COVID-19 ПАНДЕМИЯСЫНЫН ШАРТТАРЫНДА ЭМГЕКТИ УЮШТУРУУ БОЮНЧА ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР ҮЧҮН КОЛДОНМОЛОР ЖЫЙНАГЫ
Ушул Жыйнак Иш берүүчүлөрдүн иш-аракети боюнча Эл аралык эмгек бюросу (ЭЭУ-АСТ/EMP) тарабынан даярдалган колдонмолордун, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) жарыялаган колдонмолордун жана көрсөтмөлөрдүн негизинде Кыргыз Республикасындагы JIA бизнес ассоциациясы тарабынан иш берүүчүлөр, иш берүүчүлөрдүн тармактык ассоциациялары үчүн жалпы окуу куралы катары иштелип чыккан жана аны Кыргызстандын ишкерлер чөйрөсүнө жайылтууга ниеттенүүдөбүз. Колдонмолордо борбордук жана жергиликтүү бийлик органдары тарабынан жарыялануучу республикалык тиешелүү мыйзамдарды, мыйзам алдындагы актыларды, көрсөтмөлөрдү жана колдонмолорду; анын мүчө ишканалар үчүн практикалык пайдасын жогорулатуу үчүн материалдар тууралуу маалыматтарды көрсөтүп өттүк. Жыйнак колдонуудагы тиешелүү мыйзамдарды, мыйзам алдындагы актыларды, саясий документтерди, борбордук жана жергиликтүү бийлик органдары тарабынан кабыл алынган көрсөтмөлөрдү жана колдонмолорду көрсөтүү менен Кыргыз Республикасында колдонууга ылайыкташтырылган. Иш берүүчүлөрдүн тармактык ассоциациялары, JIA бизнес ассоциациясынын регионалдык өкүлчүлүктөрү бул жыйнакты жайылтууда тармактык өзгөчөлүктөрдү жана мүчө-ишканалар үчүн анын практикалык пайдасын жогорулатуу максатында тигил же бул регионго мүнөздүү өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, жыйнакты маалыматтар менен толуктай алышат.
Эскертүү: Эл аралык эмгек бюросу ушул жыйнакта келтирилген жана алар авторлорго гана таандык ой-пикирлер жана көрсөтмөлөр үчүн жоопкерчилик тартпайт. Фирмалардын, коммерциялык өнүмдөрдүн жана процесстердин аталыштарына шилтемелер Эл аралык эмгек бюросу тарабынан жактырылгандыгын билдирбейт.