Пресс-релиз

Көз карандысыз баалоо БУУнун Кыргызстан менен кызматташтыгын талдайт

25 сентябрь 2026

БИШКЕК, 25-сентябрь 2026-жыл — Бириккен Улуттар Уюму БУУнун 2023–2027-жылдарга карата Туруктуу өнүгүү жаатындагы кызматташтык боюнча Рамкалык программасынын ишке ашырылышына көз карандысыз баалоо жүргүздү. Ошону менен катар Кыргыз Республикасындагы Тынчтыкты куруу фондунун портфелине да баалоо жүргүзүлдү.

Баалоо БУУнун колдоосу Кыргызстандын улуттук өнүгүү артыкчылыктарына жана калк үчүн конкреттүү натыйжаларга канчалык натыйжалуу салым кошконун аныктайт. Бул — отчеттуулукту камсыз кылууга жана алынган сабактарды эске алууга багытталган маанилүү процесс болуп, учурдагы Рамкалык программанын ишке ашырылышын жакшыртууга жана БУУ менен Кыргызстандын ортосундагы кийинки Кызматташтык боюнча Рамкалык программаны даярдоого көмөк көрсөтөт.

25-сентябрда Бишкек шаарында мамлекеттик органдардын, БУУ түзүмдөрүнүн, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрү чогулуп, алдын ала жыйынтыктарды жана сунуштарды карап чыгып, талкуулашты.

Баалоо процессине Бишкек жана Ош шаарларындагы мамлекеттик өнөктөштөрдүн, жаштардын, жарандык коомдун жана БУУ түзүмдөрүнүн өкүлдөрүн кошкондо 200дөн ашуун адам катышты. Баалоодо сурамжылоолордун жыйынтыктары, документтерди талдоо, мониторингдик жана финансылык маалыматтар да пайдаланылды.

Семинардын жүрүшүндө алынган пикирлер жана сунуштар көз карандысыз баалоо топтору тарабынан эске алынат. Ошол эле учурда акыркы жыйынтыктар, корутундулар жана сунуштар үчүн жоопкерчилик толугу менен көз карандысыз баалоо топторунда калат.

Баалоонун жыйынтыктары БУУнун биргелешкен иш-аракеттерин мындан ары өркүндөтүүгө жана Кыргызстан менен кызматташуу боюнча кийинки Рамкалык программаны даярдоого багыт берет.

  Chyngyz Zhanybekov

Чынгыз Жаныбеков

БУУ ТКК
Коомчулук менен байланыш боюнча адис

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ФАО
БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму
МЭАУ
Миграция боюнча эл аралык уюму / БУУнун Миграция боюнча агенттиги
БУУ АУЖКБ
Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы
БУУ ТКК
БУУнун Туруктуу координаторунун кеңсеси
БУУнун Аялдар түзүмү
Бириккен Улуттар Уюмунун гендердик теңчилик жана аялдар укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү түзүмү
БУУӨП
Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы
БУУ Айлана-чөйрө
Бириккен Улуттар Уюмунун айлана-чөйрө боюнча программасы
ЮНЕСКО
Бириккен Улуттар Уюмунун Билим, илим жана маданият боюнча мекемеси
ЮНФПА
Бириккен Улуттар Уюмунун Калк жайгаштыруу фонду
БУУ КЖКБ
Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы
ЮНИСЕФ
Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду
ЮНИДО
Бириккен Улуттар Уюмунун Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча департаменти
ДАТП
Дүйнөлүк азык-түлүк программасы

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар