Бишкекте 10 – мартта “ДООР ӨЗГӨРТКӨН АЯЛ ЛИДЕРЛИГИ” аттуу форум өтөт
05 March 2021
Бишкекте 10 – мартта “ДООР ӨЗГӨРТКӨН АЯЛ ЛИДЕРЛИГИ” аттуу форум өтөт. Иш-чаранын максаты – жаңы чакырыктардын алдында аялдардын лидерлигинин көп түрдүүлүгүн жана Кыргызстандын өнүгүшүндөгү аялдардын кошкон салымын көрсөтүү.
Форум Кыргызстандагы аялдар кыймылынын 95 жылдыгына, 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө арналган глобалдык кампанияга, Аялдардын статусу боюнча Комиссиянын 65-сессиясына жана “Теңдик Мууну” глобалдык жаштар кампаниясына карата уюштурулууда.
Аталган форум Кыргызстандагы аялдар менен кыздардын кыйла адилеттүү келечекти калыптандыруу жана COVID-19 пандемиясынан чыгуу боюнча эбегейсиз зор аракеттерин белгилөө үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк берет.
На форуме выступят представители Правительства, международных организаций, организаций гражданского общества, активисты, представители культуры и бизнес сообщества. Также женщины-лидеры со всех регионов Кыргызстана расскажут о своем опыте во время борьбы с пандемией и после нее.
Мероприятие будет проходить в комбинированном режиме он-лайн/офф-лайн, объединяющий различных участников из всех регионов страны. Всего будет четыре панельные дискуссии: взаимосвязь между поколениями; выборы и политическое участие женщин; женщины на передовой в борьбе с COVID-19 и советы по лидерству.
Форумда Өкмөттүн, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун мүчөлөрү, активисттер, маданият жана бизнес өкүлдөрү сөз сүйлөшөт. Ошондой эле Кыргызстандын бардык аймагынан катышкан лидер-айымдар өзүлөрүнүн пандемия убагындагы күрөштөгү жана андан кийинки тажрыйбалары менен бөлүшүшөт.
Иш-чара бардык региондон катышуучулар менен он-лайн/офф-лайн түрүндө өтөт. Бардыгы болуп төрт панелдик дискуссия өтүлөт: муундар ортосундагы байланыш; шайлоо жана аялдардын саясатка катышуусу; COVID-19 менен күрөшүүдө аялдардын орду жана лидерлик боюнча кеңештер.
Иш-чара БУУӨПтүн "Кыргызстанда 2020-2021 жылдары шайлоолорго көмөктөшүү" долбоорунун алкагында, Швейцария өлкөсүнүн колдоосу, БУУ аялдар жана Япония Өкмөтүнүн, Европа Биримдигини жана БУУ “Тендик нуру” колдоосу менен өткөрүлүп жатат.
Медиа контакт:
БУУнун Аялдар Бирикмесинин коммуникация боюнча адиси
Наргиз Кошойбекова
Nargiz.koshoibekova@unwomen.org