Пресс-релиз

Кыргызстандын бардык аймактарында медициналык кызматтарды элге жакындатуу: Өкмөт менен Бириккен Улуттар Уюму санариптик саламаттык сактоо кызматтарына тең жеткиликтүүлүктү кеңейтүүдөгү жетишкендиктерди талкуулашты.

14 июль 2026

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Бириккен Улуттар Уюму жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча Биргелешкен фонддун «Санариптик саламаттык сактоодогу ажырымды жоюу (2024–2027)» биргелешкен программасынын Жетектөөчү комитетинин экинчи жыйынын өткөрүп, жетишилген жыйынтыктарды карап чыгып, программанын кийинки этабынын артыкчылыктуу багыттарын макулдашышты.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ), БУУнун Өнүктүрүү программасы (ПРООН), БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) жана БУУнун Калк жайгаштыруу фонду (ЮНФПА) тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен тыгыз өнөктөштүктө ишке ашырылып жаткан үч жылдык программа санариптик саламаттык сактоонун кыйла интеграцияланган жана адамга багытталган системасын өнүктүрүүгө көмөктөшүп, сапаттуу медициналык кызматтарга тең жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө өбөлгө түзүүдө. Бул өзгөчө аялдар, балдар жана айылдык, алыскы аймактарда жашаган адамдар үчүн маанилүү.

Акыркы эки жыл ичинде Биргелешкен программа медициналык кызматтарды калк үчүн мурдагыдан да жеткиликтүү кылууга көмөк көрсөттү. Бүгүнкү күндө дээрлик 2,94 миллион жаран «Түндүк» платформасы аркылуу Санариптик саламаттык профили кызматын колдонуп, дарыгердин кабыл алуусуна жазылып, лабораториялык анализдердин жыйынтыктарын алып, медициналык кызматтарды алуу укуктарын текшерип жана негизги кызматтарды онлайн форматта пайдаланып жатышат.

Бүгүнкү күнгө чейин 3,3 миллиондон ашык онлайн кабыл алууга жазылуу иштетилип, өлкө боюнча калк үчүн медициналык жардамды алуу кыйла ыкчам жана жеткиликтүү болуп калды.

Бүгүнкү күндө дээрлик 2,94 миллион жаран «Түндүк» платформасы аркылуу Санариптик саламаттык профили кызматын колдонушат, ал эми онлайн кабыл алууга жазылуулардын саны 3,3 миллиондон ашты. Телемедицина кызматтары тогуз районго чейин кеңейтилип, 0–14 жаштагы болжол менен 600 миң баланы камтыды. Санариптик интеграциянын натыйжасында майыптыкты белгилөө боюнча документтерди тариздөө мөөнөтү 72 пайызга кыскарды, ал эми эмдөө боюнча жаңы модуль кошумча эмдөөгө муктаж дээрлик 44 миң баланы аныктоого мүмкүндүк берди.

Программа ошондой эле кош бойлуулукту электрондук каттоо системасын киргизүүгө, лабораториялык маалыматтык системаларды модернизациялоого, маалымат алмашууну жакшыртууга, ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүүгө жана саламаттык сактоонун улуттук санариптик кызматтарынын ортосундагы координацияны бекемдөөгө көмөк көрсөттү.

Жетишилген натыйжалардын туруктуулугун камсыз кылуу программанын негизги артыкчылыктарынын бири бойдон калууда. Санариптик чечимдер улуттук системаларга интеграцияланып, программа аяктагандан кийин да мамлекеттин карамагында калып, улуттук деңгээлде каржыланып жана мындан ары өнүктүрүлө тургандай негизде иштелип чыгууда.

«Санариптик технологиялар теңсиздикти азайтышы да, тескерисинче күчөтүшү да мүмкүн. Биздин милдет айкын — эч кимди артта калтырбоо үчүн коопсуз, инклюзивдүү жана ишенимдүү санариптик саламаттык сактоо системаларын түзүү», — деди Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Граве.

«Бул программа саламаттык сактоо системасынын туруктуулугун бекемдеп, кыйла адилеттүү жана заманбап саламаттык сактоо тутумунун пайдубалын түзөт. Анын жыйынтыктары кеңири жайылтууга ылайыктуу, улуттук менчикте болуп жана узак мөөнөттүү туруктуулукту камсыз кылууга тийиш», — деди Азат Ибраимов.

Жетектөөчү комитет жетишилген прогрессти жогору баалап, инклюзивдүү жана туруктуу санариптик саламаттык сактоо системасын мындан ары өнүктүрүүгө берилгендигин дагы бир жолу ырастады.

Программа тууралуу

Биргелешкен программа БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча Биргелешкен фонду (UN SDG Fund) аркылуу каржыланат. Программаны Европа Бирлиги, Испания жана Швеция каржылык жактан колдоп, ал ДССУ, БУУнун Өнүктүрүү программасы (ПРООН), БУУнун Калк жайгаштыруу фонду (ЮНФПА) жана БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) тарабынан Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координаторунун жетекчилиги астында ишке ашырылууда.

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУ ТКК
БУУнун Туруктуу координаторунун кеңсеси
БУУӨП
Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы
ЮНФПА
Бириккен Улуттар Уюмунун Калк жайгаштыруу фонду
ЮНИСЕФ
Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду
ДССУ
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар