Press Release

БУУнун Качкындар боюнча агенттиги COVID-19 пандемиясы учурунда Кыргыз Республикасындагы качкындар менен башпаанек издеген адамдарды коргоо боюнча туруктуу аракеттерди жогору баалайт

16 February 2021

Бишкек, Кыргызстан – 16-февралда БУУнун Качкындар боюнча агенттиги (БУУ КЖКБ) 1 770 000 сомдук компьютердик жабдуулардын дагы бир бөлүгүн Мамлекеттик миграция кызматынын Качкындардын иштери боюнча бөлүмүнө (ММК) өткөрүп берди. Качкындар менен башпаанек издеген адамдарды коргоо багытында БУУ КЖКБ менен ММК ортосундагы көп убакыттан бери уланып келе жаткан кызматташуунун алкагында берилген бул жабдуулар качкындар менен башпаанек издеген адамдарга пандемия учурунда кызмат көрсөтүү боюнча ММК потенциалын мындан кийин дагы бекемдөөгө жардам берет.

«COVID-19 пандемиясы шартында качкындар менен башпаанек издеген адамдардын укуктарын коргоо боюнча кыргыз бийлигинин аракеттерин жогорубаалайбыз. Ошондой эле улуттук башпаанек берүү системасын эл аралык укук менен стандарттарга ылайык бекемдөө жана ага байланыштуу иш-чараларды өткөрүүдө Өкмөттү мындан кийин дагы колдоп, кеңеш берүүгө даяр экенибизди тастыктайбыз», – деди Ханс Фридрих Шоддер, БУУ КЖКБнын Борбордук Азиябоюнча өкүлчүлүгүнүн жетекчиси.

«Качкындар маселесинде техникалык жана башка жардам берүү жаатында БУУ КЖКБ дайым Кыргызстандын чыныгы досу катары иш алып барат. БУУКЖКБнын кеңсеси Бишкекте ачылган күндөн тартып качкындар менен иштөөдө негизги өнөктөшүбүз болуп келет жана өнөктөштүгүбүздүн деңгээли мененканааттанабыз.

2020-жылы пандемия учурунда качкындар менен башпаанек издеген адамдардын ар бир үй-бүлөсүнө финансылык жардам берип, БУУ КЖКБ өлкөбүзгөолуттуу жардам көрсөткөнүн баса белгилеп кетким келет.

Биздин кызматыбыз БУУ КЖКБ менен кызматташууга, качкындарга байланыштуу кандай гана маселе болбосун, аларды талкуулаганы дайым даяр жанамындан кийин дагы Кыргызстан качкындарга байланыштуу өзүнө алган эл аралык милдеттенмелерди аткарууну улантат», – деп белгиледи Мамлекеттикмиграция кызматынын төрагасы Т.Т. Каймазаров.

Пандемияга байланыштуу кырдаал качкындар менен башпаанек издеген адамдардын корголушуна жана экономикалык абалына коркунучжараткандыктан вирустун жайылышын алдын алуу үчүн коопсуздук чараларын сактоо менен башпаанек берүү системасынын тынымсыз иштөөсүн камсызкылуу максатында БУУнун Качкындар боюнча агенттиги Мамлекеттик миграция кызматына техникалык жана жеке коргонуу каражаттарын берип, колдоокөрсөттү.

Он жыл мурун Кыргыз Республикасында тынчтыкты сактоого жана ынтымакты орнотууга кошкон салымы үчүн Шоддер мырза «Даңк» медалы мененсыйланган. Бул жумада Бишкекте бийлик өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда Кыргыз Республикасында учурда катталган 702 качкын, башпаанек издеген жанажарандыгы жок адамга кыргыз жарандары менен бирге COVID-19 оорусуна каршы ыктыярдуу эмдөө алууга бирдей мүмкүнчүлүк түзүлөт деген кепилдикберилет деп ишенет Шоддер мырза.

COVID-19 оорусу бир гана ден-соолук үчүн коркунуч туудурбастан, орун которгон адамдар үчүн гуманитардык көйгөйлөрдү дагы жаратууда. КыргызРеспубликасындагы качкындар менен башпаанек издеген адамдарды коргоодо жана алардын укуктарын камсыз кылууда БУУ КЖКБ өкмөттүк өнөктөштөрдүколдоону улантууда.

КОШУМЧА МААЛЫМАТ АЛУУ ҮЧҮН:

Казыбаева Аяна, БУУ КЖКБнын Кыргыз Республикасындагы административдик маселелер боюнча улуттук кеңешчиси: kazybaev@unhcr.org, телефон номуру+996 775 98 73 73.

UN entities involved in this initiative

БУУ КЖКБ
Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы

Goals we are supporting through this initiative