Пресс-релиз

Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун билдирүүсү

07 марта 2020

Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюму бардык аялдарды, энелерди жана кыздарды Эл аралык аялдар күнү менен куттуктайт!

Аял укуктарын коргоо жаатында аялдардын адаттан тыш эрктүү кадамдары жана көрсөткөн чечкиндүүлүгү менен жетишилген прогрессти жана өлкөнү өнүктүрүүдөгү, ошондой эле коомчулуктарда ойногон ролуңуздарды белгилөөгө арналган майрамга кошулабыз. Биз сиздер менен көйгөйлөрдү чечүүнүн үстүндө биргелешип иштөөгө даярбыз. 

Бул жылдын Эл аралык аялдар күнүнүн глобалдык темасы – «Теңдик мууну: аял укуктарын ишке ашыруу». Аталган тема Пекин декларациясын жана Иш-аракеттер платформасын кабыл алуунун 25 жылдыгына арналган бир нече муунга таандык «Теңдик мууну» кампаниясына байланышкан. Ошондуктан бул күн баарыбызды, ар бир адамды жана бардык жерде адам укуктарын коргоо зарылчылыгы катары гендердик теңдикти колдоого чакырат. Гендердик теңдик Туруктуу өнүгүү максаттарды (ТӨМ) ишке ашыруунун фундаменталдуу шарты болуп саналат.  

Акыркы жылдары Кыргыз Республикасы ала качууга тыюу салуу жана жазалоо, үй-бүлөлүк зомбулукту криминалдаштыруу жана жергиликтүү кеңештерде аялдар үчүн гендердик квоталарды камсыздоо жөнүндө маанилүү мыйзам долбоорлорун кабыл алуу менен, аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана аялдардын теңдигин камсыздоо боюнча мактоого арзыган кадамдарды жасады. Бул маанилүү кадамдар жарандарга жана дүйнөлүк коомчулукка аялдардын жана кыздардын укуктарын илгерилетүү жана коргоо боюнча милдеттенмелерине өлкө карманаары жөнүндө ишенимдүү кабар берет.

Ушул күнү БУУ аялдарга жана кыздарга карата жасалган үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, активист аялдарга жана укук коргоочуларга карата коомдук жайларда физикалык жана оозеки басынтуу учурларына каршы курч билдирүү жасоо боюнча биргелешкен аракеттерди кубаттайт.

БУУ мындан ары да Кыргыз Республикасына дискриминациянын жана зомбулуктун бардык формаларынын алдын алуу жана тыюу салуу, ошондой эле пикирин эркин билдирүү, тынч жыйындарга чогулуу үчүн шарттарды түзүү боюнча адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык укук боюнча милдеттенмелерин жана улуттук мыйзамдарды аткарууда колдоо көрсөтө бермекчи.

«Бул күнү Бириккен Улуттар Уюму аялдардын ар түрдүүлүгүн жана алардын саясий, расмий жана жеке чөйрөдө көз караштарын эркин жана түрдүү формада билдирүү укугун майрамдайт”, - деп билдирди Озонниа Ожиело, Кыргыз Республикасындагы БУУнун Туруктуу координатору.

Бул милдеттенмелерге ылайык, Бириккен Улуттар Уюму Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн жана бардык кызыкдар тараптарды бардык аялдардын укуктарын жеке жана коомдук жайларда коргоону белгилөөгө жана бекемдөөгө үндөйт. 

Бириккен Улуттар Уюму эч бир адамды артта калтырылбоо керектигин эске алуу менен, коомдун бардык мүчөлөрүн коргоо жана тең катышуусун колдоо боюнча өкмөттүн аракетин колдоого даяр.

* * *

Сообщение для СМИ от системы Организации Объединенных Наций в Кыргызской Республике



7 марта 2020 г.

По случаю Международного женского дня 2020 года система Организации Объединенных Наций в Кыргызской Республике поздравляет всех женщин, матерей и девушек Кыргызской Республики!

Мы присоединяемся к женщинам и мужчинам Кыргызстана, чтобы отметить прогресс, достигнутый в обеспечении прав женщин за счет исключительной твердости убеждений и решимости, продемонстрированных женщинами для развития страны и своих сообществ. Вместе с вами мы готовы работать для решения имеющихся проблем.

Глобальная тема Международного женского дня этого года - «Поколение равенства: реализация прав женщин». Тема связана с новой межпоколенческой кампанией «Поколение равенства», посвященной 25-й годовщине принятия Пекинской декларации и Платформы действий. Поэтому этот важный день призывает всех нас, каждого из нас, всегда и везде поддерживать гендерное равенство как необходимое условие для обеспечения прав человека для всех поколений. Гендерное равенство является фундаментальным условием реализации Целей устойчивого развития (ЦУР). 

Кыргызская Республика предприняла знаковые меры для обеспечения гендерного равенства и расширения возможностей женщин, приняв важные законопроекты о запрещении и наказании за ала-качуу, криминализации бытового насилия и обеспечении гендерных квот для женщин в местных советах. Эти предпринятые страной важные шаги передают гражданам и мировому сообществу убедительное послание о решимости Кыргызстана в продвижении и защите прав женщин и девушек.

В этот день система Организации Объединенных Наций в Кыргызской Республике призывает объединить усилия, чтобы противостоять бытовому насилию в отношении женщин и девушек, любой риторике нетерпимости, физических и словесных оскорблений в отношении женщин-активисток и правозащитников.

Организация Объединенных Наций будет поддерживать Кыргызскую Республику в выполнении ее обязательств в области международного права прав человека и национального законодательства для предотвращения и запрещения всех форм дискриминации и насилия и создания условий для свободы выражения мнений и мирных собраний.

«В этот день система Организаций Объединенных Наций в Кыргызской Республике подчеркивает ценность разнообразия всех форм свободного выражения мнений женщинами в официальной, профессиональной и личной сферах», - заявил Постоянный координатор системы ООН в Кыргызской Республике Озонниа Ожиело.

В соответствии с этими обязательствами Организация Объединенных Наций в Кыргызской Республике призывает правительство и все вовлеченные стороны отметить и усилить защиту прав женщин в общественной и частной жизни. 

Организация Объединенных Наций готова поддерживать усилия Кыргызской Республики по защите и продвижению равного участия всех членов общества, чтобы не оставить никого позади.

Агентства ООН, вовлеченные в эту инициативу

ООН
Организация Объединенных Наций

Цели, которые мы поддерживаем через эту инициативу