Пресс-релиз

Жогорку Кеңеш менен Бириккен Улуттар Уюму Туруктуу өнүгүү максаттарын илгерилетүү боюнча өнөктөштүгүн тереңдетүүдө

21 июль 2026

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Бириккен Улуттар Уюму Туруктуу өнүгүү максаттарын (ТӨМ) ишке ашырууга багытталган стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары да бекемдеди. ТӨМ боюнча Парламенттик жумушчу топ менен БУУнун Өлкөлүк командасы келечектеги кызматташтыктын практикалык артыкчылыктуу багыттарын жана аны ишке ашыруу механизмдерин макулдашышты.

ТӨМ боюнча Парламенттик жумушчу топ менен БУУнун Өлкөлүк командасынын экинчи биргелешкен жыйыны Жогорку Кеңештин депутаттарын жана БУУнун мекемелеринин жетекчилерин бириктирип, Жогорку Кеңеш менен Бириккен Улуттар Уюмунун кызматташтыгы Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасын жана 2030-жылга чейинки Туруктуу өнүгүү күн тартибин ишке ашырууга кандайча натыйжалуу көмөк көрсөтө аларын талкуулады.

Жыйын Жогорку Кеңештин депутаты, ТӨМ боюнча Парламенттик жумушчу топтун төрагасы Алтынбек Кудайбердиев жана Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Гравенин тең төрагалыгы алдында өттү. Анын жүрүшүндө Жогорку Кеңеш менен Бириккен Улуттар Уюмунун ортосундагы кызматташтыктын багытталган алкагын иштеп чыгуу жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Талкуулардын жүрүшүндө Туруктуу өнүгүү максаттарына шайкеш мыйзам чыгаруу, парламенттик көзөмөлдү чыңдоо, далилдерге негизделген саясатты калыптандыруу, институционалдык потенциалды өнүктүрүү жана санариптик трансформация сыяктуу биргелешкен иштин артыкчылыктуу багыттары аныкталды. Ошондой эле Бириккен Улуттар Уюму туруктуу өнүгүүнүн кеңири чөйрөсүндөгү артыкчылыктарды ишке ашырууда Жогорку Кеңешке ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин дагы бир жолу ырастады.

ТӨМ боюнча Парламенттик жумушчу топтун төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Кудайбердиев белгилегендей, Жумушчу топ парламент, Бириккен Улуттар Уюму жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо үчүн маанилүү аянтча болуп саналат. Ал жалпы максат өлкөнүн өнүгүү боюнча артыкчылыктарын адамдардын жашоосун жакшырткан конкреттүү натыйжаларга айландыруу экенин баса белгиледи.

Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Граве төмөнкүлөрдү белгиледи:
«Туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүдө парламенттин ролу өзгөчө маанилүү. Мыйзам чыгаруу, бюджетти бекитүү, парламенттик көзөмөл жана өкүлчүлүк функциялары аркылуу парламент улуттук өнүгүү артыкчылыктары мыйзамдарга, мамлекеттик инвестицияларга жана адамдардын жашоосун жакшырткан өлчөнүүчү натыйжаларга айланышын камсыздайт. Бириккен Улуттар Уюму бул жалпы максатты ишке ашыруу үчүн Жогорку Кеңеш менен өнөктөштүгүн мындан ары да тереңдетүүгө сыймыктанат».

Бул жолугушуу Жогорку Кеңеш менен Бириккен Улуттар Уюмунун туруктуу өнүгүү жаатындагы стратегиялык өнөктөштүгүн бекемдөөнүн кезектеги маанилүү этабы болду. Парламент менен БУУнун мекемелеринин көп жылдык кызматташтыгына таянып, Парламенттик жумушчу топ бул өз ара аракеттенүүнү кыйла системалуу, стратегиялык жана натыйжага багытталган деңгээлге чыгарууну көздөйт.

Жумушчу топ БУУ тутумунун эксперттик потенциалын Жогорку Кеңештин артыкчылыктары менен шайкеш келтирүүгө кызмат кылган аянтча болуп саналат. Ал Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасын ишке ашырууга жана Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган.

  Chyngyz Zhanybekov

Чынгыз Жаныбеков

БУУ ТКК
Коомчулук менен байланыш боюнча адис

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУ ТКК
БУУнун Туруктуу координаторунун кеңсеси

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар