Latest
Пресс-релиз
08 февраль 2023
БУУнун Тынчтык куруу Фондунун Биргелешкен башкаруу комитети Кыргыз Республикасында ишке ашырылып жаткан жана жаңы долбоорлорду талкуулады
Көбүрөөк билүү
Пресс-релиз
24 январь 2023
Швейцария Өкмөтү климаттын өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу үчүн элет жериндеги эң аялуу жамааттарды колдоо үчүн 9 миллион АКШ доллардан ашык каражат бөлүүдө
Көбүрөөк билүү
Пресс-релиз
24 январь 2023
БУУ Кыргызстанда билим берүү системасын трансформациялоо үчүн секторлор аралык ыкманы колдонууга чакырат
Көбүрөөк билүү
Latest
Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өнүгүү максаттары
Туруктуу өнүгүү максаттары – бул эл аралык коомчулуктун алдында турган жакынкы 15 жылда теңсиздик менен жакырчылыкты жоюу, социалдык интеграцияга жетишүү, глобалдык климаттын өзгөрүшүн токтотуу жана дүйнөнү куруу, мында биздин урпактардын татыктуу жашоосу үчүн ресурстардын жетиштүүлүгү болгон 17 максаттын жана 169 милдеттердин комплекси. Максаттар туруктуу өнүгүүнүн 3 негизги аспектисинен турган: экономикалык өсүштү, социалдык интеграцияны жана айлана чөйрөнү камтыган тең салмактуу прогрессти камсыздоого багытталган чараларды өзүнө камтыйт алар глобалдуу жана универсалдуу мүнөздө болушат, бирок локалдуу контекстин шарттарына жараша дифференциалдуу өзгөрүү мүмкүндүгүнө жол берет.
2015-жылдын 25-сентябрында БУУнун 193 мүчө-мамлекеттери туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча милдетттенмелерди алышкан. Бул чечим «Биздин дүйнөнүн кайра түзүлүшү: 2030-жылга чейинки мезгилде туруктуу өнүгүү жаатындагы күн тартиби» документинде бекитилген.
Пресс-релиз
08 февраль 2023
БУУнун Тынчтык куруу Фондунун Биргелешкен башкаруу комитети Кыргыз Республикасында ишке ашырылып жаткан жана жаңы долбоорлорду талкуулады
Бишкек – Бүгүн БУУнун Туруктуу координатору Антье Граве жана Президенттин администрациянын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын жетекчиси Алмаз Исанов тең төрагалыгы астында, БУУнун Тынчтык куруу фондунун (БУУ ТКФ) Биргелешкен башкаруу комитетинин жыйыны өттү. Өкмөт өкүлдөрүнөн, БУУ, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдөн жана жарандык коомдон турган аталган комитет Кыргыз Республикасындагы БУУнун тынчтыкты куруу жана социалдык биримдик долбоорлорун көзөмөлдөйт.
2010-жылдан бери БУУнун Тынчтык куруу фонду өлкөдөгү тынчтык демилгелерин колдоо үчүн жалпысынан 56 миллион доллар бөлгөн. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун БУУ Баш катчысы Антониу Гутерришке кайрылуусунун негизинде, 2021-2026-жылдарга карата БУУ Тынчтык куруу фондунун ишинин учурдагы долбоорлору ачык-айкын башкарууга, инклюзивдик жарандык иденттүүлүккө, чек арадагы коомчулуктардын ортосундагы ишенимге жана кызматташтыкка көмөк көрсөтүүгө багытталган.
Жыйында жалпы бюджети 5,1 миллион долларды түзгөн үч долбоордун жүрүшү тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле жергиликтүү тынчтык демилгелерин, анын ичинде аялдар баштаган демилгелерди жана жергиликтүү деңгээлде өкмөт менен жарандык коомдун тыгыз өнөктөштүгүн илгерилетүүгө багытталган жалпы бюджети 3,9 миллион долларды түзгөн эки жаңы долбоор талкууланды.
БУУнун Туруктуу Координатору бардык деңгээлдердеги ишенимди бекемдөөнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, катышуучуларга БУУнун Тынчтык куруу фондунун долбоорлору коомдо тынчтык маданиятын өнүктүрүүгө, ошондой эле пикир келишпестиктерди тынчтык жолу менен гана чечүү үчүн платформаларды камсыз кылууга жана потенциалдарды жогорулатууга багытталгандыгын баса белгиледи. Президенттик аппараттын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын жетекчиси Алмаз Исанов тынчтыктын жана экономикалык гүлдөп өнүгүүнүн өбөлгөлөрү катары өлкөдөгү толеранттуулукту жана инклюзивдүүлүктү мындан ары да сактоонун жана чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
Биргелешкен башкаруу комитет Кыргыз Республикасында БУУнун Тынчтык куруу фонду тарабынан колдоого алынган демилгелердин отчеттуулугун жана туруктуулугун камсыз кылууда маанилүү ролду ойнойт. Бул демилгелер мындан ары да тынчтыктын жана социалдык биримдиктин аракеттерин колдоону уланта бермекчи.
***
Жыйындын сүрөттөрүн көрүш үчүн төмөнкү шилтемени басыңыз: https://flic.kr/s/aHBqjAriCU
1 of 3
Пресс-релиз
24 январь 2023
БУУ Кыргызстанда билим берүү системасын трансформациялоо үчүн секторлор аралык ыкманы колдонууга чакырат
ЮНИСЕФтин “Балдар чындап эле билим алып жатышабы?” деп аталган глобалдык отчетуна ылайык, Кыргызстанда 3-класска барган 10 жаштагы балдардын жарымынан көбү китеп окуунун жана эсеп чыгаруунун баштапкы көндүмдөрүнө ээ эмес. Бул сандар 40 бала билим алган класста 28 окуучу өз жаш курагына туура келген китепти окуй албайт дегенди билдирет. Окуудагы мындай кризис өзгөчө аялуу балдарга өзгөчө таасирин тийгизип жатат жана муундардын ортосундагы жакырчылыктын жана теңсиздиктин негизги себептеринин бири болуп саналат. Мындан тышкары, учурда өлкөнүн калкынын 38 пайызын 18 жашка чыга элек балдар түзгөндүктөн, кийинки он жылдын ичинде эмгек рыногуна жыл сайын болжол менен 350 миңден ашуун жаштар чыгып турушмакчы. Ошондуктан алардын эмгекке жөндөмдүүлүгүн жогорулатып, жумушка талаптагыдай даярданууга мүмкүндүк бере турган конкреттүү кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө азыртан эле инвестиция салуу өтө маанилүү.
Кыргыз Республикасындагы БУУ системасы Билим берүүнү трансформациялоо боюнча саммитте (TES) Кыргызстандын Өкмөтү жарыялаган Улуттук милдеттенмелерин ишке ашырууга жана келечектеги чакырыктарга жооп берген инклюзивдүү жана адаптацияланган билим берүү системасын кайра түзүүгө багытталган реформаларды тездетүүгө туруктуу колдоо көрсөтүү ниетин дагы бир жолу тастыктайт. БУУнун Башкы катчысы чакырган Саммит 2022-жылдын сентябрында Нью-Йоркто өткөн. Билим берүү адам капиталын өнүктүрүүдө чечүүчү ролду ойнойт жана улуттук өнүгүүнүн артыкчылыктарына жана Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдө прогрессти тездетүүгө жардам берет. Бул болсо секторлор аралык мамилени талап кылат, жана быйылкы Эл аралык билим берүү күнүнүн темасына ылайык – “Билим берүүгө артыкчылыктуу көңүл буруу менен, адамдарга инвестиция салуу”, БУУнун Кыргыз Республикасындагы өлкөлүк командасы мындай ыкманы биргелешип колдоого умтулат.
1 of 3
Пресс-релиз
25 январь 2023
Швейцария Өкмөтү климаттын өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу үчүн элет жериндеги эң аялуу жамааттарды колдоо үчүн 9 миллион АКШ доллардан ашык каражат бөлүүдө
Швейцария өкмөтү тарабынан БУУ ДАТПнын Өлкөлүк стратегиялык пландын элет жериндеги аялуу жамаатардын климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу жана табигый кырсык тобокелдигин кыскартууга багытталган компонентине 9 миллиондон ашуун АКШ доллар бөлүүдө. Бул иш-чараны БУУ ДАТП Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте ишке ашырууда.
