук” ыкмасынын алкагында секторлор аралык кызматташтыкты бекемдөөдө

07 июль 2026

Бишкек – “Бирдиктүү ден-соолук” ыкмасы, азыркы коомдун саламаттыгын сактоодогу көйгөйлөрүн комплекстүү чечүүгө негиз болуп берет. Аларга экосистемалардын бузулушу, азык-түлүк системаларынын функцияларынын иштешиндеги бузулуулар, жугуштуу ылаңдардын жайылышы жана антимикробдук препараттарга туруктуулуктун жогорулашы кирет.

Кыргызстандын Чүй облусунун Кемин районунда 1-2-июль күндөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин коомдук саламаттыкты сактоо боюнча координациялык кеңешинин алдындагы “Бирдиктүү ден-соолук” Комитетинин Координациялык жыйыны өттү. Жолугушуунун максаты үч негизги: ветеринария, саламаттыкты сактоо жана айлана-чөйрөнү коргоо секторлордун ортосундагы ведомстволор аралык координацияны бекемдөө болду. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле аймактык эксперттер жана профилдик адистер катышты.

Жыйынды ачып жатып, ФАОнун Кыргызстандагы өкүлү Олег Гучгельдыев мындай деди: “Заманбап биологиялык коркунучтарга каршы күрөшүүдөгү ийгилик түздөн-түз аракеттерибиздин ыкчамдыгына жана ырааттуулугуна байланыштуу. “Бирдиктүү ден-соолук” ыкмасынын алкагында ведомстволор аралык аракеттерди координациялоо жана натыйжалуу баарлашууну түзүү – жалпы коопсуздуктун пайдубалы”.

Комитеттин Катчылыгынын төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук коомдук саламаттыкты сактоо институтунун директору Жаркынбек Касымбеков дагы "Бирдиктүү ден-соолук" ыкмасы бүгүнкү күндөгү экологиялык шарттарда биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана коомдук саламаттыкты чыңдоо үчүн негизги инструмент экенин белгиледи. Ал зооноздук инфекциялардын, климаттын өзгөрүшүнүн, микробго каршы туруктуулуктун жана башка глобалдык көйгөйлөрдүн көбөйүшү комплекстүү жана координацияланган мамилени талап кылаарын баса белгиледи.

“Бүгүнкү күндө адамдардын ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөрдүү жаныбарлардын ден соолугунан жана айлана-чөйрөнүн ден соолугунан бөлүп кароого болбойт. Ошондуктан "Бирдиктүү ден-соолук" ыкмасы саламаттыкты сактоо системасынын, ветеринардык жана айлана-чөйрөнү коргоо кызматтарынын, илимий коомчулуктун, эл аралык уюмдардын жана башка кызыктар тараптардын аракеттерин бириктирет”, - деп баса белгиледи Жаркынбек Касымбеков.

Ал ошондой эле Комитеттин ишмердүүлүгү тармактар аралык кызматташтыкты чыңдоого жана мамлекеттик органдардын ортосундагы координациялоо механизмдерин жакшыртууга багытталганын белгиледи. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган чечимдер Кыргыз

Республикасында "Бирдиктүү ден-соолук" ыкмасын андан ары институционалдаштырууда маанилүү кадам болорун жана өлкөнүн саламаттыкты сактоо коопсуздугу жаатындагы эл аралык милдеттенмелерин аткаруусуна салым кошоорун белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтаруу үчүн персоналды даярдоо боюнча тармактар аралык планды, тармактар аралык коммуникация стратегиясын жана Комитеттин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө планын талкуулашты. Секторлор аралык өз ара аракеттенүү үчүн стандарттык операциялык жол-жоболорду иштеп чыгууга жана ыкчам маалымат алмашуу механизмин түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Иш-чара “Борбордук Азияда бирдиктүү саламаттыкты сактоо ыкмасын колдонуу менен пандемияга даярдык жана жооп кайтаруу” долбоорунун алкагында өттү. Долбоор Борбордук Азиянын беш өлкөсүн камтыйт: Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан. Долбоор Пандемиялык фонддун жана “Бирдиктүү ден-соолук” боюнча төрт тараптуу альянстын колдоосу менен ишке ашырылууда. Альянска төмөнкүлөр кирет: ФАО, БУУнун айлана-чөйрө боюнча программасы (ЮНЕП), Жаныбарлардын ден соолугу боюнча дүйнөлүк уюм (ВОЗЖ) жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ВОЗ).

Демилге Борбор Азияда адамдарды да, жаныбарларды да камтыган ишенимдүү саламаттыкты сактоо системаларынын алкагында ыландардын ири таралышынан натыйжалуу коргоону камсыз кылууга, ошондой эле пандемия жана эпидемия коркунучтарын натыйжалуу башкарууга багытталган.

Жыйында каралган маселелердин жыйынтыгы боюнча, катышуучулар саламаттыкты сактоо, айыл чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо секторлорунун ортосундагы координацияны күчөтүү боюнча конкреттүү чаралар комплексин аныкташты. Бул алдын алуу иш-чараларынын натыйжалуулугун жана ден соолукка коркунуч туудурган учурда ыкчам жооп берүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле улуттук биокоопсуздук тутумун бекемдөөгө мүмкүндүк берет.

Макулдашылган Бирдиктүү ден-соолук принцибин колдонуу, улуттук стратегияларга жана иш-аракет пландарын тутумдук интеграциялоо чечимдерин ишке ашырууга өбөлгө түзөт. Ошондой эле калктын, жаныбарлардын жана айлана-чөйрөнүн саламаттыгын сакталышына туруктуу жана комплекстүү коргоого жардам берет.

Evgeniy Pechurin

Евгений Печурин

ФАО
Коомчулук менен байланыш боюнча кызматкер

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ФАО
БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар