Пресс-релиз

ООН призывает к гражданскому диалогу по правам женщин в Кыргызской Республике

12 марта 2020

31 августа 2019 г. в своей речи по случаю Дня независимости страны на площади «Ала-Тоо» Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков заявил, что перед Кыргызстаном стоит потребность заниматься не только национальными проблемами, но и выстоять перед мировыми вызовами. Он сказал, что задача страны - жить в современном обществе, развитом государстве, построенном на принципах развития человеческого потенциала и свободе. Он призвал к созданию страны, где каждый живет комфортно, а свобода является источником развития.

Во время своих выступлений на Генеральной Ассамблеи ООН и во время визита в Европейский Союз Президент Жээнбеков заявил, что построить подлинную демократию нелегко, но отметил, что это единственный путь, который избрал народ Кыргызстана, и что Кыргызстан будет постоянно укреплять демократические принципы в развитии страны с государственным управлением, ориентированным на потребности каждого человека, обеспечение прав, свобод и равенства в обществе.

Кыргызская Республика планирует представить Национальный добровольный отчет (НДО) о реализации Целей устойчивого развития (ЦУР) в июле 2020 года. В основе излагаемых в НДО достижений лежит консолидация демократии, работа государственных учреждений по реализации ЦУР для обеспечения наиболее полной реализации прав и возможностей граждан. Главный принцип Целей устойчивого развития - никого не оставлять позади - требует участия, голоса и вовлечения всех слоев общества в вопросы национального развития.

ООН крайне обеспокоена недавними тенденциями, которые стремятся подорвать обещания в достижении ЦУР, ограничить голос и участие женщин, пространство для гражданских действий в Кыргызской Республике. Тому свидетельствуют участившиеся случаи бытового насилия, нетерпимости, ненависти и давления в отношении групп, отдельных активистов и общественных организаций, защищающих права женщин. Кульминацией этого стали действия мужчин в масках, направленные против мирных демонстрантов 8 марта этого года в присутствии правоохранительных органов. В результате были задержаны участницы марша, но не люди в масках.

Государство обязано не только предоставить защиту от насилия и угроз насилия всем гражданам. Когда государственные органы не предпринимают действий против лиц, виновных в запугивании и насилии, они создают в умах населения непреднамеренное впечатление, что эти люди в масках и все те, кто способствуют ненависти и нетерпимости, поддерживаются государством. ООН верит, что это не так. Поэтому для государственных учреждений критически важно выполнять свою работу осмотрительно, чтобы каждый гражданин чувствовал себя защищенным, вне зависимости от его статуса в обществе.

Какие бы проблемы ни разделяли и поляризировали любое общество, они могут быть решены только путем дискуссий и диалога, но не путем насилия. ООН призывает Жогорку Кенеш и Правительство создать пространство для конструктивного диалога между гражданами и государственными учреждениями Кыргызской Республики и в обществе в целом. Женщины-активисты и любые группы c противоположным мнением имеют право быть услышанными. Но они должны быть услышаны в условиях, свободных от насилия, ненависти или нетерпимости. Только благодаря такому диалогу появится настоящая гражданственность в обществе, которое уважает и ценит разнообразие всех составляющих групп. Мы призываем парламентариев и правительство продемонстрировать лидерство, которое позволяет создать пространство для диалога. ООН готова поддержать такие диалоги.

* * *

БУУ Кыргыз Республикасында аялдардын укуктары боюнча жарандык диалогго үндөйт

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын 31-августунда Эгемендүүлүк күнүнө арналган «Ала-Тоо» аянтында айтылган сөзүндө, Кыргызстан улуттук проблемалар менен гана алек болбой, дүйнөлүк чакырыктарга туруштук берүү муктаждыгына туш болууда деп белгилеген. Ал мамлекеттин максаты - заманбап коомдо жана адамдык потенциалы менен эркиндик тарабынан кубатталган өнүккөн өлкөдө жашоо деп айткан. Ал ар бир жаран ыңгайлуу шартта жашаган жана эркиндик өнүгүү булагы болгон өлкөнү курууга чакырган.

