Пресс-релиз

Жаш жайытчылар жайыттардын туруктуу келечегин аныктоо үчүн Кыргызстанда чогулушту

23 июль 2026


Кыргызстанда жайыт жерлери климаттын өзгөрүшү, жерлердин деградациясы жана мал чарбачылыгынын өсүшү сыяктуу факторлордун таасиринен улам барган сайын чоң кысымга кабылууда.

Ал арада дени сак жайыттар - малды тоют менен камсыз кылуу жана айыл жергесиндеги калктын жашоо каражаттарын колдоо үчүн гана эмес, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, суу ресурстарын коргоо жана көмүртекти сиңирүүдө да маанилүү роль ойнойт. Ошондуктан жайыттарды туруктуу башкаруу адам жана айлана-чөйрө үчүн өтө маанилүү. 2026-жыл- Жайыттардын жана жайыт малчыларынын эл аралык жылы алкагында Кыргызстанда Жаш жайытчылардын региондор аралык жайкы мектеби өткөрүлдү. Ага Азия жана Африка өлкөлөрүнөн келген жаш жайтчы жана жайыт пайдалануучу лидерлер катышып, билим жана тажрыйба алмашып, лидерлик көндүмдөрүн өнүктүрүп, жайыттарды туруктуу башкарууну илгерилетүүгө багытталган иш-чараларга катышышты.

Бир жумага созулган программа 12–18-июль күндөрү Бишкек шаарында, Суусамыр өрөөнүндө, Соң-Көлдө жана Ысык-Көлдө өттү. Иш-чара Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО), Эл аралык Жер Коалициясы (ILC), Кыргызстандын Улуттук Жер Коалициясы (NLC) жана Кыргыз токой жана жер пайдалануучулар ассоциациясы (KAFLU) менен биргеликте уюштурду.

Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген жаш жайытчылар

Жайкы мектепке Индия, Индонезия, Кения, Сомали, Шри-Ланка, Германия жана башка өлкөлөрдөн келген, ошондой эле Кыргызстандын жаш өкүлдөрүн кошкондо 50дөн ашуун жаш жайытчылар катышты.

Мектептин өзгөчө маанилүү катышуучулары- ФАОнун Жашыл климаттык фонд (GCF) тарабынан каржыланган “Кыргыз Республикасындагы токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртектин секвестрациясы (CS-FOR)” долбоорунун төрт пилоттук району – Ак-Талаа, Сузак, Тогуз-Торо жана Өзгөн райондорунан келген Жаратылышты башкаруу жамааттык топторунун (ОГУЛ) сегиз жаш мүчөсү болду.

Конкурстук тандоонун негизинде тандалып алынган бул жаштар туруктуу жайыт башкарууга, мониторинг жүргүзүүгө жана ландшафттарды калыбына келтирүүгө активдүү катышкан жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү болуп саналат.

Апта бою алар билимдерин тереңдетип, лидерлик жөндөмдөрүн өнүктүрүштү, ошондой эле ар түрдүү өлкөлөрдөн келген катышуучулар менен практикалык тажрыйба алмашышты. Жайыттарды башкаруу, климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу жана жаратылыш ресурстарын жергиликтүү деңгээлде башкаруу боюнча инновациялык ыкмалар боюнча практикалык воркшопторду өтүштү.

“Дени сак жайыттар биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу жана айыл калкынын жашоо каражаттарын колдоо үчүн абдан маанилүү. Ошондуктан жаш жайытчылардын дараметин күчөтүү – жер ресурстарын туруктуу башкаруунун келечегине салынган эң маанилүү инвестициялардын бири”, – деди Кыргыз Республикасындагы ФАО өкүлү Олег Гучгельдыев.