Иш чаралар Ош, Баткен жана Нарын облустарын камтып, 250 000 эң аялуу үй-бүлөлөргө, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарына жана улуттук деңгээлдеги мекемелерге кургакчылык, суу ташкын, жер көчкү ж.б.у.с. табигый тобокелдиктерди кыскартууга колдоо көрсөтөт. Ошондой эле, бенефициарларга климат боюнча ишенимдүү жана өз убагында жеткен маалымат таратылып, табигый тобокелдикке каршы пландоо боюнча жардам жана инфраструктуралык колдоо көрсөтүлөт.
Климатка байланыштуу коркунучтарды алдын алуу, ошондой эле анын азык-түлүк жана тамактануу коопсуздугуна тийгизген таасирин азайтуу үчүн табигый кырсык тобокелдиктерин башкаруу боюнча иш-чаралар дагы күчөтүлөт. Калктын аялуу катмарына азык-түлүк таратылып жана азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө камсыздандыруу куралдары демилгеленип жана табигый кырсыктарга каршы даярдыкты жогорулатуу боюнча окутуулар уюштурулат.
Программаны ишке ашыруу кийинки беш жылга каралган.
Швейцария Өкмөтү жөнүндө толук маалымат алуу үчүн Турсунай Чодуровага кайрылыңыз, +996 770 710054, tursunai.chodurova@eda.admin.ch
Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жөнүндө толук маалымат алуу үчүн Алмаз Чороевге кайрылыңыз, 0550 577 597, almaz.tchoroev@wfp.org
***
Швейцария өкмөтү Кыргыз Республикасын өнүктүрүүгө жардам көрсөтүүдө. 1994-жылдан бери Швейцария Кыргызстанга техникалык, каржылык жана гуманитардык колдоо иретинде 500 миллионго жакын швейцариялык франк бөлүп берген. Толук маалымат алуу үчүн https://www.eda.admin.ch/bishkek интернет баракчасына кириңиз.
Бизди www.facebook.com/SwissEmbassyKyrgyzstan, www.instagram.com/swissembkyrgyz коомдук медиадан тапсаңыз болот.
БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы өзгөчө кырдаалдарда өмүрлөрдү сактап, чыр-чатактардан, табигый кырсыктардан жана климаттын өзгөрүүсүнөн жабыркаган адамдарга туруктуу келечек курууга жардам берген дүйнөдөгү ири гуманитардык уюм.
Бизди https://www.facebook.com/WorldFoodProgrammeKyrgyzstan/, https://www.instagram.com/wfp_kyrgyzstan коомдук медиадан тапсаңыз болот.
1 of 3
Баяндама
15 март 2022
Оңой эмес убада: Кыргызстандын түштүгүндөгү алыскы айылды интернетке кошуу аракети
Кыргызстандын түштүгүндөгү обочодо калган тоолуу Зардалы айылында 150дөй адам электр жарыгысыз жана байланышсыз күн өткөрүп келүүдө. Зардалыга жеткирген жападан жалгыз жол бар, ал эми ары-бери каттаганда эшектен башка ишенимдүү эч бир каражат табылбайт.
Project Connect берген маалыматка ылайык, Кыргызстандагы 2080 мектептин 2061и интернетке кошулган жана мектептердин бир пайызы гана интернетсиз отурат. Ушул бир пайызга кирген мектептердин көбү Зардалы сыяктуу жетүүгө оңой болбогон аймактарда, Кызыл-Ой жана Эңилчек сыяктуу алыскы жана тоолуу айылдарда жайгашкан. Зардалыга жетчү жалгыз жолду калың кар басып жаткандыктан, кышында мектептерди интернетке туташтыруу дээрлик мүмкүн эмес.
Зардалыда байланыштын жоктугунан улам бул жерге сырттан коноктоп келгендер аз. Конок үйлөрү адатта ээнсиреп турат, ал эми Зардалыда жашаган чоң ата, чоң энелер интернеттен улам башка аймактарда окуган неберелеринин жолун карап отурушат. Медициналык тез жардам чукул арада керек болуп калган маалда интернет тийиштүү адамдар менен байланышты жеңилдетмек, алар аба ырайынын шарттарына баа берип, тигил же бул жол ачык болгонун, төмөнкү өрөөндө жайгашкан айылдарга баруу канчалык коопсуз экенин аныктай алышмак. Болбой калды дегенде, телемедициналык кеңеш алуу үчүн дарыгер менен байланышууга да мүмкүнчүлүк болмок.
Бирок, интернет байланышынын жоктугу Зардалынын тургундарынын колун байлап коё алган жок. Байланыш маселесин чечүү үчүн бир нече оригиналдуу идеялар ойлоп табылган, анын ичинде “Кутудагы интернет” демилгеси да бар. Бул түзүлүштө санарип китепканасы сакталат, анын ичинде кыргыз тилиндеги Хан Академиясы, миңдеген видео жана аудио сабактар, электрондук китептер, кыргыз, орус жана англис тилдеринде Википедия да бар. “Кутудагы интернет” демилгеси бир гана байланыш көйгөйүн чечпестен, ошону менен бирге Кыргызстандын маданий мурасын сактоого жана жайылтууга да жардам берип келүүдө. Себеби бул түзүлүштөрдө кыргыз тилиндеги мультфильмдер да бар, муну башка бир жерлерде сейрек кездештирүүгө болот. Алтургай, жергиликтүү эл өз түзүлүштөрүн аймактын катаал табият шарттарынан коргогонду да өздөштүрүп алган: алар зымдарды коргоо үчүн желим бөтөлкөлөрдү пайдаланып келишет.
Зардалыдагы мектептерди интернетке туташтыруу оңой болбосо да, бул багыттагы алгачкы кадамдар жасала баштады. Пандемия башталганга чейин Кыргыз интернет коомчулугунун командасы кодолекти минип алып, Зардалыга барып келишкен. “Кутудагы интернет” түзүлүшүнө жана башка электрондук шаймандарга энергия берүү үчүн алар күн панелин да ала келишкен, аны тоо боюндагы жолдон этияттык менен алып өтүшкөн.
Кыргызстандагы мектептердин калган 1 пайызын интернетке кошуу аларды жеткиликтүү жана туруктуу интернет байланышы менен камсыз кылуу үчүн инновациялык технологияларды жана чечимдерди талап кылат. Бул дымактуу максатка жетүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен өнөктөштүктө Giga долбоорунун алкагында интернет-провайдерлерге тендер жарыяланган. Өтүнмөсү тандалып алынган кызмат көрсөтүүчү өлкөнүн эң алыскы аймактарындагы 13 мектепти интернет менен камсыз кылып, интернет байланышынын артыкчылыктарын жайылтуу милдетин өзүнө алышы керек эле. Алыскы жана тоолуу аймактарда жайгашкан бул мектептерди интернетке кошуу инновациялык технологияларды жана атайын борбордон ажыратылган тарамдарды талап кылат. Ошондой эле бул мектептердин жеткиликтүү жана туруктуу жол менен интернетке кошулушун камсыз кылуу максатында каржылоо тууралуу чечимдер да кабыл алынууга тийиш болчу.
Бул алыскы мектептерди интернетке туташтыруу үчүн туруктуу чечимдерди сунуш кыла ала турган кызмат көрсөтүүчүлөрдү издеп, Giga 2021-жылдын август жана октябрь айларында тендер жарыялаган, бирок бул эки тендер тең ийгиликтүү болгон жок. Giga долбоору өлкөнүн телекоммуникация тармагынан эч кандай сунуш алган эмес. Айрым кызмат көрсөтүүчүлөр бул мектептердин ар бири үчүн жекече долбоордук чечим табыш керектигин, интернетке кошуунун стратегиясын иштеп чыгуу зарылдыгын айтып, мындай аракеттерди рентабелдүү кылуу аракетин жокко чыгарышкан. Башкалары болсо Giga долбоорунун мектептерди интернетке кошуу үчүн белгилеген мөөнөтү (3-4 ай) кыш мезгилинен улам өтө аз деп ырасташкан.