Өзүнүн Европа Биримдигинде жана БУУнун Генералдык Ассамблеясында сүйлөгөн сөздөрүндө Президент чыныгы демократияны куруу оңой эмес экенин, бирок Кыргызстан элинин тандаган жолу өлкөнү өнүктүрүүдө демократия принциптерин тынымсыз күчөтүү, мамлекеттик башкарууда болсо ар бир адамдын муктаждыктарына көңүл буруу, укуктарды, эркиндикти жана коомдогу теңдикти камсыз кылуу деп белгилеген.

Кыргыз Республикасы 2020- жылдын июль айында Туруктуу өнүгүү максаттарын (ТӨМ) ишке ашыруу боюнча өзүнүн Ыктыярдуу улуттук отчетун тапшырууну пландап жатат. Аталган отчетто басым жасалуучу негизги жетишкендиктер катары демократиялык консолидация, жарандардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн толук ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн мамлекеттик уюмдардын иштеши болот. ТӨМдүн негизги максаты – «Эч кимди артта калтырбоо» - мамлекеттин турмушуна бардык жарандарды тартуу, катыштыруу жана коомдун бардык бөлүктөрүнүн үнүн жеткирүүнү камтыйт.

Ошондуктан, Кыргыз Республикасында жакында байкалган ТӨМ максаттарын ишке ашырууну басаңдатуучу, аялдардын үнүн жана катышуусун, жарандык акцияларды өткөрүү мүмкүнчүлүгүн чектеген көрүнүнштөр БУУну абдан тынчсыздандырат.  Бул үй-бүлөдөгү зомбулук, көтөрүмсүздүк, жек көрүү жана аялдардын топтору, активисттер менен жарандык уюмдарга каршы басмырлоо мисалдарынын көбөйүүсүнөн көрүнүүдө. 8-мартта тынч демонстрацияга чыккан аялдарга каршы беткапчан кишилердин тартип сактоо кызматкерлеринин көзүнчө аракеттери мунун баарынын кульминациясы болуп калды. Жыйынтыгында беткапчан кишилерди кармоонун ордуна, маршка чыккандар кармалып кетти.

Бардык жарандарды зомбулуктан жана зомбулук коркунучунан коргоону камсыз кылуу мамлекеттин жалгыз милдети эмес. Мамлекеттик органдар коркутуу жана зомбулуктун уюштуруучуларына чара көрө албаганда, коомдун пикиринде ал беткапчан кишилерди жана жек көрүүнү жаратып жаткандарды мамлекет колдойт экен деген ой пайда болушу ыктымал. Кыргызстандагы абалдын мындай чечмеленишине БУУ ишенгиси келбейт. Ошондуктан мамлекеттик органдардын мыйзамга ылайык ар бир жарандын, анын коомдогу макамынан көз карандысыз, корголушун камсыз кылуу эбегейсиз маанилүү.

Коомду кандай гана маселелер бөлүп, талаш жаратса да, алар зомбулук жолу менен эмес, талкуу жана диалог жолу менен гана чечилет. БУУ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин жана Өкмөтүн жарандар, мамлекеттик органдар жана коомчулук ортосунда маңыздуу диалог өткөрүү мүмкүнчүлүгүн түзүүгө чакырат. Аялдардан чыккан активисттер жана аларга каршы кандай топ болбосун, ар бири өз пикирин билдирүүгө укуктуу.  Бирок, алар өз пикирин зомбулуктан, жек көрүүдөн жана көтөрүмсүздүктөн эркин абалда билдире алуулары абзел. Ушундай диалог аркылуу гана коомду түзгөн топтордун көп түрдүүлүгүн тааныган жана сыйлаган Кыргызстандын чыныгы жарандыгы түзүлөт. Биз Жогорку Кеңештин депутаттарын жана Өкмөттү диалогго шарт түзүү демилгеси менен чыгууга чакырабыз. БУУ мындай диалогдорду колдоого дайым даяр.



 

Агентства ООН, вовлеченные в эту инициативу

ООН
Организация Объединенных Наций

Цели, которые мы поддерживаем через эту инициативу