Press Release

Кыргызстандык ишкер айымдар эл аралык инвесторлор менен баарлашат

28 April 2021

2021-жылдын 27-29-апрелинде «БУУнун Аялдар» түзүмү 12 өлкөнүн 900дөн ашуун ишкер аялдарынын катышуусундагы Европа жана Борбордук Азиядагы биринчи регионалдык “Аялдардын ишкердүүлүгү көргөзмөсүн" өткөрүүдө. Кыргызстандан бул иш-чарага 70 аял катталып, анын отузу өлкөнүн ар бир регионунан келип, Бишкек шаарында көргөзмөгө катышышат.

Бул үч күндүк көргөзмө COVID-19 пандемиясы учурунда жана андан кийин ишкер аялдарды колдоо жана алардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатын көздөйт. Иш-чара кийим-кече, тамак-аш, айыл чарба продукцияларын өндүрүү, ошондой эле соода жана билим берүү тармагын камтыган 23 багытты камтыйт.

Көргөзмөдө брендинг жана маркетингден баштап, краудфандинг, электрондук соода жана инвестицияга тиешелүү алты биргелешип жаратуу борборлору ишкерлердин өзүлөрүнүн продукцияларын көргөзүп, жаңы идеяларды таап, иш жүргүзүп, бизнес-пландарын өркүндөтүүгө жол ачат. Андан тышкары дүйнөлүк компаниялар жана инвесторлор менен жолугушуулар болот. Жеке сектордогу өнөктөштөр ишканаларынын өндүрүп-сатуу тармагында аялдар ээлик кылган бизнестер менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып беришет.

Мындан тышкары, Кыргызстандык катышуучулар бир нече компанияларга иш саякаты менен барып, алардын тажрыйбаларын үйрөнүп, бизнестерин өнүктүрүүгө жол ачышат. Көргөзмөдөн кийин ишкерлер өздөрүнүн бизнес-пландарына жана идеяларына ылайык бизнес сунуштарын иштеп чыгуу жана жөндөө боюнча кесипкөй машыктыруудан өтүшөт.

Жапония өкмөтү тарабынан каржыланган бул иш-чара COVID-19 пандемиясынан өзгөчө аял-ишкерлер жабыркагандыгынан, алардын төрттөн бири жумушсуз калгандыга жооп катары өтүүдө. Бул көргөзмө ишкер аялдарды улуттук жана эл аралык компаниялар, инвесторлор жана менторлор менен байланыштырып, алардын маркетинг идеяларын жана бизнесин жаңы деңгээлге көтөрүүгө жардам берет.

“COVID-19 ишкер аялдарга таасирин көбүрөөк тийгизди, анткени алардын микро, чакан жана орто ишканалары кирешеси төмөн тармактарда көбүрөөк иштешет. Аялдардын киреше коопсуздугун, татыктуу эмгекти жана экономикалык автономияны колдоо биздин негизги приоритеттерибиз болуп саналат”, – деп билдирет Европа жана Борбордук Азиядагы “БУУ-Аялдар” түзүмүнүн регионалдык директору Алия Эль-Ясир.

Көргөзмөнүн ачылышы Facebook баракчасында көрсөтүлөт.

Көбүрөөк маалымат үчүн: https://eca.unwomen.org/

Коммуникациялар боюнча консультант: Айсулуу Кожомкулова, +996555662228

UN entities involved in this initiative

БУУнун Аялдар түзүмү
Бириккен Улуттар Уюмунун гендердик теңчилик жана аялдар укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү түзүмү

Other entities involved in this initiative

ADA
Austrian Development Agency

Goals we are supporting through this initiative