БУУ менен Кыргызстандын кызматташтыгында жаштардын үнүн күчөтүү
Кыргызстан боюнча БУУнун Өлкөлүк талдоосун даярдоого багытталган консультациялардын алкагында
Кыргыз Республикасындагы БУУнун Жаштар консультативдик кеңешинин төрагасынын орун басары Бектан Кыдыев Кеңештин жаштардын мазмундуу катышуусун күчөтүүдөгү жана жаштарды БУУ тутуму жана улуттук институттар менен байланыштырып туруудагы ролу тууралуу ой бөлүштү.
Эл аралык байланыштар, коомчулук менен иштөө жана жаштар уюмдары менен кызматташуу багыттарына жооптуу болгон Кыдыев Кеңешти БУУ тутуму менен Кыргызстандын ар кайсы аймактарындагы жаштардын ортосундагы көпүрө катары мүнөздөдү. Кеңеш БУУга жаштар үчүн маанилүү болгон артыкчылыктуу маселелер боюнча кеңеш берип, жаштардын көз караштары программаларда, талкууларда жана чечим кабыл алуу процесстеринде эске алынышына көмөк көрсөтөт.
Консультациялардан мазмундуу катышууга карай
Эки жылдык мандатынын ичинде Жаштар консультативдик кеңеши Кыргызстанда иш алып барган БУУнун бардык түзүмдөрү менен онлайн жана бетме-бет жолугушууларды өткөрдү. Бул талкуулардын негизинде мындан аркы кызматташуу үчүн артыкчылыктарды, иш-чараларды жана мүмкүнчүлүктөрдү камтыган иш-аракеттер планы иштелип чыкты.
Кеңештин мүчөлөрү ошондой эле улуттук диалогдорго, коомдук угууларга жана БУУ колдогон демилгелерге катышып, өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттарын талкуулоого жаштардын көз карашын алып келишти. Алар Президент Садыр Жапаров катышкан улуттук жаштар форумуна да катышып, Кеңештин бир нече мүчөсү панелдик сессияларда өлкө жаштарынын өкүлдөрү катары сөз сүйлөштү.
Кеңеш жаштар саясаты үчүн жооптуу мамлекеттик орган менен да кызматташып, улуттук артыкчылыктарды БУУ тутумунун иши менен байланыштырууга көмөк көрсөтөт. Бул эки тараптуу байланышты камсыз кылууга мүмкүндүк берет: бир жагынан, жаштардын көйгөйлөрү менен умтулууларын институттарга жеткирсе, экинчи жагынан, саясат, программалар жана мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалыматты жаштар коомчулугуна жайылтат.
Эл аралык кызматташуу да Кеңештин ишинин барган сайын маанилүү багытына айланууда. Кеңештин мүчөлөрү эл аралык иш-чараларга жана алмашуу программаларына активдүү катышып, Кыргызстандын жаштарынын көз карашын глобалдык талкууларда билдирүүгө жана актуалдуу билим менен тажрыйбаны өлкөгө алып келүүгө мүмкүнчүлүк алышууда.
Бектан жаштардын мазмундуу катышуусу аларды айрым иш-чараларга чакыруу менен гана чектелбеши керектигин белгиледи. Жаштардын пикири программаларды иштеп чыгууга, саясат боюнча диалогго жана алардын жашоосуна түздөн-түз таасир эткен чечимдерге таасир эте ала турган туруктуу механизмдер зарыл.
Мүмкүнчүлүктөрдү борбордон тышкары кеңейтүү
Келечекке көз чаптырып, Бектан Кыдыев аймактардагы жаштар менен кеңири иш алып барууну негизги артыкчылыктардын бири катары белгиледи. Бишкектеги жаштар гранттар, стажировкалар, окуу мүмкүнчүлүктөрү жана БУУнун программалары тууралуу маалыматка салыштырмалуу оңой жете алса, алыскы аймактардагы жаштарга мындай мүмкүнчүлүктөр дайыма эле жеткиликтүү боло бербейт.
Инклюзивдүү мамиле аймактарда түшүндүрүү жана маалыматтык иштерди күчөтүүнү, жеткиликтүү коммуникацияны жана жергиликтүү жаштар уюмдары менен өнөктөштүктү кеңейтүүнү талап кылат. Ошондой эле ар кандай социалдык жана экономикалык чөйрөдөн чыккан жаштарды колдоо алуучу тарап катары гана эмес, жергиликтүү көйгөйлөрдү аныктап, чечимдерди иштеп чыгууга катыша алган өнөктөш катары тартуу маанилүү.
Кыдыев ошондой эле жарандык катышууга жана жаштардын лидерлигине көбүрөөк инвестиция салууга чакырды. Чакан гранттык программалар жана башка ийкемдүү каржылоо механизмдери жаштар жетектеген уюмдарга жана формалдуу эмес демилгелерге өз идеяларын жергиликтүү коомчулуктарда практикалык аракеттерге айландырууга мүмкүнчүлүк бере алат.
Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешине шайланышы да жаштардын көп тараптуу кызматташтык тууралуу түшүнүгүн тереңдетүүгө жана аларды өлкөнүн өсүп жаткан эл аралык ролу менен тыгыз байланыштырууга жаңы мүмкүнчүлүк түзөт. Түзүмдөлгөн консультациялар жана билим берүү демилгелери жаштарга тынчтык, коопсуздук жана туруктуу өнүгүү маселелери боюнча өз көз карашын билдирүүгө шарт түзүп, ошол эле учурда жарандык жана эл аралык лидерлердин жаңы муунун калыптандырууга көмөк көрсөтө алат.
Анын ой-пикирлери БУУнун Өлкөлүк талдоосуна салым кошуп, жаштардын системалуу, инклюзивдүү жана мазмундуу катышуусунун маанилүүлүгүн баса белгилейт. Ошондой эле алар аймактардагы кызматташууну кеңейтүүгө, жаштар демилгелеген чечимдерди колдоого жана Кыргызстандын өнүгүү багыттарын аныктоодо жаштардын үнүн дагы да күчөтүүгө мүмкүнчүлүктөр бар экенин көрсөтөт.