Салттуу билимдерди санариптик инструменттер менен айкалыштыруу

Жайкы мектеп теориялык окутууларды талаа практикалары менен айкалыштырды. ФАО тарабынан уюштурулган талаа программасынын алкагында катышуучулар, Кыргызстандын Нарын облусунда деңиз деңгээлинен 3016 метр бийиктикте жайгашкан бийик тоолуу Соң-Көлдүн айланасындагы жайыт пайдалануучу жамааттарга барышты.

Соң-Көл кеңири альптик жайыттар менен курчалган. Бул аймак биологиялык ар түрдүүлүктү сактоодо маанилүү роль ойнойт жана жергиликтүү калкты мал жаюу үчүн зарыл болгон негизги ресурстар менен камсыз кылат. Экологиялык маанисинен тышкары, Соң-Көл жана анын айланасындагы жайыттар Кыргызстандын көчмөн маданиятынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

Ар жылы жай мезгилинде жайыт пайдалануучулар көлдүн жээгине салттуу боз үйлөрүн тигип, муундан-муунга өтүп келген көчмөн мал чарбачылыгынын салттарын улантып келишет. Бул салттуу жашоо образы кылымдар бою аймактагы коомдордун маданиятын жана күнүмдүк турмушун калыптандырып келген.

Жергиликтүү жайыт малчылары жана жайыт пайдалануучулары менен түздөн-түз баарлашуу аркылуу катышуучулар жайыттарды башкаруунун салттуу ыкмалары менен таанышып, жайыт мал чарбачылыгына байланыштуу социалдык-экономикалык шарттар жөнүндө терең түшүнүк ала алышты. Ошондой эле жамааттардын деңгээлинде жайыттарды туруктуу башкаруу ыкмаларын жайылтуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат алышты.

“Климаттын өзгөрүшү жайыттарга жана аларга көз каранды болгон адамдардын жашоосуна таасирин тийгизип жатат. Ар түрдүү аймактардан келген жаш жайытчылар, окумуштуулар жана жергиликтүү жамааттар бири-биринен үйрөнүп, жалпы билимдерин практикалык чечимдерге айландырып жатканы мени кубандырат”, – деди Танзаниядан келген 26 жаштагы климат изилдөөчү Мелау Макко.

Талаа программасынын алкагында Жаратылышты башкаруу жамааттык топторунун мүчөлөрү жайыттарды мониторинг жүргүзүүнүн салттуу ыкмалары боюнча практикалык семинар өткөрүштү.

Катышуучулар жергиликтүү жамааттар жайыттардын абалын баалоо үчүн колдонгон жөнөкөй, бирок натыйжалуу мониторинг ыкмалары менен таанышты. Алардын ичинде өлчөөчү

ленталарды колдонуу, өсүмдүк биомассасын аныктоо үчүн чөптөрдү кесүүчү кайчыларды пайдалануу, ошондой эле өсүмдүктөрдүн жаңы жана кургатылган абалындагы салмагын өлчөө үчүн таразаларды колдонуу сыяктуу ыкмалар көрсөтүлдү.

Ошондой эле катышуучулар талаа маалыматтарын чогултуу, аларды каттоо жана жайыттардын учурдагы абалын, географиялык маалыматтарды техникалык каражаттардын жардамы менен документтештирүү, жана сүрөткө тартуу сыяктуу практикалык көнүгүүлөрдү аткарышты.

Талаа окутууларынын жүрүшүндө, ФАОнун Open Foris демилгеси алкагындагы токойлорду жана жайыттарды туруктуу башкаруунун санарип инструменттери - Arena жана Arena Mobile тиркемелери жана долбоор алкагында Ветеринардык кызматтын жайытчыларына тапшырылган жайыттарга мониторинг жүргүзүүнүн мобилдик лабараториясынын көп спектрлүү дронун практика жүзүндө колдонуу көрсөтулдү.

Бул практикалык окутуулар катышуучуларга жергиликтүү салттуу билимдер жана талаадагы байкоолор, санариптик мониторинг технологияларын толуктап, жайыттарды туруктуу башкарууга жана негиздүү чечимдерди кабыл алууга кандайча өбөлгө түзөрүн жеринле түшүнүүгө мүмкүнчүлүк түздү.

