БУУнун Туруктуу координаторунун кеңсеси

Туруктуу Координатордун (ТК) институту өнүктүрүү максатында операционалдык ишмердик менен алектенген БУУ системасынын бардык уюмдарын, алардын өлкөдө формалдуу түрдө болушунан көз карандысыз камтыйт. ТК системасынын максаты - өлкө деңгээлинде операционалдык ишмердиктин натыйжалуугун жана жыйынтык берүүсүн жогорулатуу максатында Бириккен Улуттар Уюмунун түрдүү мекемелерин бириктирүү. 

Туруктуу Координаторлор дүйнөдөгү 130дан ашуун өлкөдө БУУ системасынын өлкө командаларын жетектейт жана БУУнун Башкы катчысынын өкүлдөрү болуп саналышат. Өкмөттөр менен тыгыз байланышта иштеп жана БУУнун бүтүндөй системасынын колдоосуна таянуу менен, Туруктуу Координаторлор жана өлкө командалары Бириккен Улуттар Уюмунун системасынын кызыкчылыктарын жана мандаттарын илгерлетет.

Өнүктүрүү тармагында ишмердикти координациялоо улуттук пландарды жана артыкчылыктарды стратегиялык түрдө колдоого өбөлгө түзөт, БУУнун ишмердигинин эффективдүүлүгүн арттырат жана өкмөттөр үчүн операциялык чыгымдарды төмөндөтөт. Бул БУУга өкмөттөр үчүн салыштырмалуу актуалдуу жана ишенимрдүү өнөктөш болууга жардам берет.

Photo_RC_Antje GRAWE

Кыргыз Республикасында БУУнун Туруктуу Координатору 

Антье Граве  - БУУнун Кыргыз Республикасындагы системасынын Туруктуу координатору. 

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерриш Германиянын өкүлү Антье Граве айымды БУУнун Кыргызстандагы Туруктуу координатору катары дайындады. Граве айым кызматына 31-июлда киришет.

Граве айым БУУда жана башка эл аралык жана эки тараптуу уюмдарда чогулган эл аралык кызматташуу, туруктуу өнүгүү,тынчтык жана коопсуздук боюнча 20 жылдан ашык тажрыйбасын алып келет.

БУУнун Туруктуу координатору болуп дайындалганга чейин Граве айым Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Украинадагы Атайын байкоочу миссиясында үч жарым жыл кызмат өтөгөн. Башында миссиянын ишин жетектеген башкы байкоочунун орун басары катары, адам укуктары, гендер, айлана-чөйрө жана диалогго көмөктөшүү боюнча иш алып барып, ал эми 2022-жылдын апрелинен тарта Миссиянын башчысынын милдетин аткаруучу катары иштеген.

Ага чейин ал Афганистанда, Гаитиде БУУнун Саясий жана тынчтык операцияларында жана Башкы катчынын Йемен боюнча атайын өкүлүнүн кеңсесинде (OSESGY) ар кандай жетекчилик жана улук кеңешчи кызматтарда иштеген. Афганистанда БУУнун жардам берүү миссиясынын (UNAMA) Гераттагы Аймактык кеңсесин жетектеген жана Миссиянын Талдоо жана пландаштыруу бөлүмүнүн башчысы болгон. Башкы катчынын Йемен боюнча атайын өкүлүнүн кеңсесинде ал Башкы катчынын атайын өкүлүнө жана БУУнун Гаитидеги стабилдештирүү миссиясынын башчысына (MINUSTAH) улук атайын жардамчы катары кеңеш бергенден кийин төрт жылга жакын убакыт бою Тынчтыкты куруу боюнча улук офицер болуп иштеген.

Граве айым Германиянын Пакистандагы элчилигинде Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү боюнча кеңешчи катары жана Германиянын Федералдык экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү министрлигинин (BMZ) Бонндогу Афганистан боюнча кызматкери катары да иштеген. Андан тышкары, Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) штаб-квартирасында жана анын Афганистандагы өкүлчүлүгүндө кызматтарды аркалаган.

Антье Граве айым Германиянын Триер шаарындагы университетте саясат таануу жана тарых боюнча магистр даражасына ээ. Ошондой эле, ал Франциянын Бордо шаарындагы Саясий институттун саясат таануу боюнча сертификатына ээ жана Польшанын Краков жана Варшава университеттеринде окуган.