Жакынкы айларда Giga Кыргыз интернет-коомчулугу менен өнөктөштүктө бул алыскы жана тоолуу аймактардагы мектептерди интернетке кошуу үчүн тактиканы иштеп чыгып, байланышты сынап, аны жеткирүү үчүн бизнес моделдерин иштеп чыгат.
Макаланын автору: Ламиа Фарах
1 of 5

Баяндама
15 октябрь 2021
Кыргызстандагы ВИЧ көйгөйү көңүл чордонунда
COVID-19 пандемиясы адамдардын жашоосунун бардык чөйрөлөрүнө таасирин тийгизүүнү улантууда. Биздин көнүмүш жашоо образыбыз таанылгыс болуп өзгөрдү, ал эми аны менен кошо биздин айланабыздагы жашоо да өзгөрдү.
Биз өлкөнүн көпчүлүк медициналык мекемелери пандемия менен күрөшүүгө гана назар бурганына көнүп калдык, көптөгөн оорулар жана инфекциялар экинчи планда калгандай болду. Балким, Кыргызстандагы ВИЧ илдетине байланыштуу да ушундай кырдаал түзүлмөк, бирок Республикалык СПИД борборунун жарандык сектор жана эл аралык өнөктөштөр менен ырааттуу ишинин натыйжасында ВИЧ көйгөйү көңүл сыртында калган жок, тескерисинче, бул иштер илгерилеп жатат.
Республикалык СПИД борборунун директорунун орун басары Айбек Бекболотов:
“Пандемиянын биринчи жылындагы биздин негизги милдетибиз дарылоону үзгүлтүккө учуратпоо жана бейтаптарды терапияны уланта берүүгө шыктандыруу болду. Өнөктөштөрүбүздүн колдоосунун аркасында биз жол картасын иштеп чыгып, бардык бейтаптарды терапия менен камсыз кыла алдык, ал эми бардык каалоочуларга ВИЧке чукул тест тапшырууга шарт түзүп бердик. Бүгүнкү күндө дарылануусун улантып жаткандар коронавирус башталганга чейинки мезгилдегидей эле 87 пайызды түзөт. Биз ачык асман алдында тест тапшыруу боюнча түрдүү акцияларды өткөрүп турдук, ВИЧти шилекей боюнча аныктоочу ыкчам тесттерди тараттык жана бул ишти азыр да улантуудабыз, социалдык тармактарда жигердүү иш жүргүзүп жатабыз жана сайтыбызда онлайн консультацияны баштадык”.
ЮНЭЙДСтин Кыргызстандагы өлкөлүк кеңсеси ишке ашырып жаткан ВИЧ/СПИД эпидемиясына жана башка жугуштуу ооруларга каршы турууга орусиялык техникалык жардам программасы пандемиянын чакырыктарына чукул арада жооп кайтарып, СПИД улуттук кызматына колдоо көрсөтүүгө салым кошту. 2020-жылы калктын өзөктүк топтору үчүн тестирлөө жана консультация алуу мүмкүнчүлүгү кыйла кеңейтилген.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Тышкы миграция департаментинин маалыматы боюнча, 750 миңден ашуун кыргызстандык чет өлкөдө иштеп жүрүшөт. Мигранттардын басымдуу бөлүгү мурдагыдай эле Орусия Федерациясында жашайт. Локдаун маалында жана эмгек мигранттары өлкөгө жапырт кайта баштаганда СПИДге каршы күрөшүү кызматы негизги топтор жана эмгек мигранттары арасында атайын формативдүү изилдөө жүргүзүп турду.
“Республикалык СПИД борборундагы кесиптештер 2020-жылы локдаун маалында Кыргызстанга кайтып келген 240тай мигрант менен маектешти. Бул тармакта иштеген адис катары бизге изилдөө эмгек миграциясында адамдар өзүн кандай алып жүргөндүгү жөнүндө жалпы түшүнүк бердиби? Алар жыныстык катнашка барышабы? Алар ВИЧке кайсы жерде текшерилсе болоорун билишеби? Биз бир нече жылда бир жолу өткөрүлүп турган, жамааттардагы эпидемиологиялык абалды баалоого мүмкүндүк берген, ВИЧти көзөмөлдөө үчүн негиз болгон маалыматтарды алдык”, - деп түшүндүрдү ЮНЭЙДСтин Кыргызстандагы өлкөлүк директору Мээрим Сарыбаева.
ЮНЭЙДСтин маалыматы боюнча, 2020-жылы 1,5 миллион адам ВИЧ илдетин жуктуруп алган. СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча Глобалдык фонд Африканын жана Азиянын 32 өлкөсүндөгү 502 медициналык мекемеден чогултуп чыккан маалыматтарга ылайык, ВИЧке тестирлөө 41 пайызга азайган. Ал эми 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2020-жылы COVID-19га байланыштуу биринчи локдаун маалында ВИЧти аныктоо жана дарылоо үчүн багыттама берүүнүн саны 37 пайызга азайган.
ВИЧтин эпидемиологиялык көзөмөлүнө жаңы ыкмаларды киргизүү, негизги топтор арасында ВИЧти алдын алуунун заманбап ыкмаларын өнүктүрүү жана Орусиялык программанын колдоосу менен СПИД кызматынын, үй-бүлөлүк медицина борборлорунун медициналык кызматкерлеринин потенциалын туруктуу түрдө жогорулатуу өлкөдө акыркы 30 жылдын ичинде ВИЧ жаатындагы жетишкендиктерди жоготуп албоого, жакынкы жылдарда 95-95-95 жаңы максаттарына жетүүгө мүмкүнчүлүк берет.
1 of 5

Баяндама
09 сентябрь 2021
Кыргызстанда жыныстык билим берүү жана ВИЧ
“Мен 18 жаштамын жана турмушка чыгуу тууралуу ойлонуп жатам. Биздин аймакта кыздар эрте эле күйөөгө чыгышат. ВИЧ статусум менен жигит таба албай каламбы деп корком, демек, мен толук үй-бүлө кура албайм да”,-дейт Кыргызстандын Ош шаарында өткөн тренингдин катышуучусу Саёра (аты өзгөртүлдү).
“Биз катышкан буга чейинки тренингдер дайыма ВИЧ статусубуз жөнүндө болчу, мен алардан абдан тажадым. Бул жерде биз адегенде ачык темаларга баарлаштык. Мен эркек балдардын ич кийиминдеги тактар жөнүндө суроо бере алдым, акыры бул эч коркунучтуу болбогонун түшүндүм”, - дейт тренингдин катышуучусу, 17 жаштагы Руслан (аты өзгөртүлдү).
“Мен дайыма кыздарым менен “ушундай” темада сүйлөшкөндөн уялчумун. Кыздар менен этек кир жана гигиена жөнүндө сүйлөшүү зарыл жана маанилүү экенин эми түшүндүм. Мен өзүм да бир кезде ушундай өспүрүм элем жана биринчи этек кирим жөнүндө апама айтуудан коркконум эсимде”, - ВИЧке чалдыккан кыздын апасы, 44 жаштагы Гүлнара (аты өзгөртүлдү).
2021-жылдын июнь айынан июль айына чейин Кыргызстанда ВИЧ статусу бар өспүрүмдөр жана жаштар, алардын ата-энелери үчүн жыныстык билим берүү жана репродуктивдүү ден соолук боюнча тренингдердин сериясы өттү.
Жыныстык билим Кыргызстанда көптөгөн талаш-тартыштарды жараткан тема бойдон кала берүүдө. Бирок өлкөдө эрте никеге туруу, бойдон алдыруу жана өспүрүмдөргө карата чуулгандуу зомбулук учурлары боюнча статистика мындай билим берүүнү андан ары илгерилетүү зарылдыгын көрсөтүп турат. 2019-жылы Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 20 жашка чейинки топто 1470 бойдон алдыруу катталган, 2020-жылы 934 учур болгон. Коронавирус илдети күчөп турган чакта, көптөгөн кыздар коопсуз бойдон алдыруу кызматын алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болбогондон кийин бул статистикада төмөдөө байкалды. Кыргызстандагы балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн маалыматы боюнча, 2020-жылы балдарга жана өспүрүмдөргө карата 287 зордук-зомбулуктун 151 учуру өспүрүм кыздарга туура келген, анын ичинен 63 учур жыныстык зомбулук фактысы болгон.
“ВИЧ менен жашаган өспүрүмдөр жана жаштар да зомбулуктун ар кандай түрлөрүнө дуушар болушат. Мындан улам ВИЧтин алдын алуу жана дарылоо боюнча программаларды жыныстык билим берүү жана репродуктивдүү ден соолук программалары менен интеграциясын күчөтүү зарылчылыгы бар. Биз өспүрүмдөргө өз статусун кабыл алуу боюнча тренингдер гана эмес, ошондой эле комплекстүү жардам да керек болгонуна ынандык. Өспүрүмдөрдө лидерлик потенциалды өнүктүрүп, аларды зомбулукту таанып билүүгө, өзүн стигмалоону жок кылууга үйрөтүү маанилүү”,-дейт ЮНЭЙДСтин Кыргызстандагы өлкөлүк директору Мээрим Сарыбаева.
Тренингдер “Аракет плюс” Коомдук фонду жана “Репродуктивдүү ден соолук альянсы (РДА)” улуттук уюму менен өнөктөштүктө, ЮНЭЙДСтин өлкөлүк кеңсеси ишке ашырып жаткан Орусиянын Техникалык жардам программасынын колдоосу менен өткөрүлдү.
Галина Чиркина, РДАнын аткаруучу директору:
“Жыныстык жана репродуктивдүү ден соолук менен ВИЧтин ортосундагы байланыш бул тармакта иштеген адистер үчүн айкын болуп турат, бирок жөнөкөй адамдар же ВИЧке чалдыккан өспүрүмдөр үчүн дайыма эле андай боло бербейт. РДАда биз ар дайым ден соолук маселелерине комплекстүү мамиле жасоо, СРЗ жана ВИЧ программаларынын интеграциясы жөнүндө сүйлөшөбүз. Биз ВИЧ статусу бар жаштарды кантип дени сак жыныстык жашоо өткөрө алары, аны өзү жана өнөктөшү үчүн кантип коопсуз кыла алары, үй-бүлөнү кантип пландоо керек экендиги тууралуу жалпы түшүнүктөргө үйрөтөбүз”.
Өспүрүмдөр үчүн тренингдер менен бир убакта алардын ата-энелери үчүн да тренингдер уюштурулду. Ата-энелер өспүрүмдөрдүн да жеке чектери бар болгонун баамдап, адамдар ортосундагы баарлашуунун маанилүүлүгүн түшүнүп, балдары менен оор, кээде ачык темаларга сүйлөшкөндү үйрөнүшү керек.
Улук Батыргалиев, РДАнын жыныстык жана репродуктивдүү ден соолук маселелери боюнча тренери. Улук ата-энелер тобу менен иштешип, алган таасирлери менен бөлүштү:
“Ата-энелер биздин ишибизге ыраазы болушту, биз көптөгөн ыраазычылык сөздөрүн уктук. Тренингдин биринчи күнүндө алар бизге көнүп жатса, андан кийин толугу менен ишеним артышып, өздөрү же балдары кантип ВИЧ статусун алып калганын айтып беришти. Муну угуп отуруу абдан оор. Көпчүлүк ата-энелер балдарынын келечеги үчүн тынчсызданышат. ВИЧсиз адамдар ВИЧке чалдыккан балдары менен сүйлөшкүсү келеби, жокпу – бардык ата -энелер бизге узаткан негизги суроолордун бири. Ата-энелер жамаатында өзүн стигмалоо көрүнүш туруктуу калыптанып калганы мени таң калтырды. Тандоо эркиндигин баалаган адам катары мен үчүн ата-энелер “таза адамга” илдетти жуктурбаш үчүн, алдын ала өз ара макулдашып, балдарын бири-бирине үйлөнтүп/күйөөгө беришкенин угуу таң калыштуу болду. “Таза” деген сөз ата-энелер жамаатында ВИЧ статусу жок адамдарга карата колдонулат. Менин оюмча, мындай мамиле үй-бүлөнүн ичинде укмуштай өзүн стигмалоо мамилесин жаратып, өспүрүмдөрдү андан да чоң депрессияга түртөт”.
Ата-энелер үчүн өткөн тренингдерде бойго бүтүрбөө маселелери талкууланды. Чоңдор өсүп келаткан балдарына бойго бүтүүдөн сактануу ыкмалары жөнүндө кантип айтып бере алышат, каалабаган кош бойлуулуктан гана эмес, жыныстык жол менен жугуучу оорулардан да коргой турган презервативди кантип колдонуш керектигин кандай жол менен үйрөтө алат – мына ушул маселелер талкууланды. ВИЧке чалдыккан өспүрүмдөрдүн ата-энелери зомбулуктун ар кандай формалары жана түрлөрү болушу мүмкүн экенин билип калышты.
Көпчүлүк учурда өспүрүмдөр алардын пикирин урматтаган, жаштардын ички сезимдерин жокко чыгарууга аракет кылбаган адамдарга кулак төшөй турганы маанилүү. Өспүрүмдөрдүн өз көз карашына укугу бар экенин баамдап, ата-энелер жана чоңдор өспүрүмдөрдүн толук ишенимине ээ боло алышат жана муну менен ВИЧке чалдыккан жаштарга өз статусун кабыл алууга жардам бере алышат.
ЮНЭЙДС ВИЧ боюнча программалар менен жыныстык билим берүүнүн ортосунда тыгыз байланышты караштырган жаңы стратегияны сунуштайт. Мындай интеграция мамилелердин теңдигин, ВИЧ статусу бар өспүрүмдөр менен жаштардын жыныстык билим алууга жана репродуктивдүү ден соолукка болгон укуктарын камсыздайт.
1 of 5

Баяндама
04 июнь 2021
Туруктуу Өнүгүү Максаттарынын Кыргыз Республикасындагы Жаш Элчилери - 2021
Туруктуу өнүктүрүү Максаттарынын (ТӨМ) Жаш Элчилери - бул Кыргыз Республикасындагы БУУ тутумунун жана Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин тыгыз кызматташтыгы менен 2019-жылдан бери Кыргыз Республикасында ишке ашырылып келе жаткан долбоор.
Долбоордун максаты - Кыргыз Республикасында туруктуу өнүгүү идеяларын жана ТӨМдү жаштардын активдүүлүгү аркылуу жайылтуу. 2019-жылдын сентябрь айынан 2020-жылдын июнь айына чейин 34 Жаш элчининбиринчи тобу жүздөн ашуун иш-чараларды өткөрүп, 12000ден ашуун адамга туруктуу өнүгүү жана ТӨМ жөнүндө маалымат. Жаш Элчилердин биринчи тобунун ишмердүүлүгү жөнүндө баяндамаменен бул жерден таанышууга болот.
2020-жылы долбоор эки фазага бөлүнүп, аткарылды. Биринчи этаптын алкагында (“ТӨМ Академиясы”) 300 өтүнмөнүничинен, туруктуу өнүгүү жаатында интенсивдүү окутуудан өткөрүү,баарлашуу көндүмдөрүн үйрөтүү жана социалдык долбоорлорду түзүү үчүн өлкөнүн бардык аймактарынан 20 жаш активист тандалып алынды. ТӨМ Академиясынын эң мыкты беш катышуучусу ТӨМдүн Жаш Элчилери болуп тандалды.
2021-жылдын май айында ТӨМ Элчилеринен турган жаңы топ өз милдеттерин аткарууга киришмекчи. Элчилердин ишмердүүлүгүнө ТӨМдү жана 2030-жылдын күн тартибин өз ара шериктештик, жамаат жана өлкө деңгээлинде жайылтуу жана иш-чараларды уюштуруу жолу менен ТӨМдүн жетишүүсүн колдоо үчүн ыктыярчыларды мобилизациялоо кирет. Буга ар кандай форматтагы иш-чараларды уюштуруу, Кыргыз Республикасындагы туруктуу өнүгүү жана анын жетишкендиктери жөнүндө маалыматты таратуу жанатуруктуу өнүгүүгө байланыштуу иш-чараларга баяндамачы жана жаш адистер катары катышуу кирет.
2021-жылыТӨМдүн Жаш Элчилери болуп Мираида Алмазбекова, Айгүл Давранова, Алия Мамырканова, Элиза Ураимова жана Данил Цой 2021-жылы тандалды.
Мираида Алмазбекова, 18 жашта, Баткен
+996 706 780 781, miraida20022708@gmail.com
Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин студенти. Үч жылдан бери климаттын өзгөрүшү боюнча коомдук иш-чараларга активдүү катышып, ошондой эле билим берүү тармагындагы теңсиздикти жоюу, адам укуктарын сактоо жана жардамга муктаж болгон адамдарга колдоо көрсөтүп келет, ошондой эле Баткен шаарынын тазалыгын жакшыртуу боюнча иш алып барат. AIESEC, Enactus, Biota жана "Элим барсыңбы? коомдук уюмдарында ыктыярчылык иштерин аткарат. Бул уюмдар менен биргеликте ал айрым адамдардын жашоосун өзгөртүүгө жардам берген көптөгөн социалдык долбоорлорду ишке ашырган. Болочок инженер-эколог жана ТӨМ Жаш Элчиси катары Мираида айлана-чөйрөнү коргоого багытталган максат менен иш алып барууну каалайт.
###
Айгүл Давранова, 21 жашта, Бишкек
+996 552 565 668, davranovaaigul@gmail.com
Күнүмдүк жашоодо Айгүл гендердик теңдик, сапаттуу билим берүү жана жаштардын укуктук аң-сезимин жакшыртуу менен алектенет. Азыр лидерлик жөндөмдөрү боюнча “Лидерлик мектеби” жана жаштардын укуктук сабаттуулугу боюнча “Укук мектеби” долбоорлорун ишке ашырып, Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошууда. Ал “ВИЧ-СПИД менен жашаган аялдардын өлкөлүк тармагы” коомдук фондунда директордун орун басары болуп иштейт жана ВИЧ-позитивдүү аялдардын өнүгүүсүнө, жаңы көндүмдөргө ээ болушуна жардам берет, ошондой эле аларга укуктук жардам берип келет. Айгүл ТӨМ жөнүндө алгач Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы ыктыярчыларды чогулта баштаганда билген. Ал ТӨМ 3 (Ден-соолук жана бакубат жашоо), ТӨМ 5 (Гендердик теңдик) жана ТӨМ 10 (Теңсиздикти азайтуу) максаттарынакызыгат. ТӨМ элчиси катары ал орто мектептен кийин кыздардын кесип тандоосуна болгон көз карашты өзгөртүү багытында иш алып барууну эңсейт.
###
Алия Мамырканова, 22 жашта, Бишкек
+996 555 722 780, aliyamamyrkanova@gmail.com
Aктивист. "Глобалдык ой жүгүрт, жергиликтүү деңгээлде иш алып бар" принциби боюнча иш алып барат. 2016-жылы ТӨМ концепциясы жөнүндө билип, окуу учурунда алты социалдык долбоорду уюштурган, анын ичинде жаштардын лидерлик сапаттарын өнүктүрүп жана англис тилин үйрөтүү менен алек болгон. Ал глобалдык көйгөйлөрдү мүмкүн болушунча көп адамдар билсе, анда аларды тезирээк чечсе болот деп эсептейт. Эң негизгиси ТӨМ 4 (Сапаттуу билим), ТӨМ 5 (Гендердик теңдик), ТӨМ 8 (Татыктуу эмгек жана экономикалык өсүш) жана ТӨМ 10 (Теңсиздикти азайтуу) кызыгат. Жаш Элчиси катары ал жаштар, активисттер жана ыктыярчылар менен иштөөгө басым жасап, ТӨМ идеяларын Кыргызстанга жайылтууну пландаштырууда.
###
Элиза Ураимова, 18 жашта, Ош
+996 755 100 517, uraimovaeliza02@gmail.com
Коомдогу социалдык биримдик жана туруктуулук өнүгүү жолунда негизги ролду ойнойт деп ишенет, бирок аларга сапаттуу билим берүү аркылуу гана жетишүүгө болот деп эсептейт. Ыктыярдуулук жана жигердүүлүк аркылуу ал аялдарга, кыздарга жана этностук азчылыктарга карата толеранттуулук жана басмырлабоо идеяларын жайылтат. Анын жашоодогу негизги максаты - коомдун өнүгүшүнө салым кошуу. ТӨМ Академиясынын мүчөсү болууга досу түрткү берген. Бардык ТӨМдөрдүн ичинен ТӨМ 4 (Сапаттуу билим) жана ТӨМ 16 (Тынчтык, адилеттүүлүк жана күчтүү институттар) кызыгат, анткени ал аларды коомубуздун гүлдөп-өнүгүшүнүн ачкычы деп эсептейт. ТӨМ Элчиси катары ал мекендештеринин арасында ТӨМ жөнүндө идеяларды жайылтууну, жаштарды өзүн-өзү өнүктүрүүгө шыктандырууну жана башкаларга ТӨМ жаатында өнүгүүгө багыт берүүнү пландаштырууда.
###
Данил Цой, 19 жашта, Бишкек
+996 552 427 844, danil.tsoi.ylsp@gmail.com
Кыргыз-Орус Славян Университетинин юридикалык факультетинин 3-курсунун студенти. Эки жылдан бери ыктыярчылык иштерине катышып келет. ТӨМ концепциясы менен 2019-жылы таанышкан. Эмгек жолун Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасында ыктыярчы болуп иштөөдөн баштаган, азыр “Жаш Лидерлер Социалдык Прогресс үчүн” коомдук платформасын жетектейт, ал жерде демилгелүү жаштардын командасы менен Кыргызстанда жана Борбордук Азияда ТӨМдү жайылтууга багытталган чыгармачыл демилгелерди жана долбоорлорду иштеп чыгып, жүзөгө ашырууда. Ал “Law in Action”, “L-CORP” долбоорлорунун, #SDGGamesKG иш-чараларынын жана башка коомдук иш-чаралардын идеологиялык шыктандыруучусу жана координатору болуп, жаштардын көптөгөн демилгелерин жана иш-чараларын ишке ашырды. Ал ошондой эле БУУнун Кыргыз Республикасынан 2021-2022-жылдарга Жаштар делегаты болуп тандалган. Данил айлана-чөйрөнү коргоо жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо көйгөйлөрү менен түздөн-түз же кыйыр түрдө байланышкан максаттарга багытталган ТӨМдөрдү активдүү илгерилетип, юридикалык институттарды өнүктүрүүнүн жана адам укуктарын коргоонун актуалдуу маселелери, ошондой эле жаштарга сапаттуу билим берүү жана ушул сыяктуу көйгөйлөрдү чечүүнүн жаңы ыкмаларын жана инновациялык усулдарынкиргизүүдө. ТӨМ Элчиси катары ал ыктыярчы корпусун түзүү, ТӨМ боюнча регионалдык форумду уюштуруу, ТӨМ багытында интерактивдүү оюнун иштеп чыгуу, жаштардын лидерлик программасы жана жаш окумуштуулар үчүн илимий конференция өткөрүү боюнча иштерди пландаштырууда.
Маалымдама:
Туруктуу Өнүгүү Максаттары - бул 2030-жылга чейинки Туруктуу Өнүктүрүү Күн тартибинин (Күн тартиби 2030), 2015-жылы БУУга мүчө 193 мамлекет, анын ичинде Кыргызстан тарабынан кабыл алынган ар тараптуу эл аралык документ. Максаттар адамзаттын бардык негизги көйгөйлөрүн камтыйт жана 2030-жылга чейин жетишүүнүн бир нече максаттарын белгилейт.
1 of 5

Баяндама
12 январь 2021
Аял депутат балдардын жана аялдардын көйгөйлөрүн жакшы түшүнөт
Нурия Темирбек кызы Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Жар айылында жашайт. 6 жыл мурун ал үй кожойкеси болчу жана иштөөнү пландаган эмес. Бирок 2 жылдан кийин жергиликтүү кеңештин депутаты болду жана ошол убактан бери айылдаштарына жардам берип келет.
«Аялдардын баарына күчү жетет, алар иштей алышат жана каалаган чөйрөдө – социалдык иш, саясат же бизнес болобу, баарында ийгиликтүү боло алышат», - деп ойлойт Нурия.
Кыргызстандын алыскы аймактарында аялдар үчүн билим берүү дагы эле жеткиликтүү болбогон көрүнүш кеңири тараган. Мунун жыйынтыгында көбүнчө аялдар эрте турмушка чыккандан кийин үй тиричилиги менен гана алектенишет. Анын үстүнө, адатта үй-бүлөлөрдөгү эмгек эркектерге – үй-бүлө башчысына гана ыйгарылып, мындай жол менен эркектер гана бизнес, саясат же башка социалдык жактан маанилүү ишмердик менен алектенет деген түшүнүк пайда болот.
Нурия 2014-жылга чейин, эл аралык уюмдун өкүлдөрү менен болгон жолугушууга кокустан катышып, андан айылдаштарынын тандоосу менен активист катары чыкканга чейин ушул сыяктуу аялдардын катарына кирген. БУУнун төрт агенттиги – «БУУ-аялдар», ААУ, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана АӨЭФ – «Айылдагы аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» долбоорун түзүштү. Бул долбоор азык-түлүк коопсуздугун жогорулатууга, киреше алып келген ишкердикке көмөк көрсөтүүгө, мамлекеттик чечимдерди кабыл алуу процессине катышууну кеңейтүү жана коомдо гендердик аспекттерди эске алган маданиятты пайда кылууга багытталган. Программа айына 2700 сомго, жакырчылыктын улуттук чегинде жашаган айылдагы аялдардын аярлуу катмарына арналган. Ошондон баштап долбоорлордун алкагында Нурия башка аялдар менен биргеликте өзүнүн айылында бир катар ишканаларды ачкан жана анда 50дөн аял жумуш ордуна ээ болгон. «Менин жашоого болгон көз карашым жакшы жакка өзгөрдү. Мен көптөгөн жаңы маалыматтарга ээ болдум, түрдүү тренингдерге катыштым, көптөгөн адамдарга жардам бере алдым. Мен өзүмө ишенип, 2016-жылы жергиликтүү кеңештин депутаттыгына өзүмдүн талапкерлигимди койдум жана шайлоодо жеңишке ээ болдум. Мурун мен аял үйдө олтуруп, балдарды тарбиялаш керек, жолдошуна кам көрүшү керек деп ойлочумун. Бирок, көрсө биз күчтүү экенбиз жана баарына жетише алат экенбиз”, - деп белгилейт Нурия. Азыр ал жергиликтүү кеңеште гана иштебестен, аялдар тигүү менен алектенген, кол эмгектерин жасаган, фермердик жана иштеп чыгуучу өндүрүш менен алектенген долбоордун алкагында бир нече ишканаларды тескейт. Пандемия учурунда анын демилгеси боюнча жергиликтүү бюджеттен материалдарды сатып алууга каражат бөлүнгөн. Бул каражатка тигүүчүлөр беткап тигишип,жергиликтүү калккта жеткиликтүү, дээрлик өз баасында сатууга, ал эми муктаж үй-бүлөлөр коргоо каражаттарын акысыз алууга мүмкүнчүлүк болгон. «Өзүмдү мурункудан пайдалуу жана күчтүү сезип жатам. Алгач жолдошум ишмердигиме каршы болгон, себеби үйдө көп учурда жок болчум. Тренингдерге катышыш керек болчу. Бирок кийинчерээк канчалык маанилүү иш менен алектенгенимди түшүндү. Азыр ал мени колдойт. Мен адамдарга долбоор ичинде жана кеңеште дагы жардам берем. Аял депутат эркек депутаттардан айырмаланып турат. Биз аялдар жана балдар күн сайын дуушар болгон маселелерди жакшы түшүнөбүз. Ошондуктан ал маселелерди чечүүдө жардам берүүгө аракет кылабыз”, - дейт Нурия. Ал бардык аялдарды иштеп баштоодон коркпоого жана коомго пайда алып келүүгө чакырат. Себеби, аялдын колунан баары келет – болгону өзүнө ишенүү керектигин тажрыйба көрсөтүп турат. Талбаган эмгектин артынан жана жакын адамдардын колдоосу менен бардык ишмердик ийгилик алып келерин эстен чыгарбоо зарыл.
«Аялдардын баарына күчү жетет, алар иштей алышат жана каалаган чөйрөдө – социалдык иш, саясат же бизнес болобу, баарында ийгиликтүү боло алышат», - деп ойлойт Нурия.
Кыргызстандын алыскы аймактарында аялдар үчүн билим берүү дагы эле жеткиликтүү болбогон көрүнүш кеңири тараган. Мунун жыйынтыгында көбүнчө аялдар эрте турмушка чыккандан кийин үй тиричилиги менен гана алектенишет. Анын үстүнө, адатта үй-бүлөлөрдөгү эмгек эркектерге – үй-бүлө башчысына гана ыйгарылып, мындай жол менен эркектер гана бизнес, саясат же башка социалдык жактан маанилүү ишмердик менен алектенет деген түшүнүк пайда болот.
Нурия 2014-жылга чейин, эл аралык уюмдун өкүлдөрү менен болгон жолугушууга кокустан катышып, андан айылдаштарынын тандоосу менен активист катары чыкканга чейин ушул сыяктуу аялдардын катарына кирген. БУУнун төрт агенттиги – «БУУ-аялдар», ААУ, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана АӨЭФ – «Айылдагы аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» долбоорун түзүштү. Бул долбоор азык-түлүк коопсуздугун жогорулатууга, киреше алып келген ишкердикке көмөк көрсөтүүгө, мамлекеттик чечимдерди кабыл алуу процессине катышууну кеңейтүү жана коомдо гендердик аспекттерди эске алган маданиятты пайда кылууга багытталган. Программа айына 2700 сомго, жакырчылыктын улуттук чегинде жашаган айылдагы аялдардын аярлуу катмарына арналган. Ошондон баштап долбоорлордун алкагында Нурия башка аялдар менен биргеликте өзүнүн айылында бир катар ишканаларды ачкан жана анда 50дөн аял жумуш ордуна ээ болгон. «Менин жашоого болгон көз карашым жакшы жакка өзгөрдү. Мен көптөгөн жаңы маалыматтарга ээ болдум, түрдүү тренингдерге катыштым, көптөгөн адамдарга жардам бере алдым. Мен өзүмө ишенип, 2016-жылы жергиликтүү кеңештин депутаттыгына өзүмдүн талапкерлигимди койдум жана шайлоодо жеңишке ээ болдум. Мурун мен аял үйдө олтуруп, балдарды тарбиялаш керек, жолдошуна кам көрүшү керек деп ойлочумун. Бирок, көрсө биз күчтүү экенбиз жана баарына жетише алат экенбиз”, - деп белгилейт Нурия. Азыр ал жергиликтүү кеңеште гана иштебестен, аялдар тигүү менен алектенген, кол эмгектерин жасаган, фермердик жана иштеп чыгуучу өндүрүш менен алектенген долбоордун алкагында бир нече ишканаларды тескейт. Пандемия учурунда анын демилгеси боюнча жергиликтүү бюджеттен материалдарды сатып алууга каражат бөлүнгөн. Бул каражатка тигүүчүлөр беткап тигишип,жергиликтүү калккта жеткиликтүү, дээрлик өз баасында сатууга, ал эми муктаж үй-бүлөлөр коргоо каражаттарын акысыз алууга мүмкүнчүлүк болгон. «Өзүмдү мурункудан пайдалуу жана күчтүү сезип жатам. Алгач жолдошум ишмердигиме каршы болгон, себеби үйдө көп учурда жок болчум. Тренингдерге катышыш керек болчу. Бирок кийинчерээк канчалык маанилүү иш менен алектенгенимди түшүндү. Азыр ал мени колдойт. Мен адамдарга долбоор ичинде жана кеңеште дагы жардам берем. Аял депутат эркек депутаттардан айырмаланып турат. Биз аялдар жана балдар күн сайын дуушар болгон маселелерди жакшы түшүнөбүз. Ошондуктан ал маселелерди чечүүдө жардам берүүгө аракет кылабыз”, - дейт Нурия. Ал бардык аялдарды иштеп баштоодон коркпоого жана коомго пайда алып келүүгө чакырат. Себеби, аялдын колунан баары келет – болгону өзүнө ишенүү керектигин тажрыйба көрсөтүп турат. Талбаган эмгектин артынан жана жакын адамдардын колдоосу менен бардык ишмердик ийгилик алып келерин эстен чыгарбоо зарыл.
1 of 5

Пресс-релиз
26 январь 2023
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги гуманитардык аракеттерге колдоо көрсөткөнү үчүн БУУга ыраазычылык билдирди
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев БУУ тараптан ӨКЖКБнын теңтөрагасы, БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Граве айымга жана ӨКЖКБ секторлорунун жетекчилерине жана мүчөлөрүнө ыраазычылык каттарын жана медалдарын тапшырды.
1 of 5
Пресс-релиз
25 январь 2023
Жапония Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы зомбулуктун чыңалуусунан жабыркаган 25 000ден ашуун кишиге колдоо көрсөтөт
БУУ ДАТПга кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуулардын натыйжасында жабыркаган аялуу калктын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн 500 000 АКШ доллары берилди. Жапониянын көмөгү менен жана Кыргыз Өкмөтү менен макулдашылган ыкма аркылуу БУУ ДАТП жабыркаган аймактардагы коомдук иш-чараларга катышкан 25 000 эвакуацияланган кишилерди, кабыл алуучу үй-бүлөлөрдү жана туруктуу жашаган жерлерине кайтып келген кишилерди 496 тонна байытылган буудай уну жана өсүмдүк майы менен камсыз кылды. Бул иш-чаралар жамааттын инфратүзүмдөрүн калыбына келтирүүнү, сугат түтүктөрүн, дренажды жана каналдарды тазалоону камтыйт. Керектүү иш-чаралар боюнча маалымат жабыр тарткан жамааттардан жергиликтүү бийлик органдары жана тиешелүү министрликтери менен тыгыз кызматташтыкта аныкталган.
БУУ КЖКБга эвакуацияланган жана туруктуу жашаган жерлерине кайтып келген кишилерге коргоо көрсөтүүгө, өзгөчө кырдаалдарда турак жай менен камсыз кылууга жана кышка даярданууга жардам берүү үчүн 500 000 АКШ доллары бөлүнгөн. Долбоордун алкагында БУУ КЖКБ Кыргызстандагы Кызыл Жарым Ай коому аркылуу эвакуацияланган жана туруктуу жашаган жерлерине кайтып келген кишилерге, ошондой эле кабыл алуучу жамааттарга үйлөрү калыбына келтирилгенге чейин суук кыштан коргоо үчүн зарыл болгон буюмдарды, жылытуу үчүн көмүрдү жана убактылуу турак жайларды берет. Жапониянын салымы ошондой эле БУУ КЖКБга "Фергана өрөөнүнүн юристтери" бейөкмөт уюму менен биргеликте эвакуацияланган кишилерди негизги кызматтар, социалдык жөлөкпул жана гуманитардык жардам алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга, инсандыгын юридикалык жактан тастыктаган документин, мүлктөрдү жана жарандык документтерди, анын ичинде туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү калыбына келтирүүгө жардам берет.
Толук маалымат алуу үчүн:
Елена Симге, БУУ КЖКБ, Тышкы байланыштар бөлүмү| тел: +7 727 258 4598, моб. ++7 701 993 67 43, эл. почта: sim@unhcr.org
Алмаз Чороевге, Коомчулук менен байланыш бөлүмү, БУУ ДАТП| Тел.: +996312660033, моб.: +996 550 577 597, эл. почта: almaz.tchoroev@wfp.org кайрылыңыз.
# # #
БУУнун качкындар боюнча агенттиги (БУУ КЖКБ) чыр-чатактардан жана куугунтуктоолордон жер которууга аргасыз болгон кишилерди коргоп, маанилүү колдоо көрсөтүү, адамдын негизги укуктарын коргоо жана жаркын келечек курууга жардам берет. БУУ КЖКБ 1995-жылы Кыргызстанда өз өкүлчүлүгүн ачып, аргасыз жер которгон жана жарандыгы жок кишилер үчүн чечимдерди издөөдө жана аларды коргоодо, ошондой эле өзгөчө гуманитардык кырдаалдарга чара көрүүдө өкмөткө колдоо көрсөтүп келет.
БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы өзгөчө кырдаалдарда өмүрлөрдү сактап, чыр-чатактардан, табигый кырсыктардан жана климаттын өзгөрүүсүнөн жабыркаган адамдарга туруктуу келечек курууга жардам берген дүйнөдөгү ири гуманитардык уюм.
1 of 5
Пресс-релиз
13 декабрь 2022
Пайдалуу заттардын жетишсиздигин толуктоо боюнча изилдөө туура эмес тамактануунун кесепеттери боюнча далилдер жана бул көйгөй менен күрөшүү жолдорун сунуштады
Изилдөө пайдалуу тамактануунун жетишсиздигинин көрсөткүчтөрүн төмөндөтүүдө келечектеги иш-аракеттерге негиз берет. Кыргыз Республикасынын алдында жарандардын тамактануусун жакшыртуу багытында татаал маселе турат. Бойдун өсүүсүнүн кечигүүсүнүн көрсөткүчү 2012-2021-жылдар аралыгында 18 пайыздан 7 пайызга чейин төмөндөгөнүнө карабастан, балдарда жана өспүрүмдөрдө ашыкча салмактын жана бойдун өсүүсүнүн кечигүүсүнүн көрсөткүчтөрү кескин жогорулаган, ал эми микро-элементтердин жетишсиздигинин көрсөткүчтөрү сакталып калууда.
Тамактануу дени сак улутту өнүктүрүүдө чоң мааниге ээ. Туура тамактануу физикалык жана когнитивдик өнүгүүгө өбөлгө түзөт, оорулардын алдын алат, жумушчу күчүнүн жана коомдун мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатат. Өзгөчө балдардын жана аялдардын тамактануу рационун жакшыртуу ден-соолукка, билимге жана экономикага тез жана узак мөөнөттүү пайда алып келет. Өлкөнүн тамактануу абалын жакшыртуу үчүн өлкө жергиликтүү контекстти жакшы түшүнүүгө, глобалдык жана жергиликтүү далилдерди жалпылоого негизделген айыл чарба, социалдык коргоо, саламаттык сактоо жана билим берүү сыяктуу ар түрдүү секторлордун ортосундагы координацияны жакшыртууга көңүл буруусу керек.
Пайдалуу заттардын жетишсиздигин толуктоо боюнча изилдөө пайдалуу тамактанууну камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө жардам берет. Ар кандай кызыкдар тараптарды бириктирүү аркылуу өкмөт азык-түлүк тутумдарын жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрүн жана үй-бүлөлөрдү пайдалуу тамактануу мүмкүнчүлүктөрү менен камсыз кылууда маанилүү иш-чараларды аныктайт.
ПЗЖТ изилдөөсүнө ылайык пайдалуу заттарды жетиштүү түрдө камтыган рацион күнүмдүк энергетикалык муктаждыкты канааттандырган рационго караганда үч эсе кымбат турат, энергетикалык муктаждыкты канааттандырган рациондун орточо күнүмдүк наркы беш адамдан турган үй-бүлө үчүн 107 сомду түзөт, ал эми ошол эле үй-бүлө үчүн пайдалуу заттарды жетиштүү түрдө камтыган рациондун орточо баасы дээрлик 3 эсе жогору болуп, 296 сомду түзөт.
Пайдалуу заттардын жетишсиздиги Кыргыз Республикасында туура эмес тамактануунун натыйжасында келип чыккан оорулардын өнүгүүсүнө жол ачууда. Тамактануунун сапатын жакшыртуу маселесин чечүүнүн бир жолу жок, демек, туура тамактанууга байланыштуу иш-чараларды социалдык коргоо программалары менен айкалыштыруу аркылуу аялуу үй-бүлөлөргө пайдалуу азык-түлүктүн жеткилүүлүгүн камсыз кылууга мүмкүн. Ошондой эле, изилдөө мектеп тамак-ашынын азыктык курамы боюнча айкын колдонмолор жана жоболор аркылуу мектептеги тамактандыруу программаларын күчөтүү, мамлекет тараптан каржылоону көбөйтүүнү илгерилетүү, мектептеги тамактануу программасын башка курактарга (мектепке чейинки курактагы балдар жана өспүрүмдөр сыяктуу) кеңейтүүнү сунуштайт.
Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жөнүндө толук маалымат алуу үчүн Алмаз Чороевге кайрылыңыз, 0550 577 597, almaz.tchoroev@wfp.org
# # #
БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы өзгөчө кырдаалдарда өмүрлөрдү сактап, чыр-чатактардан, табигый кырсыктардан жана климаттын өзгөрүүсүнөн жабыркаган адамдарга туруктуу келечек курууга жардам берген дүйнөдөгү ири гуманитардык уюм.
Бизди https://www.facebook.com/WorldFoodProgrammeKyrgyzstan/, https://www.instagram.com/wfp_kyrgyzstan коомдук медиадан тапсаңыз болот.
1 of 5
Пресс-релиз
09 декабрь 2022
Бишкекте Айым режиссерлор тарткан кинолордун жумалыгы өттү
Бишкек, Кыргызстан - Бишкекте 5-8-декабрда Улуттук тарых музейинде гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүктүн алкагында Аялдар тарткан тасмалардын жумалыгы өттү. Ал киночу айымдарга колдоо көрсөтүү жана аларга кеңири аудиторияга эмгегин тартуулап, көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүүгө багытталган. Күн сайын саат 16:00дөн 18:00гө чейин режиссёр аялдардын гендердик теңсиздикти жана коомдо курч маселеге айланган зомбулук тууралуу тасмалар көрсөтүлдү.
Аялдар киносунун жумалыгы – ЕБ-БУУнун «Теңдик Нуру» демилгесинин "Азия чыгармачыл айымдарынын коомдук кору" менен болгон кызматташтыгы жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги колдоосу менен өтүп жатат.
Кино жумалыгынын алкагында “Башка бирөө” кыска метраждуу көркөм тасмасынын бет ачары да болуп өттү. Тасма кыргыз аялы Айнагүлдүн досу Эркинайдын өмүрү жана коопсуздугу үчүн күрөшү, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук жана элдин активдүүлүгү тууралуу баяндайт. Тасманын идеясынын автору жана режиссеру – гендер жана медиа боюнча эксперт Жанна Араева. Тасма ошондой эле гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк кампаниянын алкагында ЕБ менен БУУнун биргелешкен «Теңдик Нуру» демилгесинин колдоосу менен даярдалган.
Тасманы шилтеме аркылуу көрүүгө болот.
Ачылуу аземинен сүрөттөр
1 of 5
Пресс-релиз
22 ноябрь 2022
Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу гендердик облигациялар сатыкка чыкты
2022-жылдын 18-ноябрда Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу гендердик облигациялардын сатыгы башталды. Азия Банкы гендердик облигацияларды эмитент катары чыгарган биринчи банк. Аталган баалуу кагаздардын максаты ишкер аялдардын бизнесин өнүктүрүүгө, аялдардын бакубаттуулугун жана жашоосун жакшыртууга, гендердик теңчиликке жетишүүгө жана аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.
Бул демилгенин өнөктөштөрү – Кыргыз Республикасындагы «БУУ-Аялдар» түзүмү, Кыргыз Республикасынын Экономикалык саясатты изилдөө институту, AIFC Green Finance Center Ltd. Жашыл Каржы Борбору, «Кыргыз фондулук биржасы» жабык акционердик коому, «Сенти» Финансылык компаниясы жоопкерчилиги чектелген коому.
Гендердик облигациялар – төмөндөтүлгөн пайыздык чендер менен насыя берүү аркылуу ишкер аялдардын бизнесин өнүктүрүү боюнча фондулук рыноктук инструмент. Облигациялар аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн гана эмес, гендердик экономиканын өнүгүшүнө да оң таасирин тийгизет.
«БУУ-Аялдар» түзүмүнүн Кыргызстандагы өкүлү Улзийсурен Жамсран куттуктоо сөзүндө гендердик облигациялар, аялдардын ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программага жана 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук стратегияга он таасирин береерин баса белгиледи. «Бул демилгенин алкагында коомчулукка чоң дивиденддерди алып келе турган шаар четинен, айыл аймактардан жана Кыргызстандын ар кыл булуң-бурчунан келген ишкер аялдарга өзгөчө көңүл бурулат. Анткени аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана туруктуу экономикалык өсүшү бири-бирин толуктап турган жараян», - деди уюмдун өкүлү.
Ачык сатыкка номиналдык баасы 1000 сом болгон 82 000 даана облигация коюлган. Алардын жүгүртүү мөөнөтү 3 жыл, эмиссиянын көлөмү 82 000 000 сомду түзөт. Жарым сааттык сатуу маалында облигациялардын 25%га (20,500,000 сом) сунуштар түштүп,
алардын негизинде жеке сектор тарабынан сатылып алынды. Биринчи кайрылгандардын катарында «Кыргызстан пенсиялык топтоо фонду» ААКсы, «Азия Банкынын» акционери Ли Джонг Бек, бизнесмен Жумабек Салымбеков, World Class компаниясынын башкы директору. Маалымат үчүн:
Социалдык облигациялардын чыгарылышы классикалык облигациялардан айырмачылыктарынын бири, биринчилери максаттуу облигациялар болуп саналат, алардан тартылган каражаттар социалдык долбоорлорго багытталып, Капитал рынокторунун Эл аралык ассоциациялары (ICMA) тарабынан белгиленген Эл аралык принциптерге ылайык чыгарылат. Социалдык облигацияларды чыгаруу долбоорун текшерүүнү (верификацияны) ICMA жана Climate Bonds Initiative тарабынан аккредиттелген Борбордук Азиядагы жападан жалгыз компания болгон Астана Жашыл Каржы Борбору GFC жүргүзөт. Мисалы, Казакстандын рыногунда, GFC маалыматы боюнча, жашыл облигациялардын жана
кредиттердин 60% Жашыл Каржы Борбору тарабынан текшерилген жана Global Green Finance Index боюнча Чыгыш Европада жана Борбордук Азияда №1 эл аралык таанууга ээ болгон.
Облигацияларды сатып алуу үчүн арызды www.inet.kg сайтына калтырсаңыз болот. Иш-чарадагы сүрөттөр
алардын негизинде жеке сектор тарабынан сатылып алынды. Биринчи кайрылгандардын катарында «Кыргызстан пенсиялык топтоо фонду» ААКсы, «Азия Банкынын» акционери Ли Джонг Бек, бизнесмен Жумабек Салымбеков, World Class компаниясынын башкы директору. Маалымат үчүн:
Социалдык облигациялардын чыгарылышы классикалык облигациялардан айырмачылыктарынын бири, биринчилери максаттуу облигациялар болуп саналат, алардан тартылган каражаттар социалдык долбоорлорго багытталып, Капитал рынокторунун Эл аралык ассоциациялары (ICMA) тарабынан белгиленген Эл аралык принциптерге ылайык чыгарылат. Социалдык облигацияларды чыгаруу долбоорун текшерүүнү (верификацияны) ICMA жана Climate Bonds Initiative тарабынан аккредиттелген Борбордук Азиядагы жападан жалгыз компания болгон Астана Жашыл Каржы Борбору GFC жүргүзөт. Мисалы, Казакстандын рыногунда, GFC маалыматы боюнча, жашыл облигациялардын жана
кредиттердин 60% Жашыл Каржы Борбору тарабынан текшерилген жана Global Green Finance Index боюнча Чыгыш Европада жана Борбордук Азияда №1 эл аралык таанууга ээ болгон.
Облигацияларды сатып алуу үчүн арызды www.inet.kg сайтына калтырсаңыз болот. Иш-чарадагы сүрөттөр
1 of 5
Latest Resources
1 / 11
Ресурстар
01 апрель 2022
Ресурстар
07 октябрь 2021
Ресурстар
10 март 2021
Ресурстар
03 март 2021
1 / 11