Пресс-релиз

БУУ менен ЕБнын “Спотлайт” демилгесинин алкагында зомбулукка кабылган аялдар үчүн кыска мөөнөттүү кризистик борборлор уюштурулду

30 апрель 2020

БИШКЕК, 2020-жылдын 30-апрели - БУУ менен ЕБнын «Спотлайт» Демилгесинин Кыргыз Республикасындагы Өлкөлүк программасы өлкөдө COVID-19 илдети тутанган мезгилде аялдар менен кыздарга карата зомбулук жасалган учурлардын көбөйүп кетишине байланышкан маселелерди чечүү үчүн 200 000 АКШ доллары өлчөмүндө каражат бөлдү. “Спотлайт” демилгеси азыркыдай обочолонууга мажбур болгон, экономикалык жана социалдык кысымдар күчөгөн шарттарда зомбулуктан жабыркаган аялдар менен кыздардын кечиктирилгис керектөөлөрүн канааттандырууга багытталган.

Кыргызстанда карантин мезгилинде үй-бүлөлүк зомбулук болгон учурлардын саны 65 пайызга жогорулаган. 2019-жылдын 24-мартынан 24-апрелине чейинки мезгилде Бишкекте ушундай 100 факты катталса, быйылкы жылдын ушул эле мезгилинде алардын саны 162ге жеткен. КР ИИМинин бул маалыматтары Бишкектин комендантына, парламент депутаттарына жана КР Социалдык өнүгүү министрлигине жөнөтүлгөн. Зомбулукка кабылган аялдар менен кыздар үчүн “Спотлайт” демилгесинин колдоосу менен убактылуу кризистик борборлор уюштурулган. Андан тышкары, өкмөткө гендерик зомбулукка көп секторлуу жооп кайтаруу (саламаттык сактоо, социалдык кызмат көрсөтүүлөр, укуктук кызмат көрсөтүүлөр, укук коргоо органдары, сот адилеттиги институттары жана гуманитардык мекемелер аркылуу) алгоритми боюнча колдонмо менен нускамалардын үстүндөгү ишти аяктоо үчүн техникалык колдоо көрсөтүлүүдө. Ошондой эле аялдарды колдоо максатында гендердик зомбулук учурлары боюнча иш алпаруучу өзгөчө мобилдүү топтор да иштемекчи. COVID-19 учурунда онлайн режиминде көрсөтүлө турган психосоциалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана кризистик борборлорго байланышкан түз байланыш телефондору боюнча багыттоо механизмдерин координациялоо боюнча иш аткарылууда. 

Көптөгөн аялдар менен кыздар алар үчүн эң коопсуз болушу керек болгон жерде – өз үйлөрүндө коркунучка дуушар болуп жатышат. Өкмөттүн, эл аралык өнөктөштөрдүн, жарандык коомдун, ЖМКнын жана ар бирибиздин биргелешкен аракетибиз менен COVID-19 пандемиясы учурунда аялдарга карата зомбулуктун күчөшүнө байланышкан көйгөйдү тез арада чечүү өтө маанилүү болуп саналат. Аялдардын укуктары менен эркиндиктери күчтүү, туруктуу коом үчүн өтө маанилүү”, - дейт БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу Координатору Озонниа Ожиело. 

Азыркы кыйын жагдайда Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зомбулуктун жана гендердик зомбулуктун өсүп баратканын белгилейбиз, ошондуктан, “Спотлайт” Демилгесин ушул көйгөйдү чечүүгө ыңгайлаштырмакчыбыз. Биздин Кыргызстандагы аткаруучу өнөктөшүбүз болгон Бириккен Улуттар Уюму менен биргеликте биз Өкмөт жана жарандык коомдогу жергиликтүү өнөктөштөр менен чогуу зомбулуктан жабыркагандарга жардам берип, аялдар менен кыздар үчүн коопсуз чөйрөнү кеңейтүүгө салым кошуу боюнча иш алпармакчыбыз”, - дейт Европа Биримдигинин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Эдуард Ауэр. 

“Спотлайт” демилгеси COVID-19 учурунда гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулукту болтурбоо боюнча жарандык коомдун жетекчилиги алдындагы маалыматтык кампанияны колдоого алмакчы. Программа жергиликтүү деңгээлдеги жаштар менен аялдар активисттери жүргүзө турган COVID-19 контекстиндеги алдын алуучу чаралар жөнүндө санариптик кампаниялар аркылуу маалымдуулукту жогорулатууга багытталат. 

Программа ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө зомбулуктан жабыркаган адамдарга карантиндик чектөөлөр учурунда үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүүнү, анын ичинде Интернет аркылуу кызмат көрсөтүүнү камсыздаган жаңы форматтарды иштеп чыгуу жолу менен жакшыртылган көп секторлуу жана координацияланган кызмат көрсөтүүлөргө жардам берүүгө багытталган.  

Аялдар үчүн кризис учурунда коопсуз жайлар жеткиликтүү болушун жана негизги кызмат көрсөтүүлөр үзгүлтүксүз көрсөтүлүшүн камсыздоого өзгөчө көңүл бурулуп, колдоого алынмакчы. “Спотлайт” демилгеси ошондой эле өкмөткө гендердик зомбулук маселелерин COVID-19 илдетине жооп кайтаруунун улуттук пландарына киргизүүгө колдоо көрсөтүүгө умтулат. Демилге Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жарандык коом менен COVID-19 пандемиясы учурунда аялдар менен кыздарга карата зомбулукту түп-тамырынан бери жок кылуу боюнча натыйжалуу чечимдерди иштеп чыгуу үчүн биргелешкен ишин улантат. 

2020-жылдын январында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен өнөктөштүктө аялдар менен кыздарга карата зомбулуктун бардык формаларын түп-тамырынан бери жок кылуу боюнча ЕБ менен БУУнун “Спотлайт” глобалдуу демилгесинин (Spotlight Initiative) алкагында көп жылдык өлкөлүк программаны ишке киргизишти.  Программанын максаты – Кыргызстандагы бардык аялдар менен кыздар, өзгөчө – аялуу катмардагылар зомбулуксуз жана зыяндуу практикасыз, анын ичинде - жаштайынан никеге тургузуу жана ала качуусуз жашаган чөйрөнү түзүү болуп саналат. Программа саясат жана мыйзамдар, институттарды бекемдөө, зомбулукту болтурбоо, зомбулуктан жабыр тарткандарга кызмат көрсөтүү, сапаттуу маалыматтарды топтоо жана аялдар кыймылдары менен жарандык коомду колдоо жаатындагы интеграцияланган чаралардын комплексин камтыйт. Программа БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу Координаторунун жалпы жетекчилиги алдында  БУУнун беш агенттиги тарабынан ишке ашырылат (БУУ-Аялдар, ЮНФПА, БУУӨП, ЮНИСЕФ жана БУУ БКБ).



 

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУнун Аялдар түзүмү
Бириккен Улуттар Уюмунун гендердик теңчилик жана аялдар укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү түзүмү
БУУ
Бириккен Улуттар Уюму
БУУӨП
Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы
ЮНФПА
Бириккен Улуттар Уюмунун Калк жайгаштыруу фонду
ЮНИСЕФ
Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду
БУУ БКБ
Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар