Окуяларды гендердик сезгичтик жактан чагылдыруу жана медиа-сабаттуулук аркылуу экстремизмди жайылтууга каршы аракет көрүү боюнча колдонмо
Бул колдонмо Кыргызстандын жалпыга маалымат каражаттарынын редакторлору жана журналисттери, ошондой мамлекеттик органдардын маалымат кызматтарынын колдонуусу үчүн арналган.
Азыркы мультимедиялык байланыш доорунда мамлекеттик органдардын маалымат кызматкерлери да байланыш куруучулар (коммуникатор) болуп эсептелет жана көп жагынан журналисттер менен ЖМКнын ишине өңдөш милдеттерди аткарат, андыктан бул колдонмодо журналисттерге багытталган маалымат мамлекеттик органдардын маалымат кызматкерлерине да багышталат. Анан калса, маалымат кызматтарынын оң натыйжалуу иши журналистика менен медиа-рыноктун жанрларын мыкты түшүнө билишин болжойт.
Бул колдонмонун жардамы менен окутуунун натыйжасында журналисттер жана мамлекеттик органдардын (маалымат кызматынын) кызматкерлери маалымдоо жана окуяларды чагылдыруу аракеттерин гендердик сезгичтик менен жүргүзүү, ошондой эле гендердин жалпы концепцияларын түшүнүү боюнча билимдерге жана көндүмдөргө ээ болушат. Мындан сырткары, колдонмо зомбулуктуу экстремизмдин жайылтылып жатышын аныктап таанууга жана медиа-сабаттуулук аркылуу анын таасирине каршы турууга мүмкүндүк берүүчү тактикалар жөнүндө түпкүлүктүү тушүнүктөрдү берет.
ЖМКнын башкы иш максаттарынын бири адам укуктары сыйлануучу, сакталуучу жана корголуучу коомду курууга салым кошуу болуп эсептелет. Журналистикада укук коргоочулук көз караштарды колдонуу менен, журналисттер өз ишинде адам укуктарын алдыга жылдырып, урматтап, коргоп жана сактай алат.
Журналисттер жана коомчулук менен байланыш боюнча адистер өзүлөрүнүн күндөлүк ишинде күн тартибине жана коомдук пикирге таасир кыла алат. Бул иштин олуттуулугун жана маалыматтык таасирдин күчүн толук түшүнүү коомчулук менен байланыш боюнча адистер, журналисттер жана ЖМК кызматкерлери коомдук пикирдин калыптанышына олуттуу таасир кыла ала тургандыгын айкын көрсөтөт. Алар ачык ой-пикирди калыптандырып жана гендердик белгиси боюнча кемитип-кемсинтүүчү стереопатиптерден эркин жана зомбулуктуу экстремизмге үгүттөө аракеттерине каршы тура ала турган тең укуктуу коомду өнүктүрүүгө багытталган коомдук талкууну жаратууга түрткү бере алат.
Журналисттер өзүлөрүнүн байланыш-катыш көндүмдөрүн жана ЖМКны пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн тиги же бул окуя жөнүндө маалымдоо үчүн гана эмес, аны терең талдоо үчүн да колдоно алат. Кайсы бир деңгээлде бул мамлекеттик органдардын маалымат кызматтарына жана коомчулук менен байланышуу боюнча адистерге да тиешелүү. Көйгөйлүү окуяларды бир нече көз караштан ар тараптуу талдап жана чагылдыруунун жардамы менен журналисттер жана коомчулук менен байланышуу боюнча адистер көбүрөөк маалыматка ээ коомду калыптандырууга өз салымын кошо алат; андай коомдо бир топ жогорку деңгээлдеги маалымдуулук калкы окуялар туурасында көбүрөөк кабардар жана активдүү болгон коомдун жарандык аң-сезиминин өсүшүнө түрткү берет.
Журналист жаратуучу материал болгон окуя жөнүндө кабар берүүдөн тышкары, окурманды окуяга сын ой менен кароого, эмне себептен коомдо тиги же бул окуя болуп жаткандыгын ойлонуп түшүнүүгө түрткү берүүнү көздөйт. Эң мыкты дегенде, мындай түшүнүп маани берүүнүн натыйжасы сүрөттөлгөн көйгөй боюнча адамдын жана жарандын оң өзгөрүүлөргө багытталган иш-аракети болот.
Көйгөйдү таразалап, ар тараптан ойлонуп чагылдыруу, этикалык жактан тактап-текшерилип адам укуктары эске алынган материалдар коомдук аң-сезимдин оң багытта өзгөрүшүнө жетишүүгө көмөк болот; мындай коомдо аялдын жашоосунун маңызы менен милдети балдарды багып, үй тиричилигин кылуу менен эле чектелбейт, аялга карата жасалган кылмыш үчүн айып жабыр тарткан аялдын өзүнө оодарылбайт, үй-бүлөсүнө кам көргөн күйөөлөр менен аталар үй-бүлөлүк мамилелер үчүн кадимки, туура көрүнүш катары кабыл алынат.
Учурда бар гендердик терс стереотиптердин бекемделишине каршы журналисттер менен ЖМК окуяларды чагылдырууну гендердик сезгич, кемсинкендик маанайда эмес, гендердик теңдиктин жана адилеттиктин идеялары менен баалуулуктарын алдыга жылдырууга түрткү болгудай кыла алышат.
Экстремсттик үгүт-жайылтуу аракеттерин таанып-билүүнү жана өз ишинде андай үгүткө каршы аракет кылуу инструменттерин практикада колдонууну үйрөнүп, журналисттер коомдо толеранттуулукту, өз ара сый-урматты жана, акыр-аягында, коопсуздукту өнүктүрүүгө өз салымын кошо алат.
Бул колдонмодо төмөнкү түшүнүктөр колдонулган:
- ЖМКнын, журналисттердин ишинде (ошондой эле мамлекеттик органдардын маалымат кызматтарынын ишинде) окуяларды гендердик сезгич чагылдыруу;
- Журналистикада (ошондой эле мамлекеттик органдардын маалымат кызматтарынын ишинде) адам укуктары укук коргоочулук көз караш;
- ЖМКнын, журналисттердин ишинде (ошондой эле мамлекеттик органдардын маалымат кызматтарынын ишинде) экстремизмди жайылтууну айрып таануу жана ага каршы аракет көрүү;
- Экстремисттик койгөйдү чагылдырууга тиешелүү мыйзам алкактары; медиа-сабаттуулук;
- ЖМКнын жана журналисттердин ишиндеги (ошондой эле мамлекеттик органдардын маалымат кызматтарынын ишиндеги) этика.
Кыргызстандын жалпы маалымат кзматтарындагы азыркы жагдай кайсы бир деңгээлде коомдогу өрчүү багытын, тагыраак айтканда, ачык-айкын көрүнгөн патриархалдык мүнөздөмөлөрдү чагылдырат.
Коомдо патриархалдык идеялар басымдуулук кылып жана гендердик белгиси боюнча басынтуучулук бар болгон шартта ЖМКнын жана байланыштыруучулардын ишинде гендердик аспектилерге сезгичтиктин болушу жана гендердик стереотиптердин бекем орношуна аң-сезимдүүлүк менен каршы аракет кылуу зарыл. Журналисттер, же ЖМК, же мамлекеттик органдардын маалымат кызматтары патриархаодык мазмундагы билдирүүлөрдү берип, өз материалдарында гендердик белги боюнча стереотиптерге жол берген учурда алар коомдо бир эле ойлор кайра-кайра кайталанып айтылып, катышуучулар учурда бар идеяларды бекемдеп жана ал идеялар туура экендигине баары тең улам барган сайын ынана баштайт да, альтернативалуу идеялар болсо коомдун ой толгоосуна кабылбайт же аз гана чагылдырылат.
Дагы бир сыноолордун бири болуп зомбулуктуу экстремизмге үгүттөөгө, аны жайылттууга жол бербөө эсептелет. Мындай мазмундагы билдирүүлөрдү заманбап технологиялар менен байланыш каражаттарын колдонуу аркылуу өтө эле тез жайылтуу, ошону менен коопсуздукка коркунуч жаратуу мүмкүн. Мындай мазмундагы билдирүүнү аныктап жана зомбулуктуу экстремизмди жайылтууга каршы туруу боюнча тактиканы колдонуу медиа сабаты бар журналистердин, эксперттердин, жарандык коом жана кенен коомчулук өкүлдөрүнүн башкы көндүмү болуп эсептелет. Бул колдонмо аталган көйгойлөрдун эң негизги аспектилерин өзүнө камтыйт.