Мектептин Соң-Көлдөгү бөлүгү жайытчыларга жергиликтүү жамааттар менен түздөн-түз байланыш түзүү үчүн маанилүү аянтча болду. Практикалык окутуулар жана талкуулар аркылуу катышуучулар жайыттардын деградациясы, мал жаюу ыкмалары, климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу жана жайыттарды башкарууну жакшыртуу боюнча билимдерин кеңейтишти.

“Жайыттарыбыз мал санынын өсушүнөн, климаттын өзгөрүшүнөн, башаламан малды жайып жатканыбыздани улам деградацияга учурап жатат. Жергиликтүү калк үчүн бул тоют, ар бир экинчи үй-бүлө мал менен жан багат. Бирок эртең бул жайыттардан айрылып калышыбыз мүмкүн. Ошондуктан бүгүн эл, бийлик барыбыз бирге сактоого аракет жасашыбыз керек”, – деп баса белгиледи Өзгөндөн келген катышуучу Нурпазыл кызы Айзада.

Жайыт-бул эл: жамааттарды, жашоо шарттарын жана салттарды түшүнүү

Жайыт жерлери экологиялык жактан гана эмес, ошондой эле элеттик жамааттардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө да өтө маанилүү роль ойнойт. Жайыттарды жана мал чарбачылыгын башкаруу жаатындагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн бул аймактарга түздөн-түз көз каранды болгон адамдардын жашоо шарттарын жана муктаждыктарын түшүнүү зарыл.

Жаш жайытчылар мектебинин катышуучулары Соң-Көлгө жана Суусамырда, жергиликтүү малчылар жана алардын үй-бүлөлөрү менен таанышышты. Алар салттуу мал чарбачылык тууралуу маалымат алышып, кыргыз жайыт пайдалануучуларынын күнүмдүк жашоосу менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Барлашуу аркылуу катышуучулар жайыт жамааттарынын жашоо шарттарын, муктаждыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн жакшыраак түшүнүштү. Бул тажрыйба аларга экосистемалардын саламаттыгын сактоо менен бирге, жаратылыш ресурстарына көз каранды болгон адамдардын бакубат жашоосун камсыз кылган тең салмактуу жана туруктуу чечимдерди иштеп чыгууга жардам берет.

Катышуучулар ошондой эле мал саап, ат минип, күнүмдүк иш-аракеттерге катышып, жергиликтүү өндүрүлгөн эт, сүт жана жүн азыктары менен таанышты. Бул продукциялар элеттик жамааттардын жашоо каражаттарынын жана салттуу нарк чынжырларынын маанилүү бөлүгүн түзөт.

Бул тажрыйба катышуучуларга жайыт мал чарбачылык системаларынын өзгөчөлүктөрүн тереңирээк түшүнүүгө, ошондой эле салттуу билимдер, маданий баалуулуктар жана жаратылыш ресурстарын башкаруу бири-бири менен кандай байланышта экенин көрүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Бул маданий жана практикалык тажрыйбалардын аркасында катышуучулар жергиликтүү жамааттар менен тыгыз байланыш түзүп, жайыт мал чарбачылыгын туруктуу өнүктүрүүнүн принциптери тууралуу кеңири түшүнүк алышты.

Ар түрдүү аймактардан келген жаш лидерлерди бириктирген жана жергиликтүү жамааттардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган бул Жайкы мектеп 2026-жылдагы Жайыттардын жана жайыт малчыларынын эл аралык жылынын максаттарына салым кошуп, мамлекеттер арасы жайыттарды туруктуу башкаруу багытында билим жана тажрыйба алмашууга, инновацияларды өнүктүрүүгө жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түздү.

Evgeniy Pechurin

Евгений Печурин

ФАО
Коомчулук менен байланыш боюнча кызматкер

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ФАО
БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар