Пресс-релиз

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүндө Кыргызстанга келген учурда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы, Улуу Даражалуу Антониу Гутерриш мырзанын билдирүүсү

31 август 2026

Кыргызстанга тарыхый учурда — Эгемендүүлүк күнүндө келгениме абдан кубанычтамын.

Кыргызстандын элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктагым келет. Ошол эле учурда бүгүнкү күндө Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун ишмердүүлүгүндө жана эл аралык коомчулуктун жашоосунда абдан маанилүү роль ойной турганын белгилегим келет.

Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине мүчө болуп шайланды жана глобалдык өнүгүүнүн, ошондой эле тынчтыкты, коопсуздукту жана өнүгүүнү камсыз кылуу боюнча дүйнөлүк аракеттердин чордонунда болот. Бул өлкөдө байкалып жаткан өзгөчө экономикалык өсүшкө да шайкеш келет. Кыргызстандын элин чын жүрөктөн куттуктайм. Эгемендүүлүк күнүңүздөр кут болсун!

  Chyngyz Zhanybekov

Чынгыз Жаныбеков

БУУ ТКК
Коомчулук менен байланыш боюнча адис

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУ ТКК
БУУнун Туруктуу координаторунун кеңсеси

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар