Миграция боюнча глоссарий
Бул cѳздүк Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик Башкаруу Академиясы тарабынан Миграция маселелерин ѳнүгүү стратегияларына киргизүү боюнча бүткүл дүйнөлүк программанын алкагында басылып чыгарылды. Аталган программа Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын демилгесине ылайык, Швейцария ѳкмѳтүнүн каржылоосу менен Миграция боюнча Эл Аралык Уюму (МЭАУ) жана БУУнун ѳнүгүү программасы тарабынан ишке ашырылып келет.
Сѳздүк миграция саясатын түзүүчүлөргө жана чечим кабыл алуучу кызматкерлерге, изилдѳѳчүлѳргѳ, миграция менен ѳнүгүү маселелеринин үстүндѳ иштеген илимий коомго арналды. Сѳздүктүн мазмуну анын авторлоруна гана таандык жана Швейцария ѳкмѳтүнүн, МЭАУнун жана БУУнун ѳнүгүү программасынын кѳз караштары менен толук дал келбөөсү мүмкүн. Ошондой эле бул сѳздүктүн мазмуну Кыргызстандагы эл аралык уюм катары берилген МЭАУнун иммунитеттерине жана привилегияларына таасир этпейт.