Salamat Sagynbekov

Бириккен Улуттар Уюму Кыргыз Республикасында

Salamat Sagynbekov, 15, in the backyard of his home, picking up apples for dinner in Shabdan village, Chon Kemin valley, Kyrgyzstan, 10 September 2019. Most of the food for his family is organic and home made, including fried fish from the river nearby, cooked by his mother; fresh salad and jams prepared from the vegetables and the fruit.
Photo: © UNICEF/ Bektur Zhanibekov

1992-жылдын 2-мартында Кыргыз Республикасы БУУга жаңы көз карандысыз мамлекет катары кошулду. БУУ Кыргызстанга Туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ) шайкеш келген улуттук приоритеттерин ишке ашырууда колдоо көрсөтүп келет. БУУнун Кыргызстандагы тутуму БУУга тийиштүү программалардан, фонддордон, адистештирилген мекемелерден жана өлкөдө иштеген башка уюмдардан турат. Азыркы учурда ал 27 мүчөдөн турат, алардын ичинен 12си резидент эмес болуп саналат.

Кыргызстандагы БУУ түзүмүнүн максаты өнүктүрүү тармагында реформаны ишке ашырууда өлкөгө жардам берүү жана туруктуу өнүгүү тармагында эл аралык деңгээлде макулдашылган максаттарга жетүүдө колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Кыргыз Республикасында иш алып барган БУУнун агенттиктери жөнүндө маалыматты атайын брошюрада окусаңыз болот. 

Salamat Sagynbekov
Caption: Саламат Сагынбеков, 15 жашта, үйүнүн аркасында кечки тамак үчүн алма терип жатат. Шабдан айылы, Чоң-Кемин өрөөнү, Кыргызстан. 2019-жылдын 10-сентябры. Анын үй-бүлөсү жеген тамактын көпчүлүгү бул органикалык жана үйдө даярдалган тамактар. Анын ичинде жанындагы дарыядан кармалган, энеси даярдаган куурулган балык, жаңы жасалган салат жана жашылча, жемиштерден жасалган кыямдар бар.
Photo: © UNICEF/ Bektur Zhanibekov

Негизги көрсөткүчтөр

Жетишкендиктер

Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өнүгүү максаттары

Туруктуу өнүгүү максаттары – бул эл аралык коомчулуктун алдында турган жакынкы 15 жылда теңсиздик менен жакырчылыкты жоюу, социалдык интеграцияга жетишүү, глобалдык климаттын өзгөрүшүн токтотуу жана дүйнөнү куруу, мында биздин урпактардын татыктуу жашоосу үчүн ресурстардын жетиштүүлүгү болгон 17 максаттын жана 169 милдеттердин комплекси. Максаттар туруктуу өнүгүүнүн 3 негизги аспектисинен турган: экономикалык өсүштү, социалдык интеграцияны жана айлана чөйрөнү камтыган тең салмактуу прогрессти камсыздоого багытталган чараларды өзүнө камтыйт алар глобалдуу жана универсалдуу мүнөздө болушат, бирок локалдуу контекстин шарттарына жараша дифференциалдуу өзгөрүү мүмкүндүгүнө жол берет. 2015-жылдын 25-сентябрында БУУнун 193 мүчө-мамлекеттери туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча милдетттенмелерди алышкан. Бул чечим «Биздин дүйнөнүн кайра түзүлүшү: 2030-жылга чейинки мезгилде туруктуу өнүгүү жаатындагы күн тартиби» документинде бекитилген.