Пресс-релиз

Келечекке карай: Кыргызстан менен БУУнун өнөктөштүгүнүн жаңы этабы

21 август 2026

Бириккен Улуттар Уюму менен Кыргызстандын келечектеги өнөктөштүгү кандай болушу керек? Дал ушул суроо 2027-жылдан кийинки мезгилге карата БУУнун Туруктуу өнүктүрүү жаатындагы кызматташтык боюнча жаңы алкактык программасын иштеп чыгууда негизги багыт болуп саналат. Келечекке багытталган жана көп тараптуу консультациялык процесстин негизинде түзүлө турган бул Алкактык программа Өкмөт менен БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетишүүнү тездетүү үчүн алдыдагы жылдарда биргелешип иш алып баруусуна багыт берет.

2026-жылдын май айында Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана БУУнун Туруктуу координатору тең төрагалык кылган Стратегиялык координациялык комитеттин алкагында Министрлер Кабинети менен БУУ жаңы Алкактык программаны иштеп чыгуу боюнча жол картасын биргелешип жактырышты. Бул комитет эки тараптын кызматташтыгына стратегиялык багыт берүүчү жана аны координациялоочу негизги платформа болуп саналат.

Алынган сабактарга таянуу

Келечекке багыт алардан мурда, бул процесстин алкагында буга чейинки тажрыйбага талдоо жүргүзүлөт. Учурда 2023–2027-жылдарга карата Кызматташтык боюнча алкактык программага көз карандысыз баалоо жүргүзүлүп, кайсы багыттар натыйжалуу болгондугу, кандай кыйынчылыктар жаралгандыгы жана алардын себептери аныкталууда. Алынган сабактар кийинки Алкактык программаны иштеп чыгууда эске алынып, анын натыйжалуулугун арттырууга өбөлгө түзөт.

Далилдүү маалыматтар базасын түзүү

Процесстин өзөгүн Өлкөлүк талдоо түзөт — бул Кыргызстандын бүгүнкү абалын аныктоо үчүн маалыматтарга, изилдөөлөргө жана аналитикалык материалдарга негизделген биргелешкен баалоо. Ошол эле учурда бул консультациялык процесс болуп саналат: ал өлкөнүн өнүгүү контексти, жаңы тенденциялар жана артыкчылыктар боюнча жалпы түшүнүктү калыптандыруу үчүн БУУ тутумундагы, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн жана кызыкдар тараптардын кеңири чөйрөсүнүн көз караштарын жана эксперттик тажрыйбасын бириктирет.

Кеңири чөйрөнүн пикирлерин угуу

Консультациялардын алкагында кызыкдар тараптардын кеңири чөйрөсүнүн, анын ичинде республикалык жана жергиликтүү мамлекеттик органдардын, жарандык коом уюмдарынын, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн, эл аралык каржы институттарынын, жеке сектордун, академиялык чөйрөнүн, жаштардын, аялдардын жана укук коргоо уюмдарынын, майыптыгы бар адамдардын, жергиликтүү коомчулуктардын өкүлдөрүнүн, ошондой эле көңүл сыртында калуу коркунучуна дуушар болгон топтордун көз караштары эске алынат. Бул аныкталган артыкчылыктардын өлкөнүн жана анын элинин муктаждыктары менен умтулууларын чагылдырышына өбөлгө түзөт.

Далилдүү маалыматтардан артыкчылыктарга карай

Далилдүү маалыматтар, консультациялардын жыйынтыктары жана келечекке багытталган талдоо биргелешкен стратегиялык артыкчылыктарды аныктоо процессинде бириктирилет. Анын алкагында Министрлер Кабинети менен БУУ Кыргызстандын инклюзивдүү социалдык-экономикалык өнүгүүсүн илгерилетүүнүн, Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетишүүнү тездетүүнүн жана адамдардын жашоо сапатын жакшыртуунун жолдорун аныкташат.

Алдыда эмне күтүлөт

Андан соң биргелешкен артыкчылыктарды конкреттүү натыйжаларды жана аларды баалоо тутумун камтыган Кызматташтык боюнча алкактык программага айландыруу иши башталат. Бул программа биргелешкен аракеттерге багыт берип, отчеттуулукту бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

БУУнун Туруктуу өнүктүрүү жаатындагы кызматташтык боюнча жаңы алкактык программасын 2027-жылдын ортосуна чейин аяктоо пландалууда. Ал Кыргызстан менен Бириккен Улуттар Уюмунун отуз жылдык өнөктөштүгүнө таянып, кызматташтыктын жаңы этабына негиз түзөт. Процесстин ар бир кадамы бул өнөктөштүктүн далилдүү маалыматтарга жана келечекти көрө билүүгө негизделишин, ошондой эле ал кызмат кылууга багытталган адамдардын артыкчылыктарын эске алышын камсыздоого багытталган.
 

  Chyngyz Zhanybekov

Чынгыз Жаныбеков

БУУ ТКК
Коомчулук менен байланыш боюнча адис

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУ ТКК
БУУнун Туруктуу координаторунун кеңсеси